Этникалык кыргыздар

ЭСКИ КЫРГЫЗЧАДА СҮЙЛӨГӨН ВАН КЫРГЫЗДАРЫ

ЭСКИ КЫРГЫЗЧАДА СҮЙЛӨГӨН ВАН КЫРГЫЗДАРЫ

ВАН КЫРГЫЗДАРЫ Бүгүнкү күндө Түркияны жердеген кыргыздар Ван кыргыздары деп аталып келет. Алар түрк жерине Тажикстандын Мургап районунан орус баскынчыларынан качып, Ооганстанга, андан Пакистанга өтүп, Рахманкул хандын башчылыгы астында 1982-жылы Истамбулга ооп барган. Түрк Өкмөтү аларга Ван облусунан атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, оңоп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы кыргыздардын саны 5000ге жетет. Ван кыргыздары турган аймак…

Дүйнө чокусундагы достук

Дүйнө чокусундагы достук

Борбор Азиянын түштүгүндө Тажикистан Республикасы жайгашкан. Тажикстандын чыгыш тарабын Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Облусу ээлейт, ал эми облустун аянтынын 60 пайызы Мургаб районуна таандык. Тоолуу Бадахшан жана Мургаб району (көпчүлүк учурда Памир деп бүткүлааламга белгилүү) деңиз деңгээлинен 3500-7134 метр бийиктикте жайгашкандыктан "Дүйнө Чокусу” деп аталат. Ал эми жергиликтүү кыргыз калкынын диалектисинде Мургаб району Сары-кол болот. Мургаб районуна биринчи жолу келген…

Мургабдыктар кыргыз жылкысына кызыгууда

Мургабдыктар кыргыз жылкысына кызыгууда

Тажикстандын Мургаб жергесин байырлаган кыргыздар жергиликтүү шартка чыдамдуу келген жылкы санын көбөйтүп, аны менен кошо экотуризмди өнүктүрүүгө белсенүүдө. Бул жолу ат жабдыктары боюнча кол өнөрчүлүктү жандантуу максаты менен Бишкекке келишкен мургабдыктар "Азаттыкта” да конок болушту. Алардын бири Курбанбай Раимжанов Мургабдагы элдин жашоо шарты, тиричилиги жөнүндө кеп салып берди. - Курбанбай мырза, сиздер Кыргызстанга ат оюндары боюнча көп каттайсыздар. Бул…

Убайымдуу Умар

Убайымдуу Умар

Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу жардам сурап кайрылган бир жаранга кол сунуп, акчалай кайрым кылды. Бишкектин четиндеги Маевка айылынын тургуну, 3-топтогу майып Умар Турдубеков "Азаттыктын" "Эл үнү" берүүсү аркылуу кыйын турмушта күн кечирип жатканын, үйдө неберелери ачка отурганын айтып, колунда бар кишилерден жок дегенде бир айга сегиз миң сом карыз берип турууну өтүнгөн. Ал Тажикстандын Мургаб районундагы туугандарынан жардам келсе…

Өз мекенинде өгөйлөнгөндөр

Өз мекенинде өгөйлөнгөндөр

Парламентте түпкү теги кыргыздар үчүн жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, жарандык алуунун шарттары бир топ жеңилдемекчи. Бирок Тажикстандан көчүп келген кыргыздар жаңы мыйзамдан майнап чыгарына ишенишпейт. Алар жарандык ала албагандан тышкары, кыргыз бийлиги жана айрым учурда жергиликтүү коомчулук тарабынан жерүүлөргө туш болуп келатканын айтышууда. Мекен деп келгендерге мерез мамиле Кыргызстанга чет жерден көчүп келгендердин көбүн тажикстандык…

Ат оюндары музыканын коштоосунда

Ат оюндары музыканын коштоосунда

Бул аптада Бишкекте ат оюндарына ыр, күү чыгарган өнөрпоздор чакан концерт беришти. Иш-чаранын демилгечиси болгон "Кыргыз аты” мекемесинин жетекчиси Жаклин Рипардын айтымында, алар төрт жылдан бери ат оюндарына арналган ыр-күүлөрдү чогултуу менен алек. Тажикстандын Мургап районунан акын Мамасалы Сатаров жана баткендик чоорчу Ырыспай Закиров карыя "Азаттыкка” келип, өнөрлөрүн көрсөтүп, маек курушту. "Азаттык”: Мамасалы мырза, ат оюндарын ырдын коштоосунда…

Страница 119 из 126