Балдарды талаа жумушуна жалдап иштетип, эмгек акысын бербей койгон дыйкандын амалын «аңга» салган 36 жаштагы милициянын лейтенанты Анара Айтиева Чүйдүн Панфилов РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү. Анын жашоосу, өспүрүмдөр менен иштөөдөгү тажрыйбасы менен аймактык кабарчы таанышты. «Өспүрүмдөр менен иштөө эмнегедир бөтөнчө. Алардын дүйнөсү таза, кыялкеч. Балдардын жашоосу менен таанышып, баарлаша келгенде көз алдыма балалык күндөрүм тартылат. Ооба,…