Урматтуу жердештер өзүңүздөргө белгилүү кыргыз эли байыртадан Нооруз майрамына чоң көңүл буруп, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылын тосушкан. Ошого байланыштуу Нооруз майрамын биз да жалпы Мургабчылар Душанбе шаарында 21-март күнү Варзоб районунун эс алуу бороборунда өткөрдүк. Душанбеде Мургабчылар 128 адам экенбиз мындан 12 үй бүлөсү менен калганы бой иштегендер менен студент жигиттер…