Түркиядагы Ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан 14-майда 65 жашында жүрөк оорудан каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун уулу Памир Ватан кабарлады. Абдулхалим Ватан 1955-жылы Бадахшанда туулуп, өмүр бою памирлик кыргыздардын биримдигине жана өнүгүшүнө салым кошуп келген. 1982-жылы памирлик кыргыздар менен Түркиянын Ван аймагына көчүп барып, отурукташып калган. Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын Түркияда изилдеп, Улуу Памир…