Антрополог Тобиас Маршалл 2015-2019-жылдар аралыгында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоолорду байырлаган көчмөн эл менен 11 ай жашаган.
Анын сүрөттөрү Памирде жашаган кыргыздардын жашоо-турмуш чагылдырат. Бул аймакта эки ай гана жаз болуп, калган учурда абанын температурасы 0дөн такыр көтөрүлбөйт.
| |
| Памир кыргыздарынын балдары. Кичинекей баланын далысына ата-энеси тумар тагып коюшкан. Медициналык жардам алуу өтө сейрек кездешкен бул аймактагы жергиликтүү тургандар "тумар баланы оору-сыркоодон сактайт" деп ишенишет. |
|
| Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Вахан коридорунда Памир кыргыздарына таандык мал жайылып жүрөт. |
|
| Кичи Памирдеги Хашт-Гозе аймагында жайгашкан көчмөн элдин кыштоосу. Бул жерде бышкан кирпичтен курулган конок үйү, мечит жана дубалы таштан тургузулган короо бар. |
|
| Курман айт күнү жайылган дастаркон. Тамак-аштын артынан конокторго жуурат, койдун куйругунун майы кошулган чай сунулат. |
|
| Памир тоолорунун боорундагы жалгыз аяк жол менен Гоз-Хуне өрөөнүнүн ылдый жагында жайгашкан базарды көздөй бара жаткан эки өркөчтүү төөлөр. |
|
| Памирлик кыргыз аял жаңы кийим тигиш үчүн таарды кылдат кесип жатат. Баласы анын ишине көз салып жаткан учуру. |
|
| Жай аяктап жердин бетин муз каптаган учурда малга кышкы тоют чогултулат. Ал үчүн жергиликтүү тургундар сугат жерлердеги чөптөрдү колго оруп, чогултушат. |
|
| Нан, чай жана таш туз - памир кыргыздарынын кадимки нанүштөсү. Кээде гана дастарконго быштак коюлат. Кечки тамакка эт менен күрүч. Памир кыргыздарынын туура эмес тамактануусунан улам аларда жашылча-жемиштерден жана мөмө-жемиштен ала турган витаминдердин жетишсиздиги байкалат. |
|
| Самаат Хан Кыргызстанга жер которуп кеткен туугандарынын малын карап Памирде калган. |
|
| Кыштоодогу бышкан кирпичтен курулган үйдө китеп окуп жаткан кыз. |
|
| Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоодо жашаган көчмөн элдин боз үйлөрү. |
|
| Памир көчмөндөрү жайдын аягында боз үйлөрүн чогултуп, кыштоого бара жатат. |
|
| Кыштоодогу топурактан салынган сокмо дубалдар тургундарды кышкы шамалдан сактаса, таштан тургузулган короо түнкүсүн малды жырткычтардан коргойт. |
|
| Бийик тоо ашуулары Вахан коридорун жогорку Памир тоолорунан бөлүп турат. |
|
| Кечке жуук малын дүрбүдөн карап жаткан киши. |
|
| Улуу Памир менен Кичи Памирди бириктирген Вахан коридорунун картадан көрүнүшү. Ооганстан. |