Хантемир Төлөнбаевич улуу кесиптин ээси (сүрөт)

Хантемир Төлөнбаевич улуу кесиптин ээси (сүрөт)

Мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында келечек муундарга чарчабай-чаалыкпай таалим-тарбия берип келаткан сыймыктуу кесиптин ээси Джапаров Хантемир Төлөнбаевичди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз жана иштеринде мыкты жетишкендиктерди каалайбыз.

 

Хантемир Төлөнбаевич отуз жылдан ашык агартуучулук эмгек жолунда жетекчи болобу, жөнөкөй мугалим болобу, өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарууда.

 

Джапаров Хантемир Төлөнбаевич Тажик Республикасынын Мургаб районунда 1964 жылы 1-апрелде төрөлгөн. 1971-1981 жылдары Мургаб районунун В.И. Ленин атындагы №1 орто мектебинде окуган. 1984-1989 жылдары Тажик Республикасынын Коргон -Төбө шаарындагы Г.Шевченко атындагы Душанбе мамлекеттик педагогикалык институтунун филиалында орус тили жана адабияты факультетинде окуган.

 

Хантемир Төлөнбаевич эмгек жолун 1989-1994 жылдары Мургаб районунун Баш-Гүмбөз айылындагы К. Бердибеков атындагы № 7 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөө менен баштаган.

 

Андан кийин 1994-1997 жылдары Ош шаарындагы № 22 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. 1997- жылы турмуш шартына байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районундагы Октябрь айылына көчүп келген. 1997-2000 жылдары Панфилов районундагы Октябрь орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими. 2000-2001 жылдары аталган мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аткарган. 2001 жылдан - азыркы учурга чейин - Чүй облусундагы Панфилов районунун Октябрь орто мектебинин директору болуп эмгектенүүдө.

 

Өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундарга билим берүүдө кошкон салымдары үчүн Хантемир Төлөнбаевич бир топ сыйлыктарга ээ болгон:

2000- жылы Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы

2002 -жылы Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн отличниги

2009 - жылы Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы

2010-жылы Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы

2015 - жылы Панфилов райондук жергиликтүү кеңешинин кошмо жыйынынын төш белгиси

2018 - жылы Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин Ардак грамотасы

 

Ошондой эле райондогу коомдук иштердеги тажрыйбасы да чоң:

2002-2007 жылдары - Панфилов районундагы Райондук Кеңештин депутаты

2007-2012 - жылдары Панфилов районунун Чалдыбар айылдык округундагы Чалдыбар айылдык Кеңешинин депутаты жана төрагасы

2012-2016 - жылдары Панфилов районунун Чалдыбар айылдык округундагы Чалдыбар айылдык Кеңешинин депутаты жана төрагасы

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены