Памирдик кыргыздар жөнүндө жалпы маалымат

Памирдик кыргыздар жөнүндө жалпы маалымат

Дүйнөнүн түндүгү көтөрүлүп, керегеси жайылган. катаал шарттуу жердин көп кылымдардан бери Памир (жергиликтүү диалектиде Памыл) деп аталып, Кыргыздар Сары-Кол тоо кыркаларын аркалап, Памирдин Чыгыш бөлүгүндө илгерки замандардан бери эле отурукташып, жашап келишкендиги жөнүндө ар кандай илимий, тарыхый булактар аныктап келүүдө.

 

Ал тууралуу кээ бир тарыхий материалдарда кыргыздар XII кылымдардан тартып эле Памир тоолорунда көчүп-конуп жүрүшкөндүгү XVI-XVII кылымдарда өз алдынча туруктуу жашай баштагандыгы айтылып, бул жөнүндөгү маалыматтар 1575 жылдагьг кабарларда учурайт. Ал эми Бухаранын Абдулла ханы XVI кылымдын II жарымында Бадахшан, Шухнан, Рушан сыяктуу хандыктарды өзүнө баш ийдирүүгө аракеггтенген кезде памирдик кыргыздар, өз алдынчалыгын сактап калыптыр. Мындай кабарлар Хафиз менен Тааныштын чыгармасында айтылат. Калмактар Чыгыш Туркестан менен Тянь-Шанда үстөмдүк кылып турган мезгилде памирдик кыргыздар көз каранды болбой жашаптыр. Бирок, калмактар өздөрүнүн Галдан хан (1671-1696) аттуу ханы бийликте турган кезде Памир районундагы кыргыздарга чабуул коюп турган. Мургаб дариясынын бою менен Ак-Байталды калмактар толук алган учуру болгон.

 

Ошондо да памирдик кыргыздар баш ийген эмес, себеби калмактардын бийлиги Памирде бош болуп, ал жерлер (Ак- Байтал) калмактардын негизги башкаруучуларынан алыс турган. Калмактар көчмөн келип, ал жерге жашай албай. кайра кайтууга аргасыз болушкан. Ушундай шарттарда памирдик кыргыздар өздөрүне жакынкы кыргыздар менен биргелешип күрөш жүргүзүп келишкен. Мьндай тарыхый маалыматгарды элдик легендалар чындыкка чыгарат.

 

Мисалы: "Тайчи” “Хан Шырдак” алардын негизинде пайда болгон "Ханастан Тайчи”. "Кон Тойчи'. "Шыңшыма Тэйчи” ж.б. күүлөр белгилүү "Хаи Шырдак" памирдик кыргыздарда төмөнкүдөй айтылат.

 

«Илгери бир (хан) Шырдак деген көп койлуу, бай адам жашаптыр. Анын бир сулуу аялы бар экен. Аялын аябай жакшы көргөндүктөн жалгыз үйлүү конуп, күнүнө кырк кара койдун чучугуна (түүрдүү оокат) жасатып бакчу экен. Хан Шырдактын өзүндө 6 кулач Ала Байталы, бир мылтыгы, Дангыт, Мангыт деген эки ити болуптур. Хан Шырдак кой кайтарып кеткенде калмактардын бир башчысы сулуу аялы менен сүйлөшүп жүрүптүр.

 

Күндөрдүн биринде калмактардын башчысы Хан Шырдакты өлтүрүп, аялын алып кетмек болот. Бирок Хан Шырдак билип калып, 6 кулач Ала Байталына минин алып аялын учкачтырып, эки итин ээрчитип, үйүн- малын таштап качат. Калмактар Хан Шырдакты эртеден түш оогонго чейин кууп, акырында жетмек болушат. Хан Шырдактын ошондо мылтыгы эсине түшө калып, ийининен ала коюп атайын десе, белине курчанган окторун аялы жол катар бирден сууруп таштаган экен. Хан Шырдактын айласы кетет. Ала Байталы да арыйт. Акырында аттан түшүп, аялына атын карматып, калмакты күтүп калат. Калмактын башчысы да кууп жетип аттан түшөр замат экөө күрөшө кетет. Күрөш көпкө созулат. Акырында хан Шырдак жанагы калмакты тизелетип калганда. аял аттын чылбырын Хан Шырдактын бутуна черей салат. Хан Шырдак жыгылат. Калмактардын башчысы өлтүргөнү кынынан бычагын суурмакчы болуп калганда Хан Шырдак жаткан эки итин аттарынан айтып, жардамга чакырат. Мына ,ушунда эки ити келип, калмактардын башчысыны талап, туш тарапка созуп кетет: Хан Шырдак тура калып, калмакты да, аялын да бычак менен сайып өлтүрөт. Өзүнүн Ала Байталын минип, эки игин ээрчитип, ошондо хан Шырдак: ”Ит-бапаа жолдош, катын-жапаа" деп жүрүп кеткен экен" дейт.

 

Ошондон бери ал жер Ак Байтал аталып, эл оозунда "Катынын эрке сактаган хан Шырдак менен түгөсүн" деген лакап калыптыр. Албетте мындай легендалар бирин экин адамдардын тагдыры жөнүндө айтылган менен, элдин турмушта көргөн окуялары басып өткөн жолдор жөнүндө баяндаган кандайдыр бир чындыктын тарыхый үлүшү бар экендигин айгинелейт.

 

Кыргызда (XVIII кылымда) хан болуп турган Шырдакбектин кытай, калмактар менен болгон согушуна үндөш келип. жергиликтүү памир элинин көз карашына карата өзгөрүүгө учураган сыяктуу. Ушинтип калмактар памирдик кыргыздардын арасында бийлик жүргүзө албай, кайра кеткенден кийин Чыгьш Туркестанда кашкарлыктардын бийлиги орнойт. /1759-жылдан тартып/. Алар да памирдик кыргыздарды баш ийдирүүгө аракеттенишет. Бирок, Памир кыргыздары Кашкардан өтө алыс, жердин тоолуу болгондугуна байланыштуу көз каранды болбоптур. Алар бийлерге же уруу башчыларына баш ийип. уруу- урууга бөлүнүп, бытыранды түрдө жашашкан. Кийин XVIII -Х IX кылымда памирдик кыргыздардын географиялык жактан орун алышы уруучулукка негизделген:. Ар бир уруулардын өзүлөрүнчө ээлеген кыштоолору жана жайлоолору болгон.

 

Uruular 2

 

Бул сыяктуу уруу-уруу болуп жайгашкан жайлоодо же кыштоодо орун алуу туруктуу болбогон. Уруулардын өз ара кагылышууларында бүлгүнгө учурап жеңилгендери Алай, Кашкар, Гарм жакка көп көчүп кеткен. Кээ бир чыгыш адабияттарынын маалыматары боюнча XVIII кылымда Памир районунун тегерегинде жашаган кыргыздар 200 миңге чамалаш деп эсептелсе, XIX кылымдын 1 жарымында 30 миң, ал эми XIX кылымдын II жарымындагы маалыматтарда 3.5 миң кыргыздар Памирде жашаган деген кабарларды берет. Памирдеги кыргыздардын саны барган сайын азаюу менен алардын ээлеп турган орду дагы батыштан чыгышка карай кыскарган. Буга XIX кылымдын II жарымынан тартып Памирдин батыш районунда кыргыздардын жашабай калышы, айрыкча азыркы Мургаб районундагы кыргыздардын азайышы Англия менен Афганистан жана Кашкар мамлекеттеринин территориялык бөлүштүрүү мезгилинде /1891-1985-жж./ болгон.

 

Ошондон баштап географиялык жактан чектеш мамлекеттер Памирди болуштуруунун натыйжасында, Памир кыргыздарынын бөлүнүүчулүк абалга дуушар болгондугу менен түшүндүрүлөт. Памирдик кыргыздар этникалык составы боюнча ичкиликтер тобуна кирип, негизиинен тейит, кесек, найман, кыпчак урууларынан турат. Алар өз ара Тейит-Кесек бир /бир жам/. Найман -Кыпчак бир /бир жам/ деп бөлүшөт. Мындай болуштуруунун эл арасында чоң мааниси болсо керек деген ой туулат. Мындай ойду орус окумуштуусу Ситняковский да белгилейт. Ал ичкиликтерди эки топко бөлүп, найман-кыпчактар сол канатка, кесек-теййиттер он канатка кирет дейт. Ушунун негизинде төмөнкүдөй схема түзүп көрүүгө болот.

 

Uruular 3

 

Бул көрсөтүлгөн схемада памирлик кыргыздардын негизги уруулук бөлүнүшү толук эмес гүрдө берилди. Бирок көпчүлүк уруулардын этнонимдик маанилерине терең токтолууну туура көрбөдүк. Айрым гана негизги урууларды тарыхый көз караштарга таянып белгилеп кетүүгө туура келет. Биз негизинен арабдар менен перстердин ж.б. кээ бир Чыгыш маалыматтарынын негизинде, бир миңинчи жылдарда эле кыргыздардын Памирде болгондугун көрөбүз.

 

Ошондой эле ичкиликтердин эн чоң урууларынын бири найман уруусунун бар экендигин билүүгө болот. Мындай пикирди Б.Майтов «1218-жылы найман уруусунан болгон бир кыргыз Князь несториниандын христиандыкты кабыл алган. Башкача айтканда ал жер 1714-жылга чейин «Кафирлардын» өлкөсүнө кошулган. Бул кыргызды христиандын карамагындагыларга кошуп өлтүргөн. Ал Памирдеги христа үчүн биринчи азап чеккен адам окшойт. Болжолу ошол жылдарда Памир, Кашкар менен бирге Чынгыз хандын уулу Чагатайга караган деп көрсөтөт. Ошондой эле маалыматтарды б.а. Кашкар менен Фергананын ортосундагы тоолордо XV кылымдарда көчүп жүргөн белгисиз «чогорек» деген урууну Султан Бабурдун «Бабур Намесинен» кезиктиребиз. Бул белгисиз уруунун атын Бабыр «човорек» же «чагарак» деп көрсөтөт. Азыр памирдик кыргыздарда «човорок» деген уруунун болушу, тейиттердин составына кириши, памирдик кыргыздар XII-ХV кылымдарда эле Памир тарапта жашаган экен деген ойду пайда кылат.. Уруулардан жогоркудай бөлүнүшү азыркы Памирде жашаган кыргыздар башка Жерге-Тал, Алай райондорунда жана Тибет, Кашкар. Кашмирде жашаган кыргыз уруулары менен окшош келгендиги көрүнөт.

 

Мисалы:

 

Памирде

Кара тейит

Сары тейит

Чал тейит

Арык тейит

Жерге-Талда

Кара тейит

Сары тейит

Чал тейит

Арык тейит

Кочкор тейит  ж.б.

 

Лейлекте

Жаман тейит

Жакшы тейит

Көпмө тейит

Тумак тейит

 

Памирде

Наймандар

Бозторгой

Чандеки

Көн найман

Көкө найман  ж.б.

Жерге-Талда

Наймандар

Бозторгой

Үтай

Көн найман

Чандеки ж.б.

 

Ушул сыяктуу кесек, кыпчак уруулары да өтө окшош. Бул кыргыздар этникалык составы жагынан азырга дейре өткөн кездеги урууга бөлүнүү тартиби менен жайгашкан. Булар да уруу-уруу «бир атанын балдары» болуп бөлүнүп. территориялык абалы төмөнкүдөй болгон.

 

Кашкар өрөөнүндө көбүнчө кыпчактар тобу жашайт. Алардын көчмөн бөлүктөрү тоолуу Торугарт. Арча-Бел. Бостон- Терек /уруунун атынан коюлган/ жактарында. Жаңы Гисардын түштүгүндөгү Кең-Кол, Кароол ж.б. жерлерде көчүп жүрүшөт.

 

Наймандар - жаңы Гисардын түштүгүндөгү Кал, Кызыл- Тоо. Кытай Эин, Хыяк башы. Можу, Чакар-Агыл, Булун-Көл, Чимген. Арпалык жана Сары-Кол тарабында жайгашкан.

 

Кесек уруусу -Кызыл-Рабат, жылгаларын Кара-Кел, Суу- Башы жана Тагарма райондорун ээлешкен.

 

Тейиттер негизинен Беру-Токой, Кызыл-Суу бойлорун, Кара-Таш суусунун жээктеринде жана Сары-Кол, Кичи-Пемирде (Ооганстан түштүк) тарабында жайгашкан.

 

Эгерде Синьциянда жашаган кыргыздарды этникалык составы боюнча салыштырсак, Кашкар Хотан округундагы жашагандар негизинен Тоолуу Бадахшанда жашаган /Чыгыш Памир/ кыргыздары жана Oш обласгынын айрым түштүк бөлүктөрүндөгү кыргыздар. Афганистандын райондорундагы жашаган кыргыздары болуп уруулук этникалык биримдикти түзгөндүгүн байкайбыз. Ошону менен катар этникалык айырмачылыктары да бар. Алардын составына кирген уруулары жагынан гана эмес. күндөлүк өткөргөн тирикчилиги. маданияты. тилдик өзгөчөлүктөрү менен айырмаланышат.

 

Ушуга байланыштуу Н. А. Аристов ичкиликтерди ар кайсы уруулардан чогулган "Чогунду" калк катары карап, алардын ичинде жергиликтүү «тибеттиктер» да бар деген. Чындыгында эле ичкиликтердин уруулары ар кайсы жерден келип кошулганы сыяктуу көрүнөт. Мисалы: азыркы Памир. Жерге-Тал ж.б. райондордо жашап жаткам найман уруулары Чынгыз хандын чабуулуна дуушар болуп сүрүлүп отуруп Монголиядан XIII кылымда качып келгендиги далил болот.

 

Ал эми кыпчактар кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча батыштан келген дешт-кыпчак уруусу катары эсептелип, кийин ичкиликтердин составына кирип кеткен. «Тейит» уруулары Г.Е. Груми-Гржимайло. жергиликтүү байыркы калк катары эсептеп. алар да арабдардан бөлүнүп чыккан өзүнчө «Таит» деген сөздөн келип чыккан өзүнчө ypvy катары карайт. Мындай фактылар ичкиликтердин ар кайсы уруулардан чогулганын аныктайт. «Санжыраи Хытмир мүшкүлат» араб тилинен- турк тилине которулган «уруулардын бөлүнүшү тууралуу самжыра» деген китепте бир падышанын заманынан кийин азирети Хожо Ахмат яссавиден: «Бул тайпа калк эмне иш кылат» - ден сурашыптыр. Ачирети Хожахмат яссави: «Биздин замандарда бир наспи (ужут, уругун) тутуп, дин исламга жар (дос) болуп кызмат кылып жүргөн калк». Ар кайсы жерде бусулман, кафир болуп урушкан болсо, булар ар дайым даяр турган биздин туугандарыбыз дептир.

 

Андан кийин Саид Аппакожонун замандарында Молдо Мажит ахунга (Кашкардан болгон) айткан экен. -Эй, Молдо Мажит ахун, сиз ушул (ахли газат) калктар менен бирге жүрүп. Яркунанда болуп, жоокерчилик менен газат кылсаңыз кандай болор эле, бул калк душмандан коркпогон, газатка чыгып жүргөн эл болгон деп айтып, «Шаахи Шамсидин» (дин ислам үчүн канын төккөн эл) койду. Тейит. кесекти оң (колуна) жагына, кыфчак (кыпчак), найманды сол жагына алып ногой, казак, түрк, тажик, өзбектерди кошуп алып. исламды ачыкка чыгарып, Кашкар, Аксыкент, Сох, Яркунанда казат кылып, дин исламды ачышкан. Аппак кожо тейит, кесекти он жагына дайым алып, олуялык мукамга (даражага) жеткиле, кыпчак, найманды элге казылык кылгыла деп дуба берген экен. Ногойлорду (татарларды) Халифалык (илимдуулук) силерде болсун.

 

Түрк, тажик, тува эли илим тутушуптур деп айтылса, Памирде жашаган ичкилик элинип айтымында: илгерки замандардын биринде миң төөлүү Ахмат деген бай адамдын 4 уулу болот. Анын Найман деген чоң уулу жасанып алып ат менен бир күнү келе жатса. бир аксакал адам учурап калат. Ал кишиге салам айтып учурашкандан кийин;

-Уулум сен ким болосун деп сурайт.

-Мен төөлүү Ахматтын наибимин (эсепчисимин) деп жооп берип атын айтпайт.

-Охо! Анда сен мындан ары сыпат менен жүрүп өткүн деп бата берген экен.

 

Ошол замандан тартып «Найман сыпат» деген лакап пайда болуптур.

 

Бир уулу күндөрдүн биринде бир жакка кеткенде чон жыйын болуп. меймандар эт жей турган убак болуп калып, аны көпкө күтүп калышат. Эми колго суу куя бергиле, ал жигит келбей турган болду деп жатканда. барган жеринен кайтып келип калган экен. Ошондо, бали! «Хуп чакта» келдиң- деп айткандыктан кыпчак аталып калыптыр дешсе. дагы бир санжыра далилдеринде, кадим өткөн заманда бир чоң уруш болот. Бул урушта жоо басып алып. элдин мал мүлкүн талап кеткен экен. Найман уруусу кол курап, катуу согушуп, жеңилүүгө учурай баштаганда, көп аскер келип жардамдашат. Ошондо наймандар «Хуп чакта» келдинер деп. ал аскерлерге ыраазы болот. Ошондон баштап ал уруу «Кыпчак» деп аталып калыптыр. Кыргыз тилинде Хуп-жакшы. чак-мезгил, убакыт маанисин берет.

 

Тейит уруусу тейит, тагит деген сөздөрдүн курамынан аталган түрк сөзү. Миң төөлүү Ахматтын үчүнчү баласы болот. Илгерки замандан бери келе жаткан чоң уруу. Манас эпосунда «Тейиттерден Саламат, Ырамандын Ырчуул» да тейит уруусунан болгондугу айтылат. Ахматтын эн кичүү баласы, атасын дайым ээрчип, жумшаган жагына барып. буйруган иштерин аткарып жүргөндүктөн аты Кесек (атасы даарат сындырганда кесек, чалма (курук) алып берип жүргөндүктөн) болсун деген имиш.

 

Көпчүлүк учурда жоокерчилик замандар болуп:

 

Найман менен Кыпчакты,
Найза берип жоого кой.
Тейит менен Кесекти,
Тизелешкен доого кой.
Оргу менен Баргыны,
Орок берип чепке кой - деп айтышчу экен.

 

Памирдик кыргыздарда ушундай оозеки тарыхый божомолдоолор. ырлар бар.

 

Бирок «Кыргыздар» деген китептин 1-томунда Кыпчак уруусунун келип чыгышы тууралуу мындай санжыра айтылат. Жоокерчилик күндөрдүн биринде кыргыз колунан бир адам согушта каза болуп. аялы токой ичинде жыгачтын чоң жаракасында (көңтөйүндө) уул бала төрөйт. Ал Угуз хан заманы болуп. ал төрөлгөн балага «Кыпчак» деген ат коёт. Кийин ал өтө баатыр, эр жүрөк адам болуп, кол баштайт. Андан тарагандар кыпчак уруусу аталып калат. Мына ушундай тарыхый божомолдор, илимий көз караштар жана элдик санжыралар, ичкилик кыргьгздардын байыркы түптүү эл экендигин аныктайт. Этнографиялык материалдарда алардын маданиятын түзүүдө көбүнчө Тажик, Өзбек, уйгурлар алгачкы убакта эле кыйла таасир эткендиги байкалат.

 

Бул жөнүндө кыргьгздардын ичкиликтер тобунун этнографиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеген этнограф-тарыхчы К. И. Антипинанын айткандары негизинен далил боло алат. «Ичкиликтер тобунун материалдык-маданиятынын байыркы формасы Чыгыш Туркистанда түзүлсө керек же мал чарбачылык менен оокат кылган коомдон /кыргыздардан/ бөлөк бөлүнүп калган абалда өз алдынча жашоо процесси бөлөкчө маданиятты пайда кылгандыр деп жазат да, ичкиликтер тобундагы азыр кезигүүчү материалдык маданиятындагы өзгөчөлүктөр өзбектер менен тажиктердин материалдык маданиятына окшош экендигин белгилейт.

 

Ушул материалдардын негизинде (азыркы Нургапта) Сары- Колдо азыркы жашаган ичкилик кыргыздардын колдонуп келе жаткан турмуштук .салттары, маданияты, кесиптери, жалпы эле этникалык абалы окшош экендигин далилдөөгө болот. Буга XVII кылымдан баштап ислам динине өткөн ичкиликтердин турмушунда көп өзгөрүүлөр болгондугу далил. Ислам динин таратуучу үгүттөөчү ар кандай тажик, өзбек молдолору, динчилери болгондуктан жергиликтүү элдин диний көз карашы өзгөргөн. Памирдеги ичкиликтер сабатсыз болгондугуна байланыштуу, ал убакта ар кандай диндик ырым-жырымдарды, кудайдын кулчулугун кылуу үчүн намаз, орозо ж.б. курулай жаттоо менен кабыл алышкан. Кийинчерээк ислам дини сиңе баштаганда, элдин өзүнөн кожо-молдо аалым, ахун, табыптар чыккан. Алар диндин түрдүү жактарын таратып үгүттөп, ишендирип турушкан.

 

Мисалы: кафир-бусурман болуп бөлүнүүнүн себептери. питир-зэкет берүү, кыямат-ахыр, бейиш-тозок, өлгөндөргө жума сайын куран окутуу, буларды кылбаса, ал дүйнөде азап чегип тозокко түшөрүн түшүндүрүп, күндөлүк вазийфасын аткарбагандыкка жаткан үгүттөөлөр, диндик салттар. адаттар өкүм сүргөн. Жаш кезинен Ыймандуу болуп өз жашоосун да ак ниет-адал, бирөөгө кыянат кылбай жашоого үндөгөн, элде этникалык жактан да ар түрдүү өзгөртүлөр болгон.

Мисалы: азыркы Памирдеги ичкиликтер айды. жылды эсептегенде тажик, араб, фарсы элдеринин атоосу менен кабыл алышкан.

 

Ай эсептөө

 

Uruular 4

 

Кыргыз айында болгону 354 күн гана болгон. Азыркы ай эсебине салыштырганда 11-12 күн кем. Кыргьз айлары 11-12 күндөн жылышып тургандыктан башкы (М.Мэхэрэм) айы бирде кышында келсе, бирде жазында же жайында да келе берген. Ошол башкы айга болжоп орозо кармашкандыкган жылына орозо кармоо 10 күндөн илгери жылып турат. Мисалы: Биринчи жылы Мэхзрэм айынын башынан (1-январдан) баштап орозо кармаса, экинчи жылы мөхэрөмдин ортосунан (10-январдан) орозо кармалган. Күн эсебин. жалпы жоңунан ‘’Шамсия” деп эсептешип коркунучтуу кырсыкка учуроочу күндөрдү белгилен, элге таратып турушкан. Мисалы: Күн тергеген адамдар жума күндөрү чач алып, аялдар баш жуубаган. Бул күн өлгөн адамдарга (арбактарга) куран окуп, чырак коё турган күн болгон. Эгер жума күнү каза тапкан же жерге коюлган болсо. ошого кудай жакшы күндөн берди деген.

 

Ай эсептөө да ушундай ырым-жырым. тергөөлөр болгон. Мисалы: Сапар айы (февраль) киргенде, ай тергеген адамдар күлүн чыгарган эмес. Чоң каптарга салып, капшытка тиреп койгон. Качан гана Сапар айы чыкканда жыйылган күлдү төгүшкөн. Эгер тергеп жүрүп. тергебей койсо «бир чоң» кырсыкка учурайт деп эсептешкен. Памирдик кыргыздардын материалдык маданиятын изилдеген этнограф Ю. Шибаева кыргыздардын пайдаланган кайра иштеп чыгуучу аспаптары бөлөк жерде жашаган кыргыздардын аспаптары, бөлөк жерде жашаган кыргыздардын куралдарынан өзгөчөлөнгөндүгүн көрсөтөт: Алсак, памирдик кыргыздардын өрмөк согуучу станогу, түндүк райондо жашаган кыргыздардын станогунан айырмаланып, өзүнүн формасы боюнча тажик же индия элдери пайдаланган станокторуна окшоп кетерин белгилеген.

 

XIX кылымдын башталышында (1323-1842) памирдик кыргьгздар Кокон хандыгына (Бадахшан, Шугнан Вахан, Канжут бийликтеринин тынымсыз чабуулуна туруштук бере албайт) баш ийет. Кокон хандыгы бийлигин жүргүзүү менен памирдик кыргыздарга көп салык салып турган. Памирдик кыргыздар салыктарды төлөө үчүн төөнүн жүнүнөн килемдер жасашып, бөрү- түлкүнүн терилерин Кокон хандыгынын административдик уюмдарына берип турушкан. Колунда барлар Кажары, терме, эки үздүүлөрдү согушуп, соода иштерине Кашкар, тажиктер менен үй, жасалгаларына, ат- төө, курал-жарактарды жасалгалоого колдонушкан.

 

Ошону менен бирге памирдик кыргыздардын этникалык түзүлүшүн ачып берүүдө элдик оозеки чыгармалар да чоң мааниге ээ. Уруу-уруу болуп жашаган феодалдык коомдо ар башка көз караштагы акындар, чечендер, куудулдар жашаган. Элдин- өткөн турмуш шартын, диний көз караштарын, көргөн азап-тозокторун ырдашкан. Натыйжада эл арасында көп ыр күүлөр жаралып. Афганистан, Кашкар, Кытай, Алай тараптарга /аз санда болсо да/ тараган.

 

XIX кылымда памирдик кыргыздарда Бөрүбек Осмон /куу кулак/ Абдираим /хоонапар-селсаяк/ Малаш сыяктуу ырчылар болгон. Булар ошол кездеги элдин мүзөөсүн даназалап, мурунку эски салттарга каршы /өтө ачык түрдө болбосо да/ туруу менен. көбүнчө сүйүү темасынын тегерегинде феодалдык коомдун терс жактарын ашкерелеген ырлары бар. XX кылымдын башында Октябрь революциясы болуп, кеңеш өкмөтү орногонло памирлик кыргыздар да эркиндик заманды даназалашкан.

 

Эл арасына Революциянын жеңишин, тендик заман болгондугун үндөгөн Сатар Кенжебай уулу, Мамажусуптар болгон. Сатар «Жаңы заманды» ырдаган ырында. Памирде жаңыдан келген советтик бийликти орнотуучуларды. партиянын өкүлдөрүн, Памирде дагы тендик замандын орун алганын, өз түшүнүгүнө жараша ырдаган.

 

Мисалы:

 

Азовда өкмэт чыкканы.
Бериси байга таш болду.
Балдыркыдай жүрө элбэй,
Баалардан ойну пас болду.

 

Памирге келип иштеген,
Партиялар жэшэсин.
Шкөлдө көзү ачылган,
Интирнэт балдар жэшэсин - деп жаңы тендик заманды даназалайт (кубаттайт).

 

Тилдик фактылар да элдин басып өткөн турмуш жолу менен өтө тыгыз байланыштуу.

Памирдик кыргыздардын /Сары-Колдо/ жашаган территориясы же тажик. афган. уйгурлар менен болгон карым- катышынын негизинде тилдик каражатары да өзгөргөн. Көбүнчө Аличор, Булун-Көл. Ак-Суунун Афганистан жагы тажиктер менен бирге отурукташкандыктан тажик сөздөрү көп учурайт.

Ал эми Ыран-көл, Кара-Көл жана ичкилик кыргыздар /Кытайдагы кыргыздар/ уйгурларга жакын болгондуктан, уйгурлардын таасири тийсе керек. Көбүнчө тыбыштык өзгорүүлөргө учураган жана лексикалык жагынан кабыл алынган сөздөр кездешет. Мисалы: дени сак-дени соо, гэли уйг. кекиртек, халк-калк. хыл- тандалган. ыгыл-короо. Баргач берип. алгач кел. Мындай сөздөр көбүнчө кытай тараптан келип отурукташкан найман, тейит урууларынан жолугат. Уруу-уруу айрыкча "бир атанын балдары" болуп төө, топоз менен көчүп жүрүү кыйын болгон. Ага карабастан катуу уруштарда Афган. Кытай, Кашкар ж.б жактарга өтө качып ошол бойдон отурукташып калган.

 

Кайра келүүгө көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү болбогон. Натыйжада Афганистанга өткөн кыргыздар-Афгани.стандан, Кашкарга өткөн кыргыздар-Кашкарда көчүп жүрө беришкен. Сары-Колдун өзүндө эле Ак-Суудан Аличорго же Ыраң-Көлгө төө.топоз менен каттоо кыйынга турган. Мына yшундай шарттардын негизинде памирдик кыргыздардын тилдик каражаттарына өзбек, тажик, араб, иран, уйгур тилдери /диний китептер аркылуу да/таасир этпей койгон эмес.

 

Бул биздин китепте Памирдик кыргыздардын кыскача тарыхына таянуу менен этнографиялык айырмачылыктарын мүмкүн болушунча толугураак чагылдыруу максаты коюлду.

 

"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"

Айдарали Сапарбаев

Кубанычбек Темиркулов

комментарии

Темиркулов

Темиркулов

Среда, 18 Декабря 2013 10:07

Рахмат Абжамиль аке, биздин китептен маалымат алып жазганыныз учун!

Админ

Админ

Среда, 18 Декабря 2013 09:24

Валера это тебе спасибо за комментарий. Мы постараемся решить эту задачи.

сорокин валерий алексеевич

сорокин валерий алексеевич

Вторник, 17 Декабря 2013 17:30

Очень ценные сведения! Спасибо!Хорошо бы перевести на русский,нам было бы интересно почитать!!!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены