Этникалык кыргыздар

Мургабда китеп аз, компьютер жок

Мургабда китеп аз, компьютер жок

Мургабдын Аличор айылында китеп жетпегендиктен, балдар бири - бириникине барып, сабак даярдашат. Кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин бөлүп жатат. Мургаб районундагы айыл мектебинин мугалими кыргыз тилинде китептер өтө тартыш экендигин бышыктады. Тажикстандын аймагындагы 60 чакты кыргыз тилдүү мектептер болсо, көбүндө окуу китептери өтө тартыш. Мына эми кыргыз өкмөтү Мургаб менен Жерге-Талга 13500 даана окуу китептерин…

Өздү өгөйлөгөндөр же кыргыз болуу кыйындыгы

Өздү өгөйлөгөндөр же кыргыз болуу кыйындыгы

Жакында Чүйдүн Чалдыбар айылында Тажикстандан көчүп келген кыргыздарды опузалап, айрымдарынын терезесин сындырган окуя мени катуу ойго салды. Тилекке каршы, жалпы элдин, улуттун бүтүндүгүнө, биримдигине доо кетире турган мындай чыр-чатактар кийинки жылдары көп кайталана турган болду. Бир караганда баары эси жок балдардын тирешүүсүндөй арзыбаган шылтоодон, күнүмдүк (турмуштук) талаш-тартыштан келип чыккан сыяктанат. Бирок жакшылап көз салган киши мындай осол көрүнүштүн түпкү тамыры…

Үркүн.  Улуу Памир кыргыздары…

Үркүн. Улуу Памир кыргыздары…

Пакистандын түндүгү. Сыртта ызгаардуу кыш. Адырлуу шаардагы дүкөндөрдүн бирине эки чет элдик баш бакты. Европадан келгендей түрү бар, сулууча келген аял асма баштык көтөргөн, узун бойлуу эркектин колунда фото аппарат. Ичкери киргенде күйөөсү орундукта отурган кишини көрөт. Бернард Репонд ооган кыргыздарынын советтик оккупациянын алдында Пакистанга ооп баргандагы татаал турмушун өз көзү менен көргөн саналуу адамдардын бири: – 1979-жылдын январы…

Улуу Памир менен Вандагы кыргыз каны

Улуу Памир менен Вандагы кыргыз каны

Ооганстандагы кыргыздардын жашы эмне үчүн кыскарып кетти деген суроого Абулхаким ага жооп берди. Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чыкканда Рахманкул хан менен Пакистанга, андан кийин Түркияга кеткен кыргыздын уулу Абулхаким ага ал жактагы этникалык кыргыздардын тарых таржымалын, өзүнүн башынан өткөргөн окуяны айтып берди. - Мен Кыргызстанга 1998-жылы келгем. Өзүм Ооганстандагы Кичи Памирде төрөлүп, он төрт жашка чейин…

Кытайдагы Кыргыз уздары

Кытайдагы Кыргыз уздары

Кытайдын Текес ооданында жашаган Турдугүл Сабыржан жакында «Кыргыз уздары» деп аталган кархана ачты. Анда колунан гүл өнгөн ондон ашуун кыз эмгектене баштады. Буга чейинки кыргыз кыздарынын кол өнөрчүлүк дүкөндөрү болгон. Бул жолу ошол дүкөндөрдүн башын бириктирген жаңы топ түзүлдү. ! jwplayer('player_video').setup({ file: '/images/oblako/video/Vidro_Stati/kytaidagy-kyrgyz-uzdary.mp4', width: '80%', aspectratio: '16:9' });

Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздардын салттуу келек(элечек) баш кийимдери

Мургабдык кыргыздарда келектин (элечек) оролушу бир кыйла айырмаланып турат. Кыргызстандын аймагында кийилген элечек оролуу ыкмасында даярдалса бул аймакта чалуу ыкмасы таралган. Азыркы мезгилде да бул аймакта 19-20 кылымдарда кийилип келген келекти кыз узатуу салтында колдонушат. Мургап районунун жергиликтүү тургуну 1938-жылы туулган Казакбаева Мейиз байбиченин колунда чач кеп, бет жапкыч, дурия жоолук сакталып келет. Булар келектин комплекстери…

Страница 95 из 125