Кытай кыргыздары кыргызча ай аттарын колдонот

Кытай кыргыздары кыргызча ай аттарын колдонот

Кытайдын Шиң-Жаң уйгур автоном районундагы кыргыздар жаңырган жылдан тарта кыргызча ай аттарын колдонууга өттү.


Мындай чечимди ШУАРдын Улуттар тил-жазуу кызмат комитети деп аталган улуттардын тилдерин башкара турган өкүмөттүк орган чыгарган. Анын чечими боюнча,  2014-жылы бирдин айынын биринчи күнүнөн баштап кыргыз тилиндеги басма сөз, радио уктуруу, теле көрсөтүү, билим берүү мекемелеринен баштап, кыргыз тилдүү калктын бардыгы ай аттарын кыргызча колдонушу керек.

Кытайдагы кыргыздардын ай аттарын кыргызча колдонуунун негизи Эшенаалы Арабаевдин 1911-жылы басмадан чыгып, кыргыз-казак балдарына үйрөткөн «Төтө окуу» аттуу «Алиппе» окуулугундагы үлгүсү болгон. Андагы ай аттарын азыркы жаңы календарлык ай аттары менен көздөштүрүүсү төп экени бүгүнкү эл турмушунда колдонуусу менен салыштырылып изилденген. Андан бөлөк, бир нече жылы изилдөө аркылуу ар бир айдын маалдары, тогоолдору такталган. 

Бул жолу ай аттарын, анын маалдары менен тогоолдорун мындай колдонуу сунушталган:

1. Бирдин айы (январь). Кыш айы эсептелет. Бирдин айынын 15 жарыгын «мүйүз аяз маалы», 15 караңгысын «темир аяз маалы» атайт. Үркөр менен ай тогуз жаңысынан тогойт.

2. Жалган куран (февраль). Жаз айы эсептелет. Кыргыз ай санагында жылдын баш айы, 1-айы, ушул жалган курандан башталып саналган. Жалган куран айынын 15 жарыгын «кийиз аяз маалы», 15 караңгысын «каңтар аяз маалы» атайт. Жалган куран жети жаңысынан үркөр менен ай тогойт.

3. Чын куран (март). Жаз айы эсептелет. Чын курандын 15 жарыгын «үт маалы», 15 караңгысын «соор маалы» атайт. Чын куран бешинен үркөр менен ай тогойт.

4. Бугу (апрель). Жаз айы. Бугунун 15 жарыгын «чечек суу маалы», 15 караңгысын «жооза маалы» атайт. Бугунун үч жаңысында ай менен үркөр тогошот.

5. Кулжа  (май). Жай айы эсептелет. Кулжанын 15 жарыгын «кызыл түлөө маалы», 15 караңгысын «күкүк маалы» атаган. Кулжа бир жаңысынан ай менен үркөр тогойт.

6. Теке (июнь). Жай айы эсептелет. Текенин 15 жарыгын «тамыз маалы», 15 караңгысын «теке тамыз маалы» атайт. Текеде тогоол болбойт.

7. Баш оона (июль). Жай айы эсептелет. Баш оонанын 15 жарыгын «саратан тамыз маалы», 15 караңгысын «асат маалы» атайт. Баш оона 21 жаңысынан тогойт дейт. Бирок тогоол белгиси айкын болбойт.

8. Аяк оона (август). Күз айы эсептелет. Аяк оонанын 15 жарыгын «сумбула маалы» , 15 караңгысын «мийзам маалы» атайт. Аяк оона 19 жаңысынан тогойт деген караш бар, бирок тогоол белгиси анык эмес, абадагы өзгөрүш анчейин болуп кетпейт.

9. Тогуздун айы (сентябрь). Күз айы эсептелет. Тогуздун айынын 15 жарыгын «боз короо маалы», 15 караңгысын «кыргыек маалы» атаган. Тогуздун айы 17 жаңысынан сары жылдыз (же үркөр) менен ай тогойт.

10. Жетинин айы (октябрь). Күз айы эсептелет. Жетинин айынын 15 жарыгын «акырап маалы», 15 караңгысын «кабыс маалы» атаган. Жетинин айы он үч жаңысынан тогойт.

11. Бештин айы (ноябрь). Кыш айы эсептелет. Бештин айынын 15 жарыгын «чил арыш маалы», 15 караңгысын «токту тойбос, чөмүч кургабас маал» атайт. Бештин айы он үчүнөн тогойт.

12. Үчтүн айы (декабрь). Кыш айы эсептелет. Үчтүн айынын 15 жарыгын «боз кыроо маалы», 15 караңгысын «кара аяз маалы» атайт. Үчтүн айы он биринен тогойт.

Айлардын күнүн атоо мисалдары:

Бирдин айынын 1-күнү эл аралык жаңы жыл майрамы.
Чын курандын 8-күнү эл аралык аялдар майрамы.
1928-жылы үчтүн айынын 12-күнү Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены