Этникалык кыргыздар

Кайрылмандардын укуктук статусу кандай? (видео)

Кайрылмандардын укуктук статусу кандай? (видео)

Акыркы көрсөтүбүздө кайрылмандардын паспортту жана башка документтерди алууда кандай тосколдуктар менен дуушар болуп жатканын айтып бергенбиз. Эми кайрылмандардын укуктук статусу жөнүндө кеп кылмакчыбыз. 2007 жылы этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын автору – Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров. Кайрылмандардын турмушу мал багуу жана дыйканчылык менен тыгыз байланышта. Ошондуктан алар үчүн жер маселеси – эн маанилүү.…

Кайрылмандардын укугун бузган МККнын кызматкерлерине чара көрүү талап кылынды

Кайрылмандардын укугун бузган МККнын кызматкерлерине чара көрүү талап кылынды

Акыйкатчы Токон Мамытов эки кайрылмандын укуктары бузулганы үчүн МКК жетекчиси Акын Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Акыйкатчы кайрылмандардын укуктарынын бузулушуна жол берген мамкаттоонун кызматкерлерине тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылды. Мамытов ошондой эле, кайрылмандардын макамын узартып, алардын жарандык алуу үчүн укуктарын калыбына келтирүүнү өтүндү. Эмне болду эле? Акыйкатчы институту билдиргендей, аларга Ш. Б. жана Н.…

Кайрылмандар: Ийгиликке карай жол (видео)

Кайрылмандар: Ийгиликке карай жол (видео)

Акыркы жылдары Кыргызстанга 10 минге жакын этникалык кыргыздар кайтып келди. Жергиликтүү эл кайрылмандар жөнүндө эмне билет болду экен? Адатта ММКда “кайрылмандарды” ар кандай көйгөйлөр менен байланыштырат. Бул жумушсуздук, турак жай маселеси, кедейчилик. Бирок бул калыптанган пикирден, айырмаланган башка да мисалдар бар. Гульшанай да кайрылман. Ал Өзбокстандын, Андижан областында жайгашкан, Токтогул айылында төрөлгөн. 2013 жылы тарыхый мекенине кайтып келүүнү чечкен.…

Мургабдагы “Сада” майрамы жана “Дасторкон” сынагы (видео/сүрөт)

Мургабдагы “Сада” майрамы жана “Дасторкон” сынагы (видео/сүрөт)

Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү Мургабда тажик улутунун "Сада" майрамы белгиленди. Расмий түрдө “Сада” майрамы Тажикстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет, бирок ал орто кылымдарга чейин эле белгилүү болгон. Кыш менен коштошууну жана жазды кубанычтуу күтүүнүн символу. Ал “Навруз” майрамынан туура 50 күн мурун белгиленип отко арналган. Ошондой эле майрамда Мургаб районунун жамаатар арасында “Дасторкон” сынагынын биринчи этабы болуп ага…

САРЫ-КОЛ: Ашык (ордо) оюнунун 15-чи чемпионатынын жыйынтыгы (видео/сүрөт)

САРЫ-КОЛ: Ашык (ордо) оюнунун 15-чи чемпионатынын жыйынтыгы (видео/сүрөт)

Сары-Кол өрөөнүнүн борбору Мургабта үстүбүздөгү жылдын 27-31 январь кыштын кычыраган суук күндөрүнө карабастан Мургаб районунун жамаатарынын арасында “Ашык” (ордо) оюну өтө эгиз денгеелде болуп өттү. Жыйынтыгында 1-орунга Ыраң-Көл жамааты, 2-орунга Мургаб жамааты, 3-орунга Бердибаевжамааты ээ болушту. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө райондун төрайымы Раджабзода Хусния тарабынан чемпиондук кубок, дипломдор, сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. //

Турганбай Памири: үч жылда тогуз классты аяктадым (аудио)

Турганбай Памири: үч жылда тогуз классты аяктадым (аудио)

Памирлик кыргыздардын Афганистан, Түркияга барып окуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок салт-санаабызды, улутубузду, тилибизди жоготуп албаш үчүн ата-бабаларыбыз байырлаган жерге кайтуу башкы каалообуз эле. Бул тууралуу Турганбай Памири Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, памирликтер Кыргызстан тууралуу улуттук телеканалдардан маалымат алып турушчу. "Буга чейин араб арибинде жазып келгендиктен орус тамгасын өздөштүрүү кыйынчылык туудурду. Бирок бир жуманын…

Страница 13 из 126