Этникалык кыргыздар

Памир кыргыздарынын маданияттык өзгөчөлүктөрү

Памир кыргыздарынын маданияттык өзгөчөлүктөрү

Памир географиялык жактан дүйнөнүн ээн кылкаларынын бири болгонуна карабай, анда олтурукташкан улут жана уруулар маданияттык өзгөчөлүк, кан тиби, улуттук курамы жана уруулук түзүлүшү жагынан аралашмалуу болуп, жеке эле бир түрдүү маданиятка же элге таандык эмес. Бул жерде салынган чоң шаар жок, кеңири кеткен эгинчилик аянттары жана соода базары жок. Тек кана абасы жетишсиз, күн нуру эң аз тийе турган, жашоо…

Ван кыргыздары улуттук тамырдан ажырагысы келбейт

Ван кыргыздары улуттук тамырдан ажырагысы келбейт

Памирлик кыргыздар Түркияга көчүп келгенден бери өткөн отуз жылдай убакыт аралыгында муундар алмашып, Ван көлүн тегеректеп жашаган кыргыздардын бала-чакасы бара-бара ар башка шаарларды байырлап кетишүүдө. Аралык алыстап, убакыт өткөн сайын тил унутулуп, улам кийинки муун көбүрөөк түрктөшүүдө. Бирок улуттук тамырын издеп, Кыргызстанга кайтуу ниетинде жүргөндөрү да бар. Беш жашаар Мелекнур өзүн түрк деп таанып, эс тартууда. Үйүндө гана кыргыз…

Адам касиети

Адам касиети

Бир жайлоого барганыбызда бир үңкүрлөр бар, ошол үнкүрлөрдүн бирин Жайчынын үнкүрү деп коюшат эле. Анан мен сурап, жайчы деген ким болот? дегенимде коңшу эжебиз: – Мерген киши болот. Кыргызга жакшылык кылып, үнкүрлөрдү үй кылып, үңкүрлөргө түнөп, тоодон кийик атып жеп, ушундай элге жакшылык кылып жүргөн адам – деп айткан. Кыргыздардагы куучуну бизде Албарстысы бар, же болбосо кыздары бар киши…

Мургаб району

Мургаб району

Тажикистандын аймагында жайгашкан Мургаб району тарыхтан алып караганда байыркы кыргыздардын жери болгон. Тажикистандын төрттөн бир бөлүгүн ээлеп турат. Эң чоң район. Кыргызстандан салыштырсак, Нарын областы менен тең келе турган район. Ошол жер Сары-Кол аталып, Сары-Колдун жарым кыргыздары Кытайда калган, жарым кыргыздары Памирлик кыргыздар аталып Ооганстанда калган. Жалпы чогулуп келип, Памирлик кыргыздар, Сары-Колдук кыргыздар деп аталат. Мен ошонун азыр Тажикистандын территориясында…

Тарбагатайдагы буддист кыргыздар

Тарбагатайдагы буддист кыргыздар

Кытайдын Тарбагатай аймагынын Дүрбөлжүн ооданында будда динине ишенген 46 түтүн кыргыз үй-бүлө бар. Көбүнчө мал-чарбачылыгы менен күн өткөрүшөт. Оргочор тоосун этектеген ал боордошторго белгилүү кинорежиcсер Марат Сарулу менен бирге барып көрүшүп, баарлашып кайттык. Кышкысын Күрө деген айылда жашаган бул кыргыздар учурда Майтас деп аталган жазгы конушта жаздашат. Быйыл алтымыш жаштарга тайап калган Батынасын Атыган уулунун айтымында, Күрө…

Ош-Мургаб өмүр жолу

Ош-Мургаб өмүр жолу

Ош-Мургаб жолу мургабчылар үчүн өмүр жолуна тете, ошондуктан тажикстандык паракор гаичилер менен чек арачыларга да кайыл. Байтемирдин баяны Тарыхка Памир тракты деген аталыш менен кирген Ош-Хорог жолунун көбүн бийик тоо шартына чыдамдуу жергиликтүү кыргыздардын күчү менен бүткөн. Алардын катарындагы Байтемир Куловдун тагдырын "Делбирим" («Кызыл жоолук жаңжалым») аңгемесинде Чынгыз Айтматов түбөлүккө кагаз бетинде калтырган. Кийин Илиястын аялы Аселди…

Страница 113 из 126