Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун 69 жаштагы тургуну Зинаида Молдалиева жеке юридикалык жардам көрсөтүп келет. Кызмат учурундагы кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди. «Мен 1969-жылы мектепти аяктап, Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга тапшыргам. Ал жактан укук таануу бөлүмүн бүтүрүп, Бишкектеги милиция мектебине тапшырдым. 1977-жылы кадр кызматы мени Тажикстандын Мургаб районуна жөнөтүүгө чечим кабыл алды. Ошол убакта турмушка чыккан болчумун.…