Этникалык кыргыздар

Кытайдагы Кыргыз уздары

Кытайдагы Кыргыз уздары

Кытайдын Текес ооданында жашаган Турдугүл Сабыржан жакында «Кыргыз уздары» деп аталган кархана ачты. Анда колунан гүл өнгөн ондон ашуун кыз эмгектене баштады. Буга чейинки кыргыз кыздарынын кол өнөрчүлүк дүкөндөрү болгон. Бул жолу ошол дүкөндөрдүн башын бириктирген жаңы топ түзүлдү. ! jwplayer('player_video').setup({ file: '/images/oblako/video/Vidro_Stati/kytaidagy-kyrgyz-uzdary.mp4', width: '80%', aspectratio: '16:9' });

Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздарда келектин (элечек) оролушу бир кыйла айырмаланып турат. Кыргызстандын аймагында кийилген элечек оролуу ыкмасында даярдалса бул аймакта чалуу ыкмасы таралган. Азыркы мезгилде да бул аймакта 19-20 кылымдарда кийилип келген келекти кыз узатуу салтында колдонушат. Мургап районунун жергиликтүү тургуну 1938-жылы туулган Казакбаева Мейиз байбиченин колунда чач кеп, бет жапкыч, дурия жоолук сакталып келет. Булар келектин комплекстери…

Тоолуу Бадахшандагы кризис

Тоолуу Бадахшандагы кризис

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаарындагы башаламандыктын чоо-жайын атайын комиссия иликтөөдө. 20-майда тажик милициясы менен жергиликтүү тургундардын кагылышуусунда 4 адам набыт болуп, ондон ашыгы жараат алган эле. Бул окуядан кийин башталган нааразылык акциясы дагы эле уланууда. Акциянын лидерлери атышууга 2012-жылдан бери создугуп келген кризистин чегине жеткени себеп болгонун белгилешүүдө. Хорог шаарында 20-майда болгон атышуудан бир милиция…

Кайран элим

Кайран элим

Урматтуу туугандар! Бугун мага Чон Алайга Ооганстандан 15 жыл мурда кочуп келген Заит Тамир деген аксакал тел чалып, Акылбек мен Кыргызстанга барып жашап, олсом арманым болбойт эле деп келгениме бушайман болуп турамын. Бир жардам бергин болбосо мен Ооганстанга кайтып кочуп кетейин бизге жашоо кыйын болуп калды-деп кайрылды. Создун кыскасы Заит аке Кыргызстанга келгенден бери 10 жылда эптеп атып аялы…

Жарандыгы жок этникалык кыргыздар

Жарандыгы жок этникалык кыргыздар

Жарандыгы жок этникалык кыргыздардын саны 9 миңге жакын. Этникалык кыргыздар жарандыкты алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул тууралуу боордошторубуз өздөрү билдиришти. Андыктан Өкмөт Кыргызстандын жарандыгын алууну жеңилдетүүнү сунуштоодо. Маалыматка караганда акрыкы үч жылда Өзбекстандан боордошоторубуз көп болгон. Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстанга жалпы 50миңге жакын этникалык кыргыздар келишкен. Анын 80 пайызын Тажикстандан, келгендер түзөт. Негизги себеп, бул өлкөдө этникалык…

Кайсыл жерде жашабайлы, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө дайыма Кыргызстан жашап келет

Кайсыл жерде жашабайлы, жүрөгүбүздүн түпкүрүндө дайыма Кыргызстан жашап келет

Афганистандын Памир жана Түркиянын Ван аймагындагы бир ууч кыргыздар тууралуу эл арасында да, мамлекеттик деңгээлде да бир топ сөздөр жүрүп келүүдө. Быйыл өзүнүн туулуп-өскөн жеринен бир кезде туугандары менен Афганистанга көчүп кетүүгө аргасыз болгон Рахманкул хандын туулгандыгынын 100 жылдыгы Кыргыз өкмөтү тарабынан белгиленгени жатат. Бирок памирлик жана вандык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү тууралуу маселе коомчулукта далай ирет талкууланып, карама-каршы пикирлер…

Страница 96 из 126