Мургаб: Таш-Чырак кайра жанабы?

Мургаб: Таш-Чырак кайра жанабы?

Ыран-Көл Тажикстандагы Кытай менен чек аранын жанындагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун эң четки айылы. Бул айылдын тургуну, "Памир кыргыздары" китебинин автору Айдарали Сапарбаевдин үйүндө өз кабарчыбыз болду.

"Азаттык":

Сыртта шамал болуп, катуу куюн болуп атты эле. Азыр кичине күн тийип, тынчып калгандай. Жаныбызда Айдарали Сапарбаев, ушул Ыран-Көл айылында туулган, ушул жерде көп жылдары кыргыз тил, адабият сабагынан мугалим болуп сабак берген агайыбыз. Мен силердин жазган ырлардан баштасам деп турам:

 

Биз бир кезде жапжаш элек жөжөлөрдөй тептегиз,
Азыр биз бойго жетип, жашка келдик он сегиз.
Кош мектебим, кош болгула эже-агайлар,
Кайда болсок окуган күндү эстейбиз,

 

- деп жазган экенсиз. Балалыгыңыз Ыран-Көлдө кандай өттү эле? Азыр эмнелерди эскересиз?

 

Айдарали Сапарбаев:

Жашоодо балалык күндөр ар түрдүү болот. Ар бир жердин табигатына, биздин жекече жашоо шартыбызга карата балалык күндөр эл катарында өттү. Балалык күндөр абдан кызыктуу жана көңүлдүү болот. Мунун эсебинен биздин негизги кесибибиз ата-бабабыздан бери колдонулуп келген айрыкча айыл чарба, мал чарбалыкка байланыштуу. Ошондуктан менин балалык күндөрүм да кой багуу жана табият, кайберендер менен аралаш жүрүү мезгилдерге туура келген.

 

"Сыябандын" аудио вариантын бул жерден угуңуз:


 

 

“Азаттык”:

Мөңгү баскан тоолордо аркарлар, кайберендер менен аралашып жүрүп, бир күнү эле 18 жашка чыгып, Фрунзеге келип калыптырсыз, анан мындай деп жазыптырсыз:

 

Фрунзенин гүл бактарын аралап,
Жайкы-кышкы семестрлер болгондо,
Чогулушуп, сабак окуп, талашып,
Эрте-кечте окуур элек балкондо,

 

- деп. Ошол кандай балкон эле, Фрунзедеги жаштык кезиңиз кандай өттү?

 

Tash jyrak-1Айдарали Сапарбаев:

Жаштык кезде насип буйруп окуйбуз, билим алабыз деп Фрунзе шаарына бардым. Кыргыз элимди, кыргыз жеримди көрөм, ушул жерден билим алам деп эңсеп барып, ал жерде Кыргызстандын ар кайсы бурчтарынан келген жаш студенттер менен тааныш болдук. Ар кимибиз ар жерден болдук, мен Памирден, бир жолдоштор Тян-Шандан, бири Нарындан, бири Ысык-Көлдөн, бири Чүйдөн жана башка жерлерден. Мына ушинтип көптөгөн жолдошторду күттүм, алар менен тааныш болдум. Азыркы күнгө чейин кээ бирлер менен байланышам, студенттик күндөрдү жакшы өткөрдүк, көңүлдүү болгон, биздин мезгилде өтө табигый жана чыныгы наристе сезимдер менен бирибизди бирибиз сыйлаганбыз.

 

“Азаттык”:

Ошол убакта деле жердешчилик бар беле, силерди памирлик кыргыз, же сарыколдук кыргыз дечү беле?

 

Айдарали Сапарбаев:

Мен көбүнчө памирлик деп өзүмдү тааныштырып койчумун. Анан памирлик кыргыздардан экенсиң, ал жерде жашооңор кандай, кайсы мамлекетке карайсыңар деп калчу. Мен Тажикстанга карайбыз, Тажикстандын этегинде турабыз деп түшүнүк берип, алар Памирдеги жашоого кызыгып сурашчу. Биздин жашообуз көпчүлүк жагынан кыргыз туугандарга окшош келебиз, жашоолорубуз бири-бирибизди бириктирип турчу.

