Оогандагы “Ачык жирганы" таң калтырган памирлик кыргыз

Оогандагы “Ачык жирганы" таң калтырган памирлик кыргыз

Абдурасул Памири мамлекеттик өкүлдөргө суроо бериш үчүн Афганистандын түндүгүндөгү Памир тоолорунун чокусунан бери сегиз күн жол жүрүп келгенин айтканда “Ачык жирга” талкуу программасынын студиясындагы көрүүчүлөр айран таң калышты.

 

«Менин үйүмдөн Вахан районуна чейин 20 километр жөө бастым»,-деп айтты ал. – Андан кийин төрт күн ат жана эшек минип жол жүрүп, Ешкашим районуна жеттим» (өлкөнүн түндүк-чыгышындагы автожол жеткен биринчи район). Ал андан ары дагы төрт күн бою автоунаа менен жол жүрүп, Ешкашимден Бахзарак районуна, андан Файзабадка (провинциянын борбору), андан кийин Кабулга келди. Ал жолду катар мечиттерге түнөп, өзү менен кошо жууркан-төшөгүн жана тамак-ашын ала жүрдү.

 

Афганистандын түндүгүндөгү Памир тоолорунун төбөсүндө жашаган кыргыздардын өкүлү Памири аларга Афган бийликтеринин көбүрөөк көнүл бурушун каалап жатат. Анын айтымында, “кыргыздар Афганистанда бир кылымдан ашык убакыт жашап келатканына карабастан афган бийликтери аларды акыркы беш-алты жылда эле тааныды”.

 

Мыйзамдын үстөмдүгү

 

Avgan tankalt kg 2Памирлик келип кошулган студиядагы аудиторияда 72 ар кандай райондон 17 этникалык топтун өкүлдөрү отурду. Алар афгандык улуттук полициянын ролун талкуулоо үчүн чогулушкан. 13 жыл бою миллиард доллар көлөмүндө эл аралык инвестициялар жумшалган Афган улуттук полициясы жөнүндө актуалдуу маселелер коомчулукту түйшөлтүүдө. Эл аралык фонддордун жардамы кыскарып жаткан шартта полиция күчтөрүн каржылоону улантуу, коррупция жана балдарга карата кыянат иштердин күчөп жатышы биринчи кезектеги курч маселелерден болууда.

 

Мына ушул суроолорго жооп бериш үчүн залда бардык жогорку кызмат адамдары катышып отурду. Улуттук полиция башчысы генерал Мохаммад Салым Ехсас менен катар үч мурдакы ички иштер министри Али Ахмад Жалали, Гулам Мухтаба Патанг, Факир Мохаммад Факир жана чалгын кызматынын башчысы Амрулла Салех. Жыныстык зомбулук жөнүндө көйгөйлүү суроону өлкөнүн түндүгүндөгү Сары-Пул провинциясынан келген Мохаммад Кабир козгоду. “Балдарга карата жыныстык зомбулук Афганистанда кайрадан күчөп чыкты”,-деди ал – Менин суроом бийлик башындагылардын баары үчүн: бул кызматта турган учурларда силер жыныстык зомбулукту азайтуу үчүн эмне үчүн жетиштүү аракет көргөн жоксуңар?”.

 

Полициянын азыркы башчысы генерал Ехсас биринчи болуп жооп берди. “Биз тана албайбыз... полиция жыныстык зомбулуктун кээ бир учурларына катышып жатат”,-деди ал. Генерал ошондой эле бийлик бул кыянат көрүнүшкө каршы күрөшүп жатканын, ал Балх провинциясында коопсуздук боюнча башчы болуп турганда полиция жыныстык зомбулук менен байланышкан 13 жолу кармап-камоолорду жасаганын айтты. Ошол учурда Мохаммад Кабир кыянат иштерди кылып жаткандар көбүнчө өз ара уруш фактылары боюнча гана кармалып жатканын, ал эми оор кылмыш болуп саналган жыныстык зомбулук боюнча эч ким жоопко тартылбай жатканын айтты.

 

Чалгын кызматынын мурдакы башчысы Амрулла Салех өзүнүн пикирин айтып сөзгө кошулду. “Азыр жыныстык зомбулук көйгөйүнө каршы күрөштө жалаң эле полицияны карабастан, эмне үчүн полициядан беш эсе көп динаятчылар (диний окумуштуулар) бул маселеде четте турушат? Бул кыянат көрүнүшкө биринчи каршы чыга турган мекеме – мечет болушу керек”,-деди ал. Бир нече күн бою жол басып кыйналып келген памирлик болсо Афганистандын полициясы Памирдеги суукка эки күндөн ашык чыдабайт деп белгилеп, алыскы аймакта жашаган жакыр элге көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Залда отургандардын бири памирликтин сөзүнө кошулуп, Афганистанда качан жалпы улуттук масштабда иш алып барган полиция болот деп сурады.

 

Афган улуттук полициясынын башчысы генерал Ехсас: “Афганистандын калкы чыныгы улуттук полицияны күтүп жатышканы чындык. Ички иштер министрлигиндеги биздин лидерлер жана улуу урматтуу президент биздин коопсуздук күчтөрүнүн кубатын чыңдоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатышат”,-деди.

 

Программа тартылып бүткөндөн кийин Памири үйүнө көтөрүңкү маанайда кайтып кетти. “Мен өзүмдүн жүрөгүмдү өйүгөн проблемаларды мамлекеттик органдарга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алганым үчүн жүрөгүм кубанычка толду”,-деди ал жолго чыгар алдында.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены