Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусу менен жазылган Манас баянында Манастын ата-бабасы Сары-Колду (Памирди) жердеген. Дегеним, Манасты Ошпур койчусунан алып келатканда Жакып минтет: Чоң атаң аты Ногой деп, Каратып турду Кашкарды, Кара-Шаарга жеткенче Хан атаң Ногой башкарды. Санатын алган Сары-Колду, Ага самаган душман сап болду. Ордо кылган Ополду, Даң-Дуң тоонун…