 

“Азаттык”:

Анан эле Фрунзенин кечтери, Фрунзеде өткөн жаштык кездер аягына чыгып, мекениңизге кайтып келдиңиз. Ал эми Сары-Кол деген чындыгында Кыргызстанда памирлик кыргыз дейбиз, Сары-Колду анчалык билбейт экенбиз, башка жерден келген Мамажунус ырчы, ырларды чогултканда сиз өзүңүз жазып койгон экенсиз. Ошол Сары-Кол тууралуу айткан экен:

 

Куурай чыкпас куу какыр,
Жерин көрдүк Сары-Колдун,
Гүлжасын атып гөш жеген,
Элин көрдүк Сары-Колдун, - деп.

 

Tash jyrak-1 (1)Ушул сыяктуу ырларды чогулткан экенсиз. Анан алар кийин 20-30 жылдык эмгегиңиз "Памир кыргыздары" деген китеп болуп 2003-жылы чыккан экен. Сиз өмүрүңүздүн жарымын арнаган эмгегиңиздин жыйынтыгы болгон ушул китеп азыр колубузда турат. Эгерде ошол кезди, азыркы күндү салыштырып көрсөңүз, ушул китепте калган ырлар, жомоктор, адамдар бүгүн барбы, же Памир жергеси бир аз тукулжурап калдыбы, анткени Кыргызстанга кеткендер көп экен?

 



Айдарали Сапарбаев:

Бул жөнүндө сөз кылсак, Мамажунус ырчынын ырдаганы деп эл арабызда бир аз сакталып калган ырлардан эле болчу, бул киши өзү Алайдан болуп, Алайдан Кытайга качкын болуп баргандан кийин, анда жүрүп, ал жерден Сары-Колго келип калып, анын көрүнүшүн сиз окуган ырдагыдай сүрөттөгөн экен. Эми азыркы мезгилде маданий турмуш жагынан өсүп-өнүгүү азыркы заманга ылайыктуу анча-мынча өзгөрүүлөр бар. Бирок эски нерселердин, биздин басып өткөндөгү, жашоо шартыбыздагы жасалгалар, маданий тиричилик, чыгармачылык жактарынан өтө эле төмөндөп калды. Анткени азыр даяр нерсеге көңүл бурушуп, акчага сатып алып жатат. Чыгармачылык мурунку изденип, маданий тиричиликтерди, жаңы нерселерди тапкан кудуреттер азыр жоюлуп баратат.

 

“Азаттык”:

Чындап келгенде биз азыр деле көрүп турабыз, бүгүнкү аба ырайы, саратан жай мезгилде шамал болуп, асманды кара булут каптады, кайра ачылып кетти. Өзүңүз “Токоол” деген ырыңызда Сары-Колдун кыш күндөрүн жазган экенсиз, катаал аба ырайын:

 

Кагышып шамал сур булут алты күн катар урушту,
Асман-жер болуп тополоң алсылар араң тынышты, - деп сүрөттөп, анан аягында:

 

Тажрыйба кылган карлар жети токоол өттү дейт,
Көө каптын оозун буугандай айлана жым-жырт мелтирейт.

 

Азыр кара булуттар кетип, кечээкидей көпкөк асман болобу, же бир топко чейин ушундай калабы?

 

Айдарали Сапарбаев:

Ушундай булуттар кээ бир токоол мезгилдерде, ай арасы учурларына туура келгенде эки-үч, беш-алты, он күндөп узап кетет. Жаз күндөрүндө болсо тез ачылып, кайтып бүркөлүп, кайтып жаап аба ырайы өзгөрүүлөргө учурап турат.

 

“Азаттык”:

Бул жакта кышкысын кара суук болуп кар жатпайт экен, ал эми жайкысын көрүп атабыз анча чөп өспөйт, анын үстүнө аба ырайы да өзгөрүп атат десек болобу? Мисалы, мындай деп жазыптырсыз:

 

Жылдагыдай жамгыр жок, сергелектеп чочуган,
Мөңгү жок кырда, чокуда, сайларда суулар ташыган, - деп,

 

экологиялык проблемалар бар окшойт да?

 

Айдарали Сапарбаев:

Ооба, ушундай учурлар көп болот. Кээ бир жылдары биз тажрыйба кылганда ар бир жылдын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, жылкы жылында шамалдуу күн болот, ал эми балык жылдарында суу ташкын, жаан көп жааган жылдар болот деп эсептейбиз. Быйылкы жыл балык жыл, өтө эле кардуу кыш күндөрү, жаз айларында да кардуу, жамгырлуу жана шамалдуу күндөр көп болду. Мындай алганда биздин түшүнүктөргө кандайдыр бир жакындай табигаттын болушу ушул нерселерди жандандырат экен.

 

“Азаттык”:

Бул оң жагынан да өзгөрөт деп ойлойсуз?

 

Айдарали Сапарбаев:

Эми өзгөрүүлөргө учурап, табият жылдар бири бирине окшош болбойт экен, кандай болсо дагы айырмачылыктар бар.

 

“Азаттык”:

Сиздин киндик каныңыз тамган Ыран-Көл кыштагы, бул Ыран-Көл деген сулуу, кооз көл дегенди билдирсе керек?

 

Айдарали Сапарбаев:

Ооба, кооз көл. Ыран деп биз жашыл жерлерди элестетебиз, ыран деген өзү бойок деген түшүнүктү берет.

 

“Азаттык”:

Ыран-Көл жөнүндө сиздин ырыңызды окуп, анан улантсак:

 

Tash jyrak-1 (2)Кара-турук шат бут,
Калкыма чачкан ырыс кут.
Жайлап келген бөрлүктө
Кадимтен бери улуу журт.
Көк жалтаң муздан мөңгүдөн
Көк кашка суусу мөңкүгөн.
Көйкөлүп жаткан көк шибер
Көз тайгылган көркүнөн,

 

- деп Ыран-Көлдү сүрөттөгөн экенсиз. Ушул биз көрүп турган тоолордун ары жагын, чыгыш тарапта жайлоорду Тажикстан Кытайга берип жиберген экен. Ичиңиз ачышабы, же ал жактагы кыргыздар дагы биздин жайлоодо мал багып оокат кылып атышат деп ойлоп каласызбы?

 

Айдарали Сапарбаев:

Чындыгында жер деген мекен. Туулуп өскөн жерди эч ким кыйгысы келбейт экен. Биз айласыздан, аргабыздын жоктугунан жер Кытай мамлекетине өтүп кеткенине абдан ичибиз ачышып, өзүбүз кайгырып, капа болуп отурабыз. Бул саясий маселе экен. Биздин кайгы-капабызга, каалообузга карабастан ушундай иштер болду. Илгерки замандардан бери айтып келген, жерди, мекенди бирөөгө сатып, берип жиберүү өтө одоно болуп калат, кейиштүү да.

 

“Азаттык”:

Албетте өтө кейиштүү. Мисалы, Кыргызстанда өзүңөр билесиңер Каркыра жайлоосун, Үзөңгү-Кууш деген жерлерди Кытайга берип салып, андан көп чуу чыгып, президенттер алмашып, эл көтөрүлүп, талаш-тартыш болду. Ал эми силерден келип сурады беле тажик бийликтери, биз ушул жерлерди бергени жатабыз, кытайларга өткөнү жатат деп, же силер кийин эле билип калдыңарбы?

 

Айдарали Сапарбаев:

Азыркы заманда ар нерсе менен кабардар болгондуктан, айрым адамдар жер берилет, өтөт экен деген сөздөр болду. Биз бул жерде илгертеден ата-бабабыздан бери жашап келгендиктен, биздин өзүбүздүн жердей эле көрүнөт жана чындыгында өзүбүздүн эле жер. Ушул жерлерди берип жатканга мамлекетибиздин жетекчилерине өтө нааразы болдук. Бирок айла жок, аргасыздан, бизден макулчулук деле сурабайт экен. Ошол себептен өтө оор, кайгылуу иштер болду. Бирок биз андай көтөрүлүш чыгара албадык. Биз мамлекеттин бир бурчунда жашаган алакандай аз гана кыргызбыз. Бизди коргоп ала турган, бизге демөөрчү, же башка боло турган шарттар деле туура келбейт. Өзүбүздүн Кыргызстан дагы кичинекей мамлекет. Биздин кыргыз элинин, Кыргызстан деген мамлекетибиздин барына абдан сыймыктанабыз, дайыма жүрөгүбүздө, көңүлүбүздө турат.

 

“Азаттык”:

Сөзүбүздү улантып, дагы бир сиздин ырыңызды окуп берсем деп турам. Ал болсо Чырак-Таш жөнүндө экен, тоо ташта таң калычтуу жерлер болот экен. Ошолордун бири Чырак-Таш, азыр эле жолдо кетип баратып көрдүк. Бир убактарда Чырак-Таштын үстүндө чынында эле чырак күйүп турган дейт, ошол чынбы, анан ал эмне үчүн өчүп калды?

 

Tash jyrak-1 (3)Айдарали Сапарбаев:

Ал жөнүндө сөз болгондо, биздин аталарыбыз, чоң эне, чоң аталарыбыз уламыш кылып айтар эле. Чындыгында Ыран-Көлдүн үстүндө Чырак-Таш, анын төмөн жагында көл деген бар, ошого дайыма жарыгы түшүп турган болчу экен. Жарыгы түшүп турган күндөрдүн бир мезгилдеринде, биринчиден, кандайдыр бир жарыкчылык азайып кеткен окшойт. Экинчиден, жаңыдан экспедициялар келген убакта Чырак-Таштын кандай кылып изилдөөнүн аракеттерин, аны текшерүүдө атышкан. Ичине фосфор, же кандайдыр бир таш болсо керек. Мен географ болбогондон кийин аны так айта албайм. Ушундай жарык берип турган деген сөз болгон.

 

“Азаттык”:

Ал тууралуу мындай деп жазган экенсиз:

 

Салык-Таш менен калек таш,
Чырак-Таштын үңкүрү
Касиеттүү зоо болот
Жарык берген үңкүрү,

 

- деп. Сиз ошол үңкүргө чыгып көргөнсүзбү, жарыкты өзүңүз көрдүңүз беле?

 

Айдарали Сапарбаев:

Жарык көрүүгө ал жерге чыгышка мүмкүнчүлүк жогурак. Себеби даярдык менен чыгыш керек.

 

“Азаттык”:

Жаман азоо экен да, 200 метрдей өйдө чыгыш керекпи?

 

Айдарали Сапарбаев:

Жакындан, алдыдан карап, көрүп турабыз.

 

“Азаттык”:

Жарык чыгып турду беле, көрдүңүз беле?

 

Айдарали Сапарбаев:

Жарык чыгып турганын биз ата-энелерибизден укканбыз. Бирок биз ошол мезгилге туура келбей калдык. Бирок өткөнүбүздө ошол жерде кандайдыр бир жарык бар болчу, көлгө түшкөндө анча көрбөй калдык.

 

“Азаттык”:

Кыргызстанда алыскы, жакынкы тоолуу райондорду алсак, азыр мектептер азайып, мечиттер көбөйгөн кез. Ал эми Мургабда ар бир айылда бирден-экиден мектеп бар экен. Өзүңөр жазган экенсиңер:

 

Билим өзү акыл сезим кубаттуу,
Билим өзү ак жолуңду жарытчу,
Алалбасаң учурунда билимди,
Ал таркыя, тайгак кечүү, аккан суу,

 

- деп. Бүгүнкү күндө Мургабда мектептерде билим берүүнүн деңгээли кандай, бүгүнкү замандын талабына ылайыктуу окуучулар даярдалып жатабы?

 

Айдарали Сапарбаев:

Азыркы учурда башка мамлекеттер сыяктуу эле. Бир убакта кайра куруу мезгилинде окуулар жана окуунун сапаты төмөндөп кетти. Бардык эле жерде ушундай болду, Кыргызстанда деле, Тажикстанда деле. Ошондой көрүнүштүн негизинде азыр бизде окуу маселесине дагы эле көңүл бурулуп жатат. Бирок билим анчейин болбой калды. Себеби шартка жараша заман өзгөрүп, жаштарыбыз жеткиликтүү билим алалбай жаткандыгы көрүнүп турат, Кыргызстандан болсун, Тажикстандан болсун.

 

“Азаттык”:

Кыргызстандан жардам барбы, китеп жагынан мисалы?

 

Айдарали Сапарбаев:

Кыргызстандан жакшы жардам келип жатат, рахмат. Мындан мурунку жылдарда көп окуу китеби келди, кийин адабий китептер келди. Ошол китептерди пайдаланып, биз өзүбүздүн мектептерде дагы эле кыргызча окутабыз. Бирок китептерибиз жыл сайын жаңыланып турушун каалар элек. Биздин кыргыз мамлекети дагы эле көңүл буруп, билим алууга жардам берет деп ишенем. Негизги максат ушул жерде турганыбызга байланыштуу билимдүүрөк калк катарында өзүбүздү алып жүрсөк жакшы болоор эле деп ойлойм.

 

“Азаттык”:

Бүгүнкү күндө алысты жакын кылган интернет болуп, ал аркылуу, эгерде ал болгон болсо Кыргызстан менен түз байланышып турууга мүмкүнчүлүк болмок эле. Ушул жагы кандай, компьютерлештирүү маселеси?

 

Айдарали Сапарбаев:

Азыр мектептерде бирден, жарымдан компьютерлер келип калды. Бирок Кыргызстандагыдай толук тейлене элек. Эгер ушул иштер 5-10 жылдын ичинде жакшы ишке ашып кете турган болсо, карым-катыш өтө чоң болоор эле деп ойлойм.

 

“Азаттык”:

Балким сиз Кыргызстандагы окуучуларга сабак берип, ал эми Кыргызстандагы мугалимдер интернеттен бул жактагы балдарга сабак берип калган мезгил алыс эместир. Анткени кытайлар байланыш жагын караштырып, жардам берип атат дейт. “Саламдашуу” деген ырыңызда мындай саптар бар экен, өзүңүз мугалим катары жазган экенсиз ырынкөлдүк туугандар чогулуп отурган жерде, концерт берип аткан экен:

 

Ичиңерди кең салып
Балл көтөрүп бергиле,
Мектептеги эже-агайлар,
Концертти койот силерге, - деп.

 

Сиз өзүңүз концерт койгон окшойсуз, ошол ырлардан биздин угармандарга ырдап берсеңиз.

 

Айдарали Сапарбаев:

Ошол мезгилдерде биз дагы айылда ар кандай аземдер болот, жаңы жыл, өзүбүздүн жаш мугалимдердин чыгармачылыктары, же алардын өздүк көркөм чыгармачылыктары боюнча, айыл-айылдарда ыр кесе уюштурабыз. Ушундай мезгилдерде сахнага чыгып калган учурлар болот. Мен өзүм ырдабайм, анча-мынча комуз чертем. Өзүм саламдашып, сахнага чыгып ырдаган адам эмесмин.

 

“Азаттык”:

Мен сиздин бир топ ырларыңызды окудум. Сиз Сары-Кол тууралуу өзүңүздүн али жарыяланбаган китебиңиз буйруса Сары-Колдо, же Кыргызстанда чыгып калар. Ошондон төрт саптарды окуп койсоңуз.

 

Айдарали Сапарбаев:

 

Томсорбо улуу Сары-Кол,
Той элиң турат койнуңда,
Кубансаң бирге кубанган,
Кайгырсаң бирге кайгырган,
Ооруңду бирге көтөргөн
Дагы эле уул-кызың койнуңда.

 

Мээримиң төккүн Сары-Кол,
Береке толсун, кут консун,
Бейпилдик тилеп өзүңдү
Калың эл баары ток болсун,
Баштагыдай Сары-Кол
Байлыгың ашып, бак консун.

 

Силерге да ден соолук каалайм, ушунчалык алыс сапар жол жүрүп, атайын Сары-Кол жерине келгениңерге чоң рахмат. Биздин кыргыз боордошторубуз, кандаштарыбыз бар экен деп бизди самап келгениңерге чоң ыраазымын. Жалпы эле Ыран-Көл элинин атынан ыраазычылык билдирем. Дайыма келип туруңуздар, бизди моралдык, же башка жактан болобу колдоп, көңүлүбүздү көтөрүп, жеке кыргыз элдин орчундуу калктын арасынан бөлүнүп калган кыргыздарыбызга боор тартып келгениңиздерге чоң ыраазымын жана сиздердин иштериңиздерге да ийгилик каалайм.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены