Ыр жоголгон той

Ыр жоголгон той

Кыргызда аш-той улуттук салт-санаалардын уюткусу болуп келген. Эски салтыбызды сактайбыз деп болшевиктерден Ооганстанга качкан кыргыздар кийин Түркияга көчкөндөн кийин бир топ салттар жоголду. Ошол эле кезде Кыргызстандагыдай эле, айыл тургундары арасында тойдун чыгымдары да көбөйгөн.

 

ТАСМАДАГЫ ТОЙ

Улуу Памирде той болот экен деп Рахманкул хан жоро-жолдоштору менен аттанды. Aшуу ашып келген сыйлуу конокторду атчандар тээ алыстан атчан барып тосуп алып, коштоп келишти. Уландар коноктордун атын алып, суусун деп ары-бери бастырышты. Аш-той памирчилерге эски таарынычын унутуп, элдешүүгө мүмкүнчүлүк берген.

 

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


 


Yr jog toi 1Албетте, Памирде ар кимдин эле Ала-Тоодой эт кылып, Ала-Көлдөй чык кылып, топуратып той бергенге алы келген эмес. Жалгыз эчкисин союп эле келин киргизип алган кембагалдар аз эмес болчу.

Британиялык "Гранада" телеканалы тарткан “Жоголуп бараткан дүйнө” тасмасындагы той ээси бирок оокаттуу кишиге окшоду. Көк шиберге төшөктөр узатасынан салынып, кыдыракей отурган конокторго таттуу салынган табактарды узатышты.

Той улуттук каада-салтты сактоонун да маанилүү иш-чарасы болгон. Бул тойдо ким кызын берип жаткандыгын биле албайбыз. Тасмадан канча мал союлуп, кандай дасторкон жайылганы көрсөтүлбөйт.


Yr jog toi 2Бирок чоң-чоң эле кишилер ат үстүндө бири-бирине ун чачып ойноп жатышат. Тумактарынан бери агала болуп, жаш баладай чурулдашып, ундан кочуштап алып, бири-бирин кубалап жүрүшөт. Бери жакта бир даары жүз аарчылары менен бетиндеги унду сүртүп, тазаланып жатышат.

Ал арада көз айнек тагынып, ак кийиз чапан кийген сулууча күйөө баланы эки эркек коштоп келип, үчөө тең колдорундагы жоолуктарын жерге тийгизе ийилип, куда каадасын айгинелеген ыр ырдашты.



Yr jog toi 3Күйөөгө чыгып жаткан кыз апа, жеңелери менен боз үйдө отурат. Сыртта төрдөгү жылга тарапта улак тартыш кызыды. Тойго келген топураган эл тоону, кырды аралап чапкылаган атчандардан көз алышпайт. Улак улам жерге түшүп кетет, аны илбериңки жигит илип алып жөнөп калат.

ПАМИРДЕГИ КӨӨНӨ САЛТ

Памирлик кыргыздарда той элди баш коштурган маанилүү окуя болгон. Профессор Кайыпов ооган кыргыздарын ондогон жылдардан бери изилдеп келет. Анын айтымында, дал ушул тойлордо эскини унутуп, элдер элдешкен:


Сулайман Кайыпов: Мисалы, мен той берип жатсам, өзүм кул болсом, сиз хан болсоңуз менин тоюма келесиз катардагы киши катары, той күнү социалдык жак эсептелбейт, тойго бардыгы келиш керек, бир дагы киши калбашы керек. Качандыр бир убактарда сиз мени таарынтып, мен сизге таарынып жүрсөм, сиздин тоюңузга барбай койсом сиз тойду баштай албайсыз, күтөсүз келсин деп, эгерде мен таарынып барбайм десем, келип алдыма түшүп, белегиңизди берип, кечирим сурап, мени тойго алып барасыз, хан болгонуңузга карабай, мен балким чабанмын.

Кук эткен куш, как эткен карга оңой менен жетпеген Памирде салттар оңой менен өзгөргөн эмес. Буга 2007-жылы памирлик кыргыздарда болгон австралиялык режисердун айтканы далил:

- Ушул эле жерлик эл башчынын баласы коңшу өрөөндүн кызына үйлөнүп жаткан экен. Кызыгып карадык. Жарашыктуу кийимдерин кийип алышыптыр.

Давид Адамс Азияны мындан эки миң жылдан мурда башкарган европалык Улуу Александр (Азияда Искендер Зулкарнайын деген ат менен белгилүү) тууралуу кино тартып жүрүп, Вахан тилкесиндеги кыргыздардын тоюнун үстүнөн чыккан.

Мындан алты жыл мурдагы саякатында ал Вахандагы Бозой-Күмбөз кыштагына жакын жердеги Жазгоз деген жайлоодогу үйлөнүү тоюнда сыйлуу конок болгон:

 Адамдар кыдыракей тизилип басышты. Аял күйөө баланы ээрчий басты, анан экөө боз үйгө киришти. Аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө, кээ бир боз үйлөрдө  аралаш отурушту. Эт тартылгандан кийин куш жаздык жазданып, эс алышты, айрымдары тамеки тартышты. Анан баары улак тартыш ойногону кетишти.

Азыр «Александрдын жоголгон ааламы» деген тасмасы чоң эфирге чыкканы жаткан режисcер ооган кыргыздарынын тоюнда кыз узатып, келин алуудагы башкы каада-салт ыр менен байланышканын баамдаган.

– Тойдо ыр кырааты менен айтылды, же мага ошондой көрүндүбү. Себеби мен сөздөрүн түшүнгөн жокмун. Айтор кудалар келип, күйөө бала боз үйгө киргенде болобу, баары ыр менен коштолду, чогулган эл да ырдап жатты.

Салтыбызды сактайбыз деп дүйнөнүн чатырына чыгып кеткен кыргыздар Ооганстандын Памиринде бүгүн да көчмөн турмушта жашашат. Рахманкул хандын тушундагыдай эле, Улуу Памир, Кичи Памир деген эки өрөөндү байырлашат. Өлгөн-житкен, аш-тойлордо бир өрөөндөн экинчи өрөөнгө эки-үч күн дегенде жетишет.

Рахманкул хандын 30 чакты түтүн уруусу советтик чек арадан обочороок деп, Пакистан менен Кытайдын чек арасы кесилишкен кычыктагы Кичи Памирди жердеген. Алыстагы Кабулдан деле салык салып, аскерге алабыз деп жүдөткөн эч ким болгон эмес. Кыргыздын жерлерин ооган полициясынын да буту баскан эмес. Ошого карабастан зордукчулук, киши өлтүрүү деген болгон эмес. Ал эми ортодо талаш чыкса аксакал, бийлер арачы түшүп, элдештирген.

Ооган кыргыздары 1978-жылы Пакистанга түшө качкандан кийин эл башына чоң мүшкүл түшкөн. Кайнаган ысыкта мал эле эмес, эл да кырылып кеткен. Төрт жылда үч жүзгө чукул кишисин жерге берген качкын көчмөндөр ар жерде тентип калган.


 



ТҮРКИЯ: ЫР ЖОГОЛГОН ТОЙ

Yr jog toi 4Түркияга көчүп келгенден кийин памирчилер кайра бир топ тыңып, алардын Улуу Памир айылында бүгүн той-топур жай, бирок зериккен турмуштун көркүн ачкан саналуу окуялардан.

Кечээ жакында Түркиянын чыгышындагы бул айылда болгонумда, мен да той үстүнөн чыктым. Короодо казан-казан эт асылган. Келиндер чоң чара, зор мискейлерди жууп жатышат.

Кыздын үйүнө аялдар чууруп келишти. Бүгүн кудагыйлар келип, кездемелер таркатылат. Кездемени ар кимиси үйүнө алып барып, кыз-күйөөгө жууркан-төшөк, парда, көшөгө тигишет.

Башына элечекке окшогон тегерек, туурасы жазы баш кийим кийип, үстүнөн кызыл саймалуу кездеме жамынган кыз каршыдагы үйдө отурду. Ичкилик кыргыздардын аялдары келек деп атаган бул баш кийимдин ак түстүүсүн кийишет.

Эт тартылып, чай ичилгенден кийин чоң-чоң түйүнчөктөр келди. Андан түркүн-түстүү кездемелерди шырдактын үстүнө төгүп, аялдар өз ара бөлүп алышты. Оймолонгон кооз калай табак кармаган аял чачыла кылып, момпосуй чачты. Памирдегидей ун да аз-маз чачылды.

Түркияга келген 35 жылда той-топурдун шарттары бир канча өзгөргөн. Ооганстанда мурда бир колоттогу эл экинчи колоттогу эле туугандарын тосуп койсо, бүгүн бүт айылды, 2 жарым миң кишини чакырышы керек. Ушундан улам, бир өткөргөндө бир нече тойду чогуу өткөрөлү деп сүйлөшүп алышкан.

Бул бир топ жеңилдик алып келгени менен, элдин турмушу оңолгон сайын той-топур да көбөйгөн. Түркиялык кыргыздардын арасында балдарынын иштеген иши жок, жөлөк пул менен отургандар көп. Ошого карабай, мен коңшуман кем бекенмин деген атаандаштык күчөгөн. Айылда ат деле жок, улак тартылбайт, ыр ырдалбай калган.


БИТКЕ ӨЧӨШҮП, КӨЙНӨКТҮ ОТКО САЛГАНДА

Мекенинен алыстап кеткен памирлик кыргыздар ошону менен айрым салттарынан кол жууп калды, бирок той ырасмысы мурдагыдай эле элди ынтымакташтыруучу күчүн жогото элек.

Кыргызстанда да кыргыздар той-топурга жакын. Тойдун чыгымдарын азайтсак болот эле, мыйзам кабыл алып, тыюу салалы дегендер канча. Бирок битке өчөшүп, көйнөктү отко салбайбызбы?

Түркиялык кыргыздардын санаа-салтын алты жыл жеринде изилдеген профессор Сулайман Кайыпов тойдун мазмуну өзгөргөнү менен, ал үзүлгөн салтты улаган, элдин биримдигин кепилдеген маданияттын маанилүү элементи экендигин эскертет.

Ооганстандык кыргыздардын салт-санаасын алардын Түркиядагы айылында изилдеген окумуштуу той өткөрбө, аш бербе дегендерди улуттун душманы деп эсептейт. Окумуштуу тойдун ынтымакташтыруучу күчүн гениалдуу көрүнүш деп билет:

Сулайман Кайыпов: Той өзү абдан гениалдуу нерсе. Той болбосо, элдик оюндар ойнолбосо, адамдар бири-бири менен кандайдыр бир нерселер аркылуу байланышып, бири-биринен ажырай албай турбаса, үй-бүлө курулмак эмес, коом түзүлмөк эмес, бардыгы чачырап кетмек. Ошондуктан Памир кыргыздарында сакталып калган той - адамдардын ортосунда мындай мамиле болгон деп көрсөтүп мактана турган абдан терең маданият. Ошол жерде жашап жаткан элдин бардыгы ошол жердеги сүйүнүчтүн, өкүнүчтүн баарын тең бөлүшүүсү керек, ошол жердеги сөздөрдүн баарын угуш керек, ошол жердеги маалыматтарды баары алышы керек. Ошентип орток пикир, орток көз караш келип отуруп, улуттук пикир, улуттук көз караш, орток позициялар келип чыккан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены