Асан Парманов, сүрөтчү: “Ар бир сүрөтчүнүн эмгеги өзүнчө баалуу”

asan-parmanov 2Биз көрүп, тааныган дүйнөнү көз менен эле эмес жан дүйнө менен да туюп аны кагаз бетине түшүргөн сүрөтчүлөр арасында мургабдык мекендешибиз Асан Парманов да бар. Каарманыбыз учурда Дубайда эмгектенет. «Европалыктар искусствону өзгөчө баалашат» деген сүрөтчү бул өнөрдүн артынан тапкан ийгиликтери, кызыктуу окуялары тууралуу айтып берди.

 

«Чоӊ энемден өткөн өнөр»

- Мен 1993 жылы Тажикстандын Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында туулуп – өскөнмүн. Эгиздин түгөйүмүн, Yсөн экөөбүз сүрөтчүлүккө кичинекей кезибизден кызыгып чоӊойдук. Сүрөт тартуу өнөрү чоӊ энемден өткөн десем жарашчудай. Себеби, энебиз колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер аял. Качан көрбөйүн бир нерсе тартып, жасап жаны жай алчу эмес. Атам дагы сүрөттү жакшы тартат. Мектепте окуп жүргөнүбүздө Yсөн экөөбүз ар кандай коомдук иш чараларда түрдүү сүрөттөрдү тартып берчүбүз. Орто мектепти аяктап, сүрөтчүлүк өнөрдү кесип катары алып кетишибизге агам Хамиддин орду чоӊ. Биз мектепте окуп жүргөндө ал Бишкектеги Чокморов училищесин аяктап келген эле. Ал аркылуу сүрөт тартуунун базалык билимин алууга мүмкүнчүлүк болду.

 

«Пейзаж тартуу жүрөгүмө жакын»

- Орто мектепти аяктап, Yсөн экөөбүз теӊ бир тармакты тандаганбыз. Бишкектеги Кыргыз-түрк Манас университетинин көркөм өнөр факультетин аяктадык. Yсөн графика дизайн бөлүмүн, мен живопись бөлүмүн. Өзүм тоолук болгондуктан, пейзаж тарткандан ырахат алам. Бирок акыркы мезгилде жумушума байланыштуу көбүнчө портрет тартуу менен алекмин. Портретти тартуу татаал, адамдын жүзүн окшоштуруп тартуу менен бирге анын мүнөзүн дагы чагылдыруу зарыл болот. Башында окшошпой калган үчүн буюртмасын албай, таштап салган учурлар дагы болгон.

 

«Дубайга жетелеген сунуш…»

- Университетти аяктап, Бишкекте бир канча ай жеке иштер менен алектенип жүрүп калдым. Жумуш издөөгө аракет кылдым. Бирок, ал жакта жеке студияӊ же эч болбосо сүрөт тартууга шарт болбосо сүрөтчүлүк өнөрдү өркүндөтүп кетүү кыйыныраак.

 

Бир күнү Араб Эмиратында иштеген таанышым «бир жерге сүрөтчү керек болуп жатыптыр, эмгектериӊди жөнөтүп көрбөйсүӊбү» деп сунуштап калды. Интернет аркылуу байланышып, таркан сүрөттөрүмдү жибердим. Дароо кабыл алышып, бир жумадан кийин виза даярдап, билет алып коюшуптур. Ошентип бул жакта иштеп калдым. Дубайдын архитектуралык жана технологиялык жактан абдан өнүккөн, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин мурдатан эле билип, атүгүл кызыгып жүрчүмүн. Дубайда иштөө сунушу жашоомо чоӊ өзгөртүү киргизди. Албетте, башында ар кандай кыйынчылыктарга туш болдум. Ага карабастан бир дагы жолу бул чечимим үчүн бушайман болгон жокмун.

 

«Импрессионизм жанрын өзгөчө жактырам»

- Ар бир сүрөтчүнүн эмгеги, тарткан сүрөтү өзүнчө баалуу. Ошондуктан мен үчүн белгилүү, улуу сүрөтчүлөрдүн баары зор мааниге ээ. Кимдир бирөөсүн кумир туткандан алысмын. Ошентсе да, импрессионизм жанрын өзгөчө жактырам. Клод Моне, Ренуар, Эдгар Дега сыяктуу сүрөтчүлөрдүн эмгектерин баалап, кызыгам. Ал эми орус сүрөтчүлөрүнөн Серовду жактырам. Сүрөт тартуу үчүн атайын убакыт бөлүү деген нерсе жок, кээде түн ичи менен иштеп чыксам, кээде эрте менен башталат. Эӊ негизгиси жан дүйнөмдүн тынчтыгы. Кандай кырдаал болбосун өзүмдү сүрөт тартууга даярдап, ал инсандын сырткы келбетин эле эмес жан дүйнөсүн да көрө билишим керек болот. Ошондо гана мыкты эмгек жаралат. Өз эмгегиӊден алкыш укканда тандаган жолуӊа ыраазы болосуӊ.

 

«Эгиздердин сүрөтүн тартам деп…»

- Жумушумда кызыктуу окуялар көп болот. Бир күнү бири-бирине куюп койгондой окшош, эгиз финляндиялык балдар келишти. Портретин тартууга буюртма алдым. Балдардын ата-энеси «экөөнүн сырткы келбети окшош болгону менен мүнөзү такыр башка, портретке ошол айырмачылыктар түшүшү керек» деди. Сүрөттү тартып жатып аябай кыжаалат болдум. Абдан жүдөгөнүм эсимде. Эӊ кыйын тапшырма болгон мен үчүн. Бактыга жараша, портрет ийгиликтүү аяктап, балдардын ата-энесине көрсөттүм. Алар экөөнүн айырмасын даана чагылдырганымды айтып, ыраазычылык билдиришкен. Мындай кырдаалга көп эле кабылам. Кардарга жакканын, «рахмат» деген сөзүн укканга чейин бир канча ойлоносуӊ.

 

«Портретти көбүнчө европалыктар тарттырышат» -

Эӊ биринчи тарткан сүрөтүм эсимде жок, бирок кичинекей кезимде тарткан сүрөттөрүмдү унутпайм. Аларды балалык сезим менен тартканым үчүн башкача көрүнөт. Европалык адамдар искусствону өзгөчө баалашат эмеспи, мындан улам көп учурда буюртманы европалыктар беришет.

 

Буюрса, алдыда койгон максаттарым чоӊ. Талыкпай иштеп, өнөрүмдү дагы өнүктүрүү максатым бар. Кыргызстанда өзүнүн студиясын ачууну каалаган жаштар менен тажрыйба алмашып, билгенимди бөлүшүп, билбегенимди үйрөнүүнү каалайт элем. Анткени, сүрөтчү үчүн тажрыйба алмашуу суудай эле керек нерсе. Дүйнө тааным кеӊейет. Канча көп эмгек көргөн сайын ошончо идея, эргүү пайда болот. Ал эми сүрөтчү үчүн жаӊы идея, эргүү өтө маанилүү. Себеби, сүрөттүн кайсы түрү болбосун жан дүйнөӊ менен сезип тартпасаӊ өз максатына жетпей калат. Сүрөттөгү кооздук портретте же пейзажда эмес, чыныгы кооздук сүрөтчүнүн жан дүйнөсүндө.

 

«Бош убактымда музыкага көӊүл бурам» -

Убакытты туура пайдалануу ар бир адам үчүн өтө маанилүү. Бизде жаштыкта убакытты текке кетиребиз да, качан колубуз, бутубуз турмуш түйшүктөрү менен байланганда «аттиӊ» деп кала беребиз. Жашмын, али алдыда деген ой болбошу керек. Убакыт барында бардык нерсеге аракет кылып көрүү керек. Кызыгууларыӊ менен алектен. Мен убакытты туура пайдаланууну жумушумду баштаганда үйрөндүм. Бош убактым аз, дайым бир нерсени жаратуу, ойлоп табуу, өзгөчөлүк издөө менен күнүм өтөт. Кичинекейимден сүрөт тартуудан башка музыкага абдан кызыкчумун. Азыр бир аз убактым боло калса эле музыкага көӊүл бурам. Пианино ойнойм, аккордеондо ырдайм. Мындан сырткары китеп окуйм. Мындайда мээ эс алат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены