Этникалык кыргыздар

Сары-кол “Көчмөндөр” оюнуна

Сары-кол “Көчмөндөр” оюнуна

Мургаб жергесинде август айы жаңылыктарга бай болду: - Аксакалдардын слету, - "Ат чабыш-2014" - Эң маанилүү жаңылык КРнын "Ордо" федерациясынын вице-президенти Кожекеев Искендер агай атайын келип, ордо командасын "Көчмөндөр" оюунуна катышууга чакырып, мурун чакырылган Ыраң - Көлдүк жаштар менен жолугушуп, ал тургай өзу ордо оюнунун эрежелери менен тааныштырып кетти. Сары-кол кыргыздарынын ордо оюнунун өзгөчөлүктөрү менен кенири таанышты. Кудай буюрса,…

Тоолуу-Бадахшандан аскерлер чыгарылды

Тоолуу-Бадахшандан аскерлер чыгарылды

Тажик өкмөтү Тоолуу –Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдон кошумча киргизилген аскер күчтөрүн чыгарганы кабарланды. Хорогдук активист Улфатхоним Мамадшоева “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, аскерлер чыгарылып жаткан учур тажик мамлекеттик телесинен көргөзүлдү. Хорогдон кошумча күчтөрдүн чыгарылышы - жергиликтүү коомчулуктун расмий Дүйшөмбүнүн алдына койгон талаптарынын бири орундалды дегенди туюндурат. Жергиликтүү саясий активист, Тажикстандын оппозициячыл Социал-демократиялык партиясынын Хорогдогу бөлүмүнүн лидери Алим…

Алдакул улакчы.

Алдакул улакчы.

Жергеталдык улакчы, жамакчы, кошокчу жана бизнесмен, 75 жаштагы Алдакул аксакал менен сүрөттүү маекти сунуш этебиз. Алдакулдун атасы атактуу улакчы болгон экен. Улак тартып жүрүп, уулу 11 жашка чыкканда сууга чөгүп кетет. Алдакул жетим өсүп, турмуштун каатчылыгын көп тартат. Энеси менен Ферганада жан сактап, ар кимдин коюн багып чоңоет. Байбичеси Ташкемпир экөө азыр Жерге-Талдын чыгышындагы Сары-Кенже деген айылда турушат. Тогуз уул-кызы…

Ош облусунда этникалык кыргыздардын саны алты жүздөн ашты

Ош облусунда этникалык кыргыздардын саны алты жүздөн ашты

Расмий маалыматка таянсак, Ош облусун байырлаган кайрылмандардын саны алты жүздөн ашты. Алардын катары мезгил өткөн сайын калыңдоодо. Айтмакчы, түпкү Ата Журтуна көчкөндөрдүн басымдуулугу Өзбекстандан, жарымынан азыраагы Тажикстандан кайткандар. Айрыкча тажикстандык кайрылмандар үчүн паспорт алуу жана жумушка орношуу ушул тапта абдан орчундуу көйгөйгө айланып олтурат. - Турмуш-шартыбыз азырынча кудайга шүгүр эле. Ошентсе да, көйгөйлөрдөн куру эмеспиз, - деп кепке аралашты…

Этникалык кыргыздардан алкыш сөз

Этникалык кыргыздардан алкыш сөз

- Аскар мырза саламатсызбы, өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз, кайдан Кыргызстанга келдиңиз? - Саламатсызбы менин атым Аскар Адылбек, Синь-Цзянь уйгур автономиялуу районуна караштуу Кызыл-Суу кыргыз облусунан келдим. Учурда ал жакта 170 миңдей кыргыздар жашайт. Кытайлык кыргыздар борбору катары Артыш шаарын эсептешет. Көп эле кытайлык кыргыз жаштары сыяктуу эле мен дагы Кашгар шаарында окуп эмгектенип келгем. Чет өлкөдө туулуп өссөк да, Кыргызстанды мекенибиз…

Жер жылдызы Жерге-Тал: Латофат

Жер жылдызы Жерге-Тал: Латофат

Жерге-Талда эртели-кеч жарык өчүп калат. Бул кечте да жарык жок, каш карайып калганда, үйгө бир келин шапа-шупа кирип келди. Дасторкон үстүндө отурган элек. Конок ээсинин келинчеги менен сөзү бар окшойт, өздөрүнчө тажикче сүйлөшүп жатканда, анча деле көңүл бурган жокмун. Бир маалда үй ээси «Бул Латофат, Жерге-Талдагы жалгыз ырчыбыз» деп калды, мага карап. Шам жок болгондуктан, көз байланган кезде келиндин жүзүн…

Страница 94 из 125