Этникалык кыргыздардын кайтып келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү маселеси кайтарылды

Этникалык кыргыздардын кайтып келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү маселеси кайтарылды

17-сентябрда Жогорку Кеңеште кайрылмандардын Кыргызстанга келүү тартибинин жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, кайрылмандардын жашоо шартын жакшыртуу, аларды документтер менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, кайрылмандардын Кыргызстанга кайтып келүү жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүү үчүн "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

 

Ошону менен бирге, өкмөт Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде кайрылман макамын берүү, алардын уруксаат берүүчү документтерсиз эле жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, медициналык маалымкат тапшыруу талабын жокко чыгаруу, алардын кертбашын аныктоочу документер менен камсыз кылуу сунушун киргизүүдө.

 

Талкуу жүрүшүндө этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Тажикстандын аймагынан келип жатканы белгилүү болду. Депутат Дамира Ниязалиева Кыргызстандын жарандарына турмушка чыккан өзбекстандык көптөгөн кыз-келиндер паспорт алалбай жүргөнүн билдирди. Министр бул маселени иликтеп көрүүгө убада берип, кайрылмандар жапырт келген учурда, коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын айтты.

 

Ал эми депутат Турсунбай Бакир уулу 2007-жылы кабыл алынган "Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамдын аталышын "Кыргыз Республикасына келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" деп өзгөртүү сунушун берди. Анын пикиринде, "тарыхый мекен" деген түшүнүк мааниси жагынан анчалык так эмес.

 

Дагы тактай турган маселелер арбын болгондуктан, депутат Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен мыйзам долбоорун экинчи окуунун режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены