Ооганстанда жашаган ондогон кыргыздар "Талибан" кыймылынын чабуулдарынан качып, Тажикстанга жер которууга аргасыз болгонун коңшу өлкөнүн мамлекеттик "Ховар" жаңылыктар агенттиги 14-июлда кабарлады. Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар. "Учурда качкындар Мургаб районунун…