3-ноябрь Бишкекте “Памирдеги кыргыздар” аттуу сүрөт баяндын бетачары болуп өттү. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган иш-чара, Улуттук китепканда оорун алып, анда “Азаттык” радиосунун журналисти Жаңыл Жусупжандын Памир кыргыздарын баяндаган фото сүрөттөрү көрсөтүлдү. Журналист Кытай, Тажикстан жана Түркия мамлекеттеринин аймагында жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун, тилин, маданиятын бир нече жылдардан бери иликтеп келе жатат. “Мен…