Кытайлык кыргыздарда оттун тартыштыгынан жылкы азайып, ордун "темир тулпарлар" басканына бир топ болуп калды. Кытайдагы эң көп колдонулуучу көлүктөрдүн бири катары мотосикилди айтса болот. Иле обуласынын Көк-Терек кыргыз айылында жашап жаткан кыргыздарда илгери тулпар таптап, күлүк чапкан жайлоолорунда азыр мотосикил менен жүрүшөт. Аталган айылга мотосикил 1990-жылдардын кийинки жарымынан баштап жайыла баштаган. Ал кезде бирин-серин учурай калган темир тулпардан дүркүрөп…