Этникалык кыргыздар

Мургабда ат майрамы башталды

Мургабда ат майрамы башталды

14-июлда Тажикстандын Мургаб районунда ат чабыш фестивалы башталды. Анын алкагында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш сыяктуу ат оюндары жана айтыш сынагы өткөрүлөт. Ат оюндары Мургаб районунун 80 жылдыгынын урматына белгиленип, Мургабдын өкмөтү жана кыргызстандык “Кыргыз ат” коомдук бирикмеси уюштурууда. Ага райондун алты айылынан он чакты кыргыз жылкылары жана боз үйлөрү менен келишти. "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан да фестивалга күбө болуп…

Кытайлык кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы термечи

Кытайлык кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы термечи

Кытайлык кыргыздардын арасында мукам үнүн комуздун коңур добушуна коштоп, терме айтуу менен угармандардын назарын өзүнө бурган Айсалкын Жунустун дүбүртү катуу чыгып келатат. Акыркы жылдары кытайлык кыргыздардын арасында жаш муундун музыкалык табити көбүнчө эстрадалык ырларга ооп баратканын баамдоо анча кыйын эмес. Ушундай кезде арадан суурулуп чыгып, мукам үнүн комуздун коңур добушуна коштоп, терме айтуу менен угармандар назарын өзүнө бура баштаган Айсалкын…

"Балдарыбыз нукура кыргыз болсун"

"Балдарыбыз нукура кыргыз болсун"

Мария Парманова -Сөзүңүздү угуп отурсам, Мургабдан Кыргызстанга балдардын келечеги үчүн көчүп келген турбайсыздарбы? -Ооба, балдарыбыз үчүн 2003-жылы көчүп келдик. Беш балабыз бар. Кичүүсү бул жакка келгенде төрөлдү. Жолдошум ижарага алып, СТО иштетет. Мен базарга чыгам, үйдө бала багам. Балдарымдын баары мектепте окушат, үйдө бир эле балам калат. Чоң кызым быйыл студент болуп калды. Б.Бейшеналиева атындагы институтта окуйт. -Мургабдыктар тажиктер…

Кытайдагы Кызыл Суу кыргыз областы жөнүндө (видео)

Кытайдагы Кызыл Суу кыргыз областы жөнүндө (видео)

Кызыл Суу кыргыз областы өзүнчө префектура (область болуп ) 1954 жылы июль айында түзүлгөн. Буга чейин Файзабат аймагына каралчу. Бугунку күндө Кызыл Суу кыргыз областында 540 000 адам жашайт. Алардын 28%ин кыргыздар түзөт, болжолу 150-155 000 кыргыздар ар кайсы оодандарда жана борбору Артушта жашашат, калган 72 % калктын составында негизинен уйгур жана хансу улуттары бар. Кызыл Суу кыргыз областынын территориясынын…

Тажикстандагы кыргыздар тамырынан ажырагысы келбейт

Тажикстандагы кыргыздар тамырынан ажырагысы келбейт

Тажикстандын бийликтери этникалык кыргыздарды улуттук тамырынан ажыраткан жапырт тажиктештирүү саясатын жүргүзүп жатканын кыргыз интеллигенциясы айыптап, атайын кайрылуу жолдогон жатат. Алардын жүйөөсүндө, соңку жылдары тажик бийликтери кыргыздар басымдуу жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунда жер-суу аттарын тажикче атап, мектептеги окууну текши тажик тилине которуп, жетекчилик кызматтан кыргыздарды четке сүргөн басмырлоо саясатын жүргүзүүдө. Аким Кожоев Тажикстандан Кыргызстанга журт которгонуна бир жылдан ашты. Ал…

Тажик туугандар кыргыздарды кыйнай берсе, аягы эмне менен бүтөт?

Тажик туугандар кыргыздарды кыйнай берсе, аягы эмне менен бүтөт?

Тажик туугандар кыргыздарды кыйнай берсе, аягы эмне менен бүтөт? Тажикстандагы этникалык кыргыздарга карата тымызын куугунтук жасалып, аргасыздан көчүүгө мажбур болгондор көбөйүп, кыргыз коомчулугуна коңгуроо катары кагылып келет. Айрыкча, Жерге-Тал районунда тажиктештирүү иш чарасы ыкчам жүрүп, кыргыздын духун сындыруу үчүн "туугандарыбыз" дүйнөдө болуп көрбөгөн жоболоңдуу жорукту башташып, кыргызча жер аталыштарын тажикчеге өзгөртүп жатканына күбө болуудабыз. Тилекке каршы, бийлик болсо баягысындай, бүжүрөп…

Страница 116 из 126