Түрдүү себептер менен Ата Мекенин, туулуп өскөн жерин-өз элин, тууган туушкандарын, таштап, башка өлкөлөргө баш калкалап, кеткен мекендештерибиз, туугандарыбыз дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө кездешет. Түндүктө 1916-жылкы үркүндү, түштүктө 1930-1936 жылдардагы козголоңдорду эске алсак, биздин урук туугандарыбызды жаңы түзүлүп келе жаткан совет өкмөтүнүн саясаты, мыйзамы туулуп өскөн жерин таштап кетүүгө аргасыз кылган. Массалык түрдө байларды, молдолорду камакка алуу, сүргүнгө айдоо, өлүм жазасына…