Улуу Памирде тартылган selfie нин баяны

Улуу Памирде тартылган selfie нин баяны

Түркия Республикасынын чыгышындагы Ван областына караштуу Улуу Памир айылы жана ал айылдын тургундары болгон кыргыздар тууралуу жаңылыктардан, мугалимдерибизден угуп жүргөм мурда. Өзүм бир күнү барып, ал жактагы кыргыздар менен жашап, алардын жашоо-шартына күбө болуп, ой-пикирлерин угам, той-топурларында сыйлуу коноктордун катарында болом деп ойлогон эмесмин.

 

Жашоонун ар кандай сюрприздери болот экен, мына ошентип Түркияга антропология багытында магистратурада окууга келип, диссертациялык ишимди вандык кыргыздардын көч процесси тууралуу жазууга бел байладым. Мугалимдерим бул диссертациялык ишти аткаруу үчүн биринчиден Улуу Памир айылында талаа изилдөөсүн жүргүзүүм керек дешти. Талаа изилдөөсү изилдөө үчүн тандап алган жерге барып, ошол жердеги эл менен баарлашып гана кайтуу эмес, ал жерде жашап, алардын турмушун көрүп, жашоосун изилдөөнү камтыйт. Ошентип улуупамирдиктер ичкен сууну ичип, жеген тамагын татуу үчүн жай айларын ошол жакта өткөрүүнү чечтим.

 

Ulu pamird maek 1Барган күндөн тартып өзүмдү Кыргызстандын эле бир айылында жүргөндөй сездим. Жергиликтүү тургундар менен кыргызча баарлашып, сүттөп чай ичип, улак чапкан жигиттерди көрүп мен чет мамлекетте эмес эле өз мекенимде жүргөндөй болуп аттым. Түркия мамлекетинин статистикалык комитетинин 2012-жылкы билдирүүсүнө караганда айылда баардыгы болуп 1720 киши жашайт. Бирок жайында Түркиянын ар тарабында окуп, иштеп жүргөн Улуупамирдиктер айылга эс алууга келишет. Жай абдан шаң-шөөкөттүү өтөт экен.

 

 

Түнгө чейин көчөдө чуркап, кубалашмак, жашынмак ойногон балдар, футбол, улак тартуу боюнча көчөлөр арасы чемпионат, үйлөрдү актап-сырдоо, килем жуу, үйлөнүү, сөйкө салуу тойлору сыяктуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп, жайкы эс алуу бир жактан эсти оодарса, бир жактан позитивдүү маанай тартуулайт. Тойлор тууралуу кийинчерээк кеп кылалы. Күнүгө кечкурун, уй келээр убакта мен жашаган үйдүн короосунда айылдын төмөн жактагы жашоочулар уйларын күтүп алууга келишет жана чогулуп отурушуп айылдагы болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды сүйлөшүп, өткөн-кеткенди эстеп маек курушат.

 

Кыргызстандык студент кыз бар экен деп көбү мени да көргүсү келет, Кыргызстан тууралуу сурагысы келет. “Кыргызстанда мышык барбы?”,-деп сураган Али аке суроосун узаткан соң өзү да уялып каткырып күлүп жыгылат. “Кыргызстанда кайсы тилде көп сүйлөшөт? Орусчабы же кыргызчабы?”; “Динге кыргыздар кандай? Исламды тутунгандар көп элеби?”; “Жакшы президент келбей койду Кыргызстандын башына, ээ?”; “Роза деген президент аял бар болчу ээ? ”; “Акаев качып кеткен да туурабы?”; “Биз Кыргызстанга келсек аласыңарбы?” ж.б.у.с. суроолорду жаадырышты.

 

Өз ара маектеринде айылдагы көйгөйлөрдү, мал-жандын оорусун кандай алдын алуу керек, сугат иштери кандай чечилет, чөп чаап, жыйноону ким кандай жүргүзүп жатат, быйыл орозо кандай болот деген сыяктуу маселелерди талкуулап жатышты. Кошуна Айдар аке макал-лакаптарын, табышмактарын, ал эми Камал аке болсо Памир жайлоосунда ырдап жүргөн ырларын созултуп ырдап беришти. Камал аке мага карап “Кашы-көзү капкара, Ысык-Көлдүн кызы ай” деп ырдап калат кээде. Менин комуз черткенимди, ырдаганымды укканбы бир күнү ырдап бер деп өтүнүп туруп алды, Гүлнур Сатылганованын “Туулган жерди сагынуу” деген ырын созултуп ырдап бердим. Абдан кубанды.

 

Бир күнү адаттагыдай кечке маал акелер мен жашап жүргөн үйдүн короосуна чогулушту жана Айтмамбет чоң атанын жанына отуруп кеп кылып жатышканда мен #selfie тартып алдым. Бул #selfie Улуу Памир күндөлүгүмдө эң кымбат эстеликтерден болуп калды. Себеби азыркы учурда дүйнөдө #selfie сүрөт тартуу популярдуу болуп жатпайбы. Дүйнө боюнча кызыктуу #selfie лер, ырчы, актер, спортчу же болбосо достор, үй-бүлө чөйрөсүндө тартып, социалдык тармактарга таркатышууда. Мен да өз кезегимде улуупамирдик акелерим жана чоң атам менен #selfie тартып замандан, тентуштарыман артта калбайын дедим.

 

Анын үстүнө бул мен үчүн катардагы сүрөт эмес. Бул “селфиде” Түркиядагы кыргыздардын ачыктыгы, карапайымдыгы, баёлугу катылган. Дүйнө өзгөрсө да, мурдагы калыбынан жазбаган салттуу жүздөр, кадимки кыргыздардын өңү катылган. Тартып жатсам Али аке менен Айдар аке “ой, бизди сүрөткө тартып жатат, өзү да бар экен сүрөттө” дешип күлүп жатышты. Айтмамбет чоң ата болсо “кызыбыз сүрөткө да тартат, өзү да түшөт сүрөткө” деп жооп берди. “Андан кийин баары бизге да көрсөт, кандай болуп чыгыптырбыз” дешти. Баары өздөрүн жактырышты.

 

Келээрки блог-макаламда Айтмамбет чоң-ата тууралуу жазып берем. Азырынча биздин #selfie жана Камал акенин памирдик кыргыздардын чоң акыны Молдуул (Молдо уулу болсо керек, бирок өз ара Молдуул дешет улуупамирдиктер) деген кишинин ырынан үзүндүсүн угуп коюңуздар.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены