Мургабдык Шумахер

Мургабдык Шумахер

Эрдөөлөт Келдибек уулу Тажикстандагы Мургаб районунда жашайт. Мурда өзү туулган Токтомуш айылында айыл башчысы да болуп турган 41 жаштагы Эрдөөлөт 5-6 миң метр келген Памир тоолорунда УАЗ машинасы менен жүрөт.

Советтик доордон калган бул УАЗ менен кабарчыбыз Жаңыл Жусупжан Ооганстандын чек арасына чейин барып келди. Кийин Эрдөөлөт район борбору Мургабга "Митсубиси" машинесин минип келгенде, аны кабарчыбыз сөзгө тартты.

"Азаттык":

Атаңыз менен келип калыптырсыз, "Митсубисини" минип келиптирсиз, бул жакта ат чабыш фестивалы болуп атат, УАЗды чандыңызбы?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

УАЗ тоого, сууга, жол жок жерлерге жакшы, ал эми "Митсубисини" түз асфальтка мингенге жакшы. Ошондуктан УАЗды орус "Жипи" деп койот, тоолуу жерде жашаган үчүн тоого, арыкка, кыйын жерлерге УАЗ жакшы. Бул унааны болсо шаарларга минебиз. Бирин кырга, бирин түзгө минебиз. Ошондуктан УАЗды таштап койдук.

 

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:


 

 

“Азаттык”:

Ош тарапка баратыптырсыз, ал жол деле бир аз татаал болуш керек?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Ош тарапка Сары-Таштан ары жол жакшы экен, ага жеңил иномаркалар жакшы болот, себеби УАЗ Сары-Таштан жүрбөй калат.

 

"Азаттык":

Атаңызды Ошко ооруканага алып баратасызбы?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Ооба, Ошко дарылантып келгенге жөнөп атабыз.

 

"Азаттык":

Мургабда шарт жокпу?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Мургабда шарт бар. Бир үйүбүз ошол жакта, барып бир аз жүрүп, санаторийде эс алып келбесе болбойт.

 

"Азаттык":

Кыздарыңар ошол жакта, өзүңөр Мургабдын жанында Токтомушта турасыңарбы?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Ооба.

 

"Азаттык":

Силер минген УАЗга отуруп алып, өткөндө барып ар тарапты көрүп келдик, көлдү, сууну, кыргыздын жерлерин Тажикстандагы. Бирок УАЗыңыз чет элдикиби деп калдым.

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Ал УАЗ Союздун унаасы, сапаттуу, биздин шартка ылайыкташтырылып чыгарылган унаалар.

 

"Азаттык":

Чет элдик дегеним, майды көп жейт экен, анын үстүнө аны Жалал-Абаддан алгансыңар, туурабы?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Ооба, мен аны Жалал-Абаддан алып келгем, 15 жылдан бери минем, дагы 15 жыл минем деген ишеничим бар. Себеби өтө бекем, ишеничтүү жана жөнөкөй унаа. Биздин жерде устакана болбогондуктан УАЗдарды оңдоп минсе болот.

 

"Азаттык":

Чынын айтсам, УАЗдын күчүн ушундан көрдүк, биз "Митсубиси" менен Оштон келдик да, Сары-Ташка чейин түз жолдо 30-40 менен жүрдүк, ал эми УАЗ менен тоо-ташта 50-60 менен жүрдүк. Негизи бул тез жүргөн машине окшойт.

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

УАЗ тоо-ташта тез жүрөт. Экинчиден, астыңкы мосту өзүнчө күч коштурат, ылайда, сууда талаага таштабайт, каалаган жериңе жеткирет. Ошондуктан "УАЗды пульт тапканга, "Пажерону" мактанганга мин" деген да сөз чыккан.

 

"Азаттык":

Ооба, УАЗ, топоз жана биз деп да айтат экен, бул жакта өтө керектүү унаа турбайбы.

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Памирде ушундай сөз бар, техникадан УАЗ, өсүмдүктөн терскен, жаныбардан аркар, адамдардан кыргыздар жашай алат деген элдик тамаша сөздөр бар.

 

"Азаттык":

Өзүңөр билсеңер керек, Формула-1 деген мелдеш бар. Ал жерде Михаил Шумахер эң күчтүүсү эмеспи. Сиз дагы абдан катуу айдайт экенсиз, бул жерде УАЗдардын мелдеши болсо катышат белеңиз?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Катышса болот. Себеби УАЗ менен коркпостон кайсы жерге болсо кете берсе болот. Асты пас болуп ташка тиет деген эч кандай коркунуч жок. Ошондуктан каалаган жерге кете берет, вездеход деп койсо болот, ошондуктан коркпостон айдайбыз.

 

"Азаттык":

Жолдор кыйын экен, кээ бир жерлерде Советтер Союзунун мезгилинде курулган көпүрөлөрдү суу алып кетиптир. Суу киргенде өтө албай калган күндөр болду беле?

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

УАЗ менен бир жерден өтүлөт. Анткени дарыяларга салып жүргөн мезгил болот. Өзүн көмүп кетсе да УАЗ өтүп кете берет. Ошондуктан УАЗга өтө чоң ишенич бар. УАЗ кайсы бир жерде калганын мен көргөнүм жок. Ошондуктан УАЗ менен коркпостон каалаган жерлерге бара алабыз. Келген туристтер да УАЗга таң калышып, жакшы унаа экен деп сыймыктанып кетишет.

 

"Азаттык":

Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун.

 

Эрдөөлөт Келдибек уулу:

Сиздерге да рахмат. Кыргыз эли тынч болсун. Дайыма келип, биздин УАЗ менен тамаша кылып тургула.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены