Этникалык кыргыздар

Памир сактары

Памир сактары

Памирдин археологиялык эстеликтери али начар изилденген. Жазма булактардын маалыматтарынын бир кыйла толук жыйнагы орус окумуштуулары — И. Минаевге жана Н. Аристовго1270 таандык. О. Олуфсен менен А. Стайндын Памирди археологиялык жактан изилдөөлөрү илимди Батыш Памирдин, көпчүлүгүндө Вахан (Ка’ахка, Замрташ-и-параст ж.б.) боюнча айрым сепилдер менен тааныштырды. Чыгыш Памирде, а түгүл Алайда да А.Стайн байыркылардын эстеликтерин көргөн эмес жана алыскы өткөн замандарда бул…

Мургаб: Кара-Көлдүн куурдагы

Мургаб: Кара-Көлдүн куурдагы

БАШЫ... Кыргыз-тажик чек арасын өтүп, Тажикстанга киргенден кийин кыргыздардын Кара-Көл айылына туш келесиз. Кара-көлдүк ишкер айым Айзаданын ашканасына башбагалы. Кыргыз-тажик чек арасынан өткөндөн кийин жарым саат да жүргөн жок окшойбуз, алыстан мунарыктап, көлдүн көгүш кылаасы көзгө урунду. Чатыры жок, акиташ менен акталган төрт бурчтук үйлөр кертилген канттай болуп, көл боюнда чачылып жатты. Чаң баскан айылдын көчөлөрүнөн үрүп чыккан…

Фу-йү кыргыздары

Фу-йү кыргыздары

Илим изилдөө максатында ушу жылдын август айында акчийлик котормочу Анаркүл (көлдүк уруусунан) болуп Фу-йү кыргыздарына жол тарттык. 2001-жылдагы 5 жолку жыл эсептөөсүнүн негизинде Хейлунжан боюнча 1473 адам, анын ичинен Фу-йүда – 1155, Достук айылында – 337, Фу-йү мал чарбалык фермасында 289, Фу-йү базасында – 239, Таха айылында – 209, Лоң-эн-чиао базарында – 46, Фу-хай базарында – 30, Ардао-ванда – 8,…

Оогандык кыргыздарды көчүрүп келүүнүн зарылдыгы жок

Оогандык кыргыздарды көчүрүп келүүнүн зарылдыгы жок

Акылбек Атабаев, “Манас ата” этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы: “Оогандык кыргыздарды көчүрүп келүүнүн зарылдыгы жок” - Акылбек мырза, Кыргызстанга көчүрүп келиш керек деп айтылып аткан оогандык кыргыздар тууралуу сиздин пикириңизди угалы дедик эле. - Оогандагы кыргыздар биздин доорго чейин V кылымдан бери ошол жерде отурукташып келет. Биздин эки облустун аймагындай жери бар. Кыргыздар байыртан ал аймакты кан төгүп коргоп…

Көлүгү мото Көк-Терек

Көлүгү мото Көк-Терек

Кытайлык кыргыздарда оттун тартыштыгынан жылкы азайып, ордун "темир тулпарлар" басканына бир топ болуп калды. Кытайдагы эң көп колдонулуучу көлүктөрдүн бири катары мотосикилди айтса болот. Иле обуласынын Көк-Терек кыргыз айылында жашап жаткан кыргыздарда илгери тулпар таптап, күлүк чапкан жайлоолорунда азыр мотосикил менен жүрүшөт. Аталган айылга мотосикил 1990-жылдардын кийинки жарымынан баштап жайыла баштаган. Ал кезде бирин-серин учурай калган темир тулпардан дүркүрөп…

Памирдеги боордошторго жардам керек

Памирдеги боордошторго жардам керек

Кыргызстандын өкмөтү Ооганстандагы оор шартта жашап жаткан кыргыздарга жардам берүү үчүн быйыл биринчи жолу мамлекеттик бюджетте каражат караштырган жатат. Жаңы жылдын бюджетинде азыр буга каралган каражат жок, бирок парламент сунуштап бекитип берсе өкмөт бюджеттен каражат үлөштүргөнгө макул. Бул жөнүндө бүгүн “Республика” фракциясынын жыйынында Каржы министрлигинин өкүлү маалымат берди. Аталган фракциянын мүчөсү Мирлан Бакировдун айтымында, мамлекеттик жардамдын көлөмүн аныктоо үчүн…

Страница 114 из 125