Биз, Ош облусунун тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин жамааты, сиздердин гезитиңиздердин үстүбүздөгү жылдын 11-январындагы №1 санына чыккан Ш.Калыковдун «Кыргыз Туусу» Мургаб, Жерге-Талда» деген макаласын кызыгуу менен окуп чыктык. Анда «Кыргыз Туусу” гезити бүгүнкү күнгө чейин Россиянын, Казакстандын аймагында иштеп жүрүшкөн окурмандары менен ой бөлүшүп келген болсо, жаңы 2013-жылдан баштап Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы кыргыз бир туугандарыбыз жашаган Мургаб, Жерге-Тал…