Мекен! Топурагын басып, абасын жутуп жүргөндө анча кадырын билбейсиң. Башка жерде жашоого аргасыз болсоң бир ууч топурагына, абасына, жытына, ал тургай чымчыгынын сайраганына куса болосуң. Учурда Туркиянын Ван шаарында жашаган кыргыздар тууралуу изилдеп, баарлашып жатып кыргыз десе көздөрү чачыраган сүйүүнү сездим. Вандагы жашоо турмушту вандык кыргыз Мошал Гүвен, Абдулметин Кескин агалар баяндап беришти. Кыргыздын акыркы ханы Рахманкул - Тарыхта…