"Таджикстандын Президентине өз колум менен ат мингизгем"

"Таджикстандын Президентине өз колум менен ат мингизгем"

"Таджикстандын Президентине өз колум менен ат мингизгем"

Сеитбеков Азиз ажы

 

"Иштеген киши - карыбайт, карыса да, арыбайт" демек чи, жаш кезинен эле билимге умтулуп, жаштарга туура тарбия үчүн, мугалимдик кесипти аркалап, андан сырткары, ар кандай мамлекеттик жыйындарга катышып, аз да болсо, элге туура насаат калтырсам деген Сеитбеков Азиз ажы атанын үйүндө болдук. Атанын үйүнө биз эле эмес, Туркияда жашаган туугандары да келген экен. Андыктан, баарыбызды жылуу маанайда тосушуп, дасторкон жайышып, чыныгы меймандостугун көрсөтүштү.

 


Aziz ajy 2-Амансызбы ата! Өзүңүз жөнүндө кененирээк айтып өтсөңүз?..

-Мен Сеитбеков Азиз, 1936-жылы Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда төрөлгөм. Атам согушта курман болуп калган. Атамдын бир тууган эжеси Тажикстандын Мургаб айылында турчу. Кийин атамды угузган соң, ыйлап эле үйгө кирбей, талаада кыйкырып жүрүп, сүйлөй албай, дудук болуп калган. Кийин, 1946- жылы атайын мен үчүн келип, өзү жашаган жакка алып кеткен. Барганда, жашым жетип турса да, мени окуткан эмес. Түндө колумдан кармап жатчу, менимче, менден да айрылып калам деп корксо керек да... Ошентип жүрүп, окуудан кечигип, акыры үйдөн качып жатып аран бардым. 1948-жылы кирип, 1958-жылы мектепти бүттүм. Мектепти бүтөөрүм менен эле, өзүмдүн классташым Абдыжапарова Гулайымга баш коштум. Бирок, үйлөнөөрүм менен эле буйрук чыгып, мени аскерге алып кетишти. өзбекстандын борбору Ташкентте 2 жыл кызмат өтөдүм. Келээрим менен эле, мектепке физика, математика мугалими кылып жумушка алышкан. Бирок, кайра билимимди уланткым келип, Ош педагогикалык институтунун химия-биология бөлүмүнө тапшырдым. Бүтүп бараарым менен, өзүбүздүн мектепте 2 жыл директор болуп, 12 жыл окуу бөлүм башчысы болдум. Кийин 4 уул, 2 кыздуу болдум. Алай районундагы мектепте өзүмдүн кайним химия-биология сабактарынан мугалим болчу, ал башка айылга көчүп кеткенине байланыштуу, анын үстүнө баардык тугандарым Алайда болгондуктан, ал жерге көчүп барып, аталган сабактардан билим бере баштадым. Ошентип, 1975-жылдан, 2004-жылга чейин Алай районуна караштуу, Сары-Могол айылында туруп калдым. Ал жерден башталгыч класстардын окуу бөлүм башчысы болуп жүрүп, пенсияга чыктым. Андан соң, Агахан фондунда 8 жыл иштедим. Учурда уул-кыздарымдын баары үй-бүлөлүү, бала-чакалуу, Кудайга шүгүр, неберелерим гана эмес, чөбөрөлөрүм да бар.

 

Aziz ajy-Балалыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз?...

-Биздин балалык мезгил согуш учуруна туш келди да. Андыктан, ачарчылыкка байланыштуу канча деген эл, ар тарапка качып кетүүгө мажбур болушту. Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстан, Тажикстандагы кыргыздардын көпчүлүгү ошол мезгилде отурукташып калгандар. Атам согуштан каза болуп, энем дан сактоочу складда кароолчу болуп иштеп жүргөндүктөн, биз ачарчылыкты көп көргөн жокпуз. А калгандары, өзгөчө ата-энеси таштап кеткен балдар ачкадан эле өлүп калган учурлар болгон. Себеби, нанды талон менен берчү. Анда да, граммын санап, айтор, чыныгы ачарчылык мезгилди баштан кечирбедикпи. Андай учурду биздин урпактарыбыз көрбөсүн деп эле тилейбиз.

 

-Чүй облусуна качан, кандайча ке¬лип калдыңыз?

-Чоң кызым турмушка чыгып, кичүү уулум окуусуна байланыштуу Бишкекке кетишти. Андыктан, кемпирим, биз деле шаарга көчүп баралы дегенинен, Чүй облусунан үй алдык. Бирок, мына көчөбүз деп турганда, кемпирим оорудан улам көз жумду. Анан, дагы бир жыл туруп, кемпиримдин жылдыгын өткөрүп, 2005-жылы көчүп келдик. Бул жакка келген соң балдарым Меккеге жиберишип, мусулмандык парзымды аткарып, ажы атка конуп келдим.

 



Aziz ajy 4-Мамлекеттик деңгээлдеги курултайларга да катышып жүрүптүрсүз?..

-Мен Тажикстанда жүргөндө, ошол жердеги элдин кадырлуу аксакалдарынын бири элем. Кандай гана майрам болбосун, мени же машине жиберип, же өздерү келип чакырып кетишчү. Ал гана эмес, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Көлмө деген кытайдын жолунун ачылышына келет деп жатышканда, "Ушул акчага президентке ат алып, мингизип коюңуз" деп, өкмөт акча берди. Мен ат алып, жакшы кылып багып, президент келгенде өз колум менен мингизгем. Ошондой эле, 2003-жылы, Бүткүл Дүйнөлүк Курултай болуп, мени делегат кылып жиберишти. Ал учурда А. Акаев президент болчу, алар көрсөткөн сый-урматтын баарын көрүп, жада калса, Ыссык-Көлгө чейин барып, курултайдын маанилүү талкууларына катышып келгенмин.

 

-Анда, кыргыз эли канткенде өнүгөт деп ойлойсуз?

-Эр биринчи элдин ынтымагы болуп, эл мыйзамдан корксо, мыйзамды сыйласа, жетекчилерди сыйласа, адам баласы өзү кандай жумушта иштесе дагы, ошону чын дили менен аткарса, ошондо гана өлкөбүз өнүгөт, өсөт. "Падыша - Алла Тааланын жердеги көлөкөсү. Андыктан, Аллага кантип баш ийип, урматтасаң, ошол жетекчини да ошондой сыйлап-урматташьң керек" деген хадис да бар. Бирок, кайдан, бизде баары тескери болуп жатпайбы. Жада калса, жаштар улууларды сыйлабай калышты...

 

-Жаштарга нааразычылыгыңыз бар окшойт?..

-Биздин убактагы жаштар, аксакал адамдарды сыйлап, мектептеги балдар мугалимдин тилин алып, айтор, өтө ийкемдүү болушчу. Эң негизгиси, мамлекеттик мыйзамды сыйлап-урматтайт элек. Азыр жаштар гана эмес, улуу муундун өкүлдөрү да мыйзамды сыйлоону билишпейт. Мыйзам иштебеген жерде тартип болбойт да!.. Бирок, жаштардын тартиби жок деп айтуудан алысмын, албетте. Болгