Кызыл-Рабат жамааты өнүгүүнүн жолунда

Кызыл-Рабат жамааты өнүгүүнүн жолунда

-Осмонбаев Эрдөөлат Келдибекович, алгачкы сөздү сиз жетектеген жамааттан баштасак; Кызыл-Рабат жамааты жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз.


-Албетте, баарына белгилүү болгондой, Кызыл-Рабат жамааты Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна караштуу Мургаб районунун чыгыш түндүгүнөн орун алган. Аянты 4.6 миң чарчы километр, деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктиктеги аянттарыбыз бар. Кызыл-Рабат жамааты 1932 жылы уюшулган. Жамаатыбыз Тажикстандын борборунан 1095 км алыстыкта жайгашкан. Кызыл-Рабат жамаатында калк отурукташкан Токтомуш жана Шаймак айылдары жайгашкан. Жамааттын тарыхына токтолсом: 1932-жылы Чеш-Төбө өзүнчө кыштак Совети болгон, Чеш-Төбө кыштак Советинин эң биринчи төрагасы болуп Элчибаев Каландар шайланган. 1934 жылыдарда Токтомуштан Кызыл-Рабаттын белине чейин Кызыл-Рабат кыштак Совети деп уюштурулуп, анын төрагасы Молдо Нишан дайындалган экен. Негизги жамааттын өндүрүштүк тармагы мал чарбачылыгы болуп эсептелет. 1940-1941 жылдары алгачкы жолу Кызыл-Рабат кыштак Советинде эки колхоз болуп уюштурулган. Анда 9 миңден ашуун майда мал, 3 минге жакын ири мал болгон. “Киров” колхозунда майда малдын башы кийин 30-35 миңге, ал эми ири малдын башы 7 миңге жеткен. Шаймак айылынан Тузакчы участкасына чейин ”Комсомол” колхозу болуп, колхоздун алгачкы председатели Сатикулов Ибраим шайланган. Ал эми Токтомуш кыштагына караштуу “Киров” колхозу болуп, анын алгачкы председатели Жээналив Исак шайланган. 1944 жылы Жетим-Жал “Сталинчи” колхоз болуп өзүнчө бөлүнүп, колхоздун председатели болуп Жанжигитов Сатыбалды шайланат. 1952-1953 жылдары ”Комсомол”, “Сталинчи” жана “Калинин” колхоздорун бириктирилип, “Киров” совхозу болгон. Ал эми азыркы Кызыл-Рабат жамааттында: Беш кыштак бар Токтомуш, Шаймак, Чеш-Төбө, Кызыл-Горум жана Ак-Бейит кыштактары. Ошондой эле жамаатыбызда бир фермерлик ”Ак-Суу” чарба ассоцияци- ясы, эки мектеби: Т. Сатылганов атындагы №2 жана Шаймак айылындагы №11 жалпы орто билим берүү мекемеси, эки мектеп интернаты, эки мектепке чейин даярдоо классы, үч китепкана, бир маданий үйү, бир айылдык клуб, бир бала бакча, бир айылдык ооруканасы жана үч меди- циналык үйү жана он бир көчөсү бар. Жалпы жамаат боюнча 462 кожолук катталып, жалпы калкынын саны 1750 адам жашайт. Эгемендүүлүк жылдарындагы калкыбыздын жашоо-турмушу бүгүнкү базар экономикасына жараша алга жылып, өлкө эгемендүүлүгүнүн шарапаты менен жамаатыбызда көптөгөн жаңылыктар болууда.

 

-Кечиресиз, мен да Эгемендүүлүк жылдарындагы жана Улуттук Биримдиктин мезгилиндеги жамаатын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсү, 2019-2021-жылдары “Айылдарды, туризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жылдарындагы” жана Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата даярдыктардагы иш чаралар тууралуу айтып берсеңиз...

 

-Ооба, Союз курамы таркап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан кийин, Улуттук Биримдиктин бул жылдарында, туурусун айтсак өтө эле көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылыктар Кызыл-Рабат жамаатында болду десем жаңылбаймын. Албетте, Улут Ажосу, өлкө Президенти Эмомали Рахмондун көрөгөч саясатын, Тажикстан Өкмөтүнүн, областык жана райондук өкмөттөрүнүн колдоолорун айтпай коюуга болбойт. Эгемендүүлүктүн жылдарында 2017-жылы Токтомуш айылында аймактык заман бап ооруукананын имараты курулуп ишке берилди, Токтомуш, Шаймак айылдарында “Нурфарм” аптекасынын филиалы ачылды, ооруукана тез жардам машинасы менен камсыз болду, Кызыл-Рабат-Мургаб-Кызыл-Рабат жолунда каттоочу эл үчүн автобус сатып алынды, №2 Т. Сатылганов атындагы жалпыга билим берүү мекемесинин үстү чатырланды, Токтомуш, Шаймак айылдарында жайлоого кетүүчү жолдогу Ак-суу дарыясына көпүрөө курулду, Кызыл-Рабат жамаатында үн алгы техникалык каражаттары менен камсыз болду, Токтомуш, Шаймак айылдык клубтар улуттук музыкалык аспаптар менен камсыздалды, Токтомуш айылында балдар ойноочу эмеректер алынып, атайын балдар ойноочу парк ачылды, Шаймак айылындагы медициналык үйү капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Сегиз суу алуучу насостор курулду, Кийим тигүүчү жана сүт иштетүүчү цехтер ачылды. Жер-жемиш өстүрүүчү күнөсканалар, жеке мончолор курулду, 2012-жылы мобилдик (уюлдук) телефон байланышы ишке кирип, МЛТ станциясы курулду. Ушул жылдары элдин чыгаан уулдары жана согуш ветерандарынын ысымдары: Назар Карабаев, Аширов Айткулу, Жүниев Токур көчөлөргө ыйгарылды. Ал эми Кудайбердиев Куттугалинин ысымы Шаймак айылындагы №11 жалпыга би- лим берүү мекемесине ыйгарылмакчы. 2016-жылы Тажикстан Республикасынын ТБАО Өкмөтү тарабынан “Кызыл-Рабат жамаатын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдардагы Программасы” кабыл алынып, бекитилген.

 

-Ыракмат, максатка жетиңиздер. Эми жана Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата даярдыктары жөнүндө өтүлүүчү иш чара, маарекелер боюнча токтоло кетсеңиз.

 

-Ырас, Тынчтыктын жана биримдиктин негиздөөчүсү, Улут ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти улуу урматтуу Эмомали Рахмондун туруктуу жана өнүгүү жолундагы саясатын жана Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Облусунун төрагасы 2016 жылы 22-ноябрда №408 “2016-2020 жылдарда Мургаб районунун жамааттарын социалдык жана экономикалык өнүктүрүү Программасын” кабыл алынган. Бул программаны аткарлышы боюнча Кызыл-Рабат жамаатында да атайын иш чара кабыл алынып, программанын негизинде жаматта алгылыктуу иштер болуп жатат. Айта кетсем жогорудагы айтылган социалдык экономикалык же- тишкендиктер менен быйылкы жылыда көптөгөн иштер болду. Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата даярдыктар жана ТБАОнун төрагасынын 28.02.2020 жылдагы №55 “ТБАОнун жергиликтүү калкы отрукташкан жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыялаган чечиминин негизинде Мургаб районунун төрайымынын 2020 жылы 3-апрель айындагы иш чарасынын аткарлышы боюнча Кызыл-рабат жамаатында жогорку деңгээлде иштер алып барылды. Биринчи эле Токтомуш, Шаймак айылында мектеп, оруукана жана жеке үйлөргө талдын көчөттөрүн имараттардын алдына отургузуудан баштадык... деп сөзүн уланты. Ал эми жамааттын жашоочулары жеке үйлөрүнү ремонттоп, агартып, короо-жай, үйлөрүбүздү иретке келтирип, көчөлөрүбүздү тазалап дегендей, кыскасы 30 жылдыкка даярдык көрүүдөбүз. ошондой эле жамаатта Чач тарачкана, 4 суу алынуучу кудуктар, күнөскана (теплица), мончо, саякатчылар үчүн заманбап ажаткана, Чеш-төбө участкасына баруучу жолдогу Ак-суу дарыясына көпүрө курулуштары курулуп жакында ишке берилди. Ошондой эле Токтомуш жана Шаймак айылдарына жаштар үчүн жаңы спорт залдын имааратын курулуусу пландаштырылып жатат. Ал эми Шаймак айылында 6 койкалуу больницанын ачылуусу МБЖАОнын иш планына киргизилип, эски мектептин имараты Шаймак айылынын жашоочулары тарабынан ремонт болууда. Жамаатта жаңыдан Тажикстандын Республикасынын баатырлары жөнүндө жасалгалар жасалып, Президенттин нуска сөздөрү жазылган тактайчалар орнотулду. Кызыл-рабат жамаатында Эгемендүү өлкөбүздүн көзкарандысыз мамлекетүүлүгүнүн 30-жылдыгына арналган жаштар арасында “Ыр-кесе” конкурсу жана көчөлөр арасында үлгүлүү үй, үлгүлүү көчө уюштурулду. Ошонун негизинде жалпы жамаатын жашоочулары, жамааттагы мекеме-уюмдардын кызматчылары иштеп жатышат. Негизги максатыбы ушул бизге ишенип тапшырылган иштерди убагында, так аткаруу. Азыркы учурда бир гана максатыбыз Сиз айткан Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын жакшы даярдыктар менен өткөрүп алуу.

 

-Жакшы, ылайым алдыңыздардагы ишиңиздерди илгерилетип алышыңыздарга тилектешпиз. Айтыңызчы, жакында Республикабызда саясий иш чара болмок, буга азыртан даярдыктар болуп жатабы...

 

–Ырахмат, Ооба алдыбыздагы Президенттик шайлоода жакындап калды бул чоң саясий иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүшкө аракет жасайбыз.

 

-Маегиңизге чоң ыракмат, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Бар болуңуздар!

 

ОСМОНБАЕВ ЭРДӨӨЛАТ КЕЛДИБЕКОВИЧ

kyzyl-rabat-zhamaaty-n-g-n-n-zholunda 2Осмонбаев Эрдөөлат Келдибекович 1971-жылы 28-мартта Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш айылында туулган. 1979-жылы Киров атындагы №4 орто мектебине биринчи класска кирип, аны 1989-жылы бүткөн. Ошол жылы Кыргызстан Республикасынын Ош шаарынын педагогикалык университетинин башталгыч класстарынын факультетине тапшырган. Институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун 1995-1997-жылга чейин №2 орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ошол эле жылы №2 мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып эмгектенет. 1998 жылы апрель айынан 1999 жылдын сентябрь айына чейин Кызыл-Рабат жамаатында базар жетекчиси болуп эмгектенет. 1999-2004 жылдарды Кызыл-Рабат жамаатында жер ченегич адиси, 2004-2007 жылдары Кулма №20 пунктунда көзөмөлдөө инспектору, 2007-2009 жылдын сентябрь айына чейин Кызыл-Рабат жамаатында санак (статистика) кызматкери, 2010 жылдын август айынан ошол эле жамаатта каада салтты жөнгө салуу адиси болуп эмгектенет. 2010-2011жылдын август айына чейин жамааттын төрагасы, 2011-2013 жылдын март айынан чейин жамаатта уландарды аскерге каттоо испектору, 2013 жылы март айынан баштап кайра Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы болуп иштеп келе жатат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены