Этникалык кыргыздар

Кызыл-Рабат жамааты өнүгүүнүн жолунда

Кызыл-Рабат жамааты өнүгүүнүн жолунда

-Осмонбаев Эрдөөлат Келдибекович, алгачкы сөздү сиз жетектеген жамааттан баштасак; Кызыл-Рабат жамааты жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз. -Албетте, баарына белгилүү болгондой, Кызыл-Рабат жамааты Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна караштуу Мургаб районунун чыгыш түндүгүнөн орун алган. Аянты 4.6 миң чарчы километр, деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктиктеги аянттарыбыз бар. Кызыл-Рабат жамааты 1932 жылы уюшулган. Жамаатыбыз Тажикстандын борборунан 1095 км алыстыкта жайгашкан. Кызыл-Рабат жамаатында…

Өгөй баладай томсоргон Сары-Могол

Өгөй баладай томсоргон Сары-Могол

Кеңешбек Сайназаров менен туулган айылы Сары-Моголдун 17 жыл илгери Кыргызстандын курамына өткөндөн бери чечилбей келаткан маселелери тууралуу баарлаштык. - Кеңешбек мырза, кичи мекениңиз Сары-Могол айылы азыр Кыргызстандын Алай районунун курамында экен. Айылыңыздар Кыргызстандын курамына өткөндө бардыгыбыз кубанганбыз. Өз республикасына кайра кошулгандан кийинки бул айылдын азыркы жагдайы кандай? - Кандайдыр бир себептерден – кайдыгерликтенби же башка жүйөлөрдөн уламбы, айтор,…

Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген үй бүлөгө там салып беришти

Ат-Башыда демөөрчүлөр Памирден келген үй бүлөгө там салып беришти

Мамлекеттик миграция кызматы Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 11 турак жай курулуп жатканын кабарлаган. Ат-Башынын Терек-Суу айылында жашаган памирлик кыргыз үй-бүлөсүнө демөөрчүлөр төрт бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аймактык кабарчы билдирди. Анын айтымында, Хабибилла Мухамматкул уулу Кыргызстанга Кичи Памирден 2018-жылы келген. "Ал эки жылдан бери Терек-Суу айылында үй-бүлөсү…

Асан Парманов, сүрөтчү: “Ар бир сүрөтчүнүн эмгеги өзүнчө баалуу”

Асан Парманов, сүрөтчү: “Ар бир сүрөтчүнүн эмгеги өзүнчө баалуу”

Биз көрүп, тааныган дүйнөнү көз менен эле эмес жан дүйнө менен да туюп аны кагаз бетине түшүргөн сүрөтчүлөр арасында мургабдык мекендешибиз Асан Парманов да бар. Каарманыбыз учурда Дубайда эмгектенет. «Европалыктар искусствону өзгөчө баалашат» деген сүрөтчү бул өнөрдүн артынан тапкан ийгиликтери, кызыктуу окуялары тууралуу айтып берди. «Чоӊ энемден өткөн өнөр» - Мен 1993 жылы Тажикстандын Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында туулуп…

Мургаб районунун жамааттарынын төрагалары

Мургаб районунун жамааттарынын төрагалары

Тажикстан мамлекети Эгемендүү болгонуна 30 жылга кадам таштап, ушул жылдар ичинде Өлкөбүз ийгиликтерге жетишип өлкөбүздө көптөгөн ири курулуштар курулуп, ишканалар ишке кирип кандай гана өнүгүү Өлкөбүздө болбосун анын жетишкенине сиздер менен бирге күбө болуп келебиз. Бул жетишкендиктерге Улут Ажосу, тынчтыкты жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү өлкө Президенти Эмомали Рахмондун салымы өтө чоң десем жаңылбаймын. Буга мисал: Республикабызда ири объектидеги Рогун ГЭСи,…

Хантемир Төлөнбаевич улуу кесиптин ээси (сүрөт)

Хантемир Төлөнбаевич улуу кесиптин ээси (сүрөт)

Мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында келечек муундарга чарчабай-чаалыкпай таалим-тарбия берип келаткан сыймыктуу кесиптин ээси Джапаров Хантемир Төлөнбаевичди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз жана иштеринде мыкты жетишкендиктерди каалайбыз. Хантемир Төлөнбаевич отуз жылдан ашык агартуучулук эмгек жолунда жетекчи болобу, жөнөкөй мугалим болобу, өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарууда. Джапаров Хантемир Төлөнбаевич Тажик Республикасынын Мургаб районунда 1964 жылы 1-апрелде төрөлгөн.…

Страница 16 из 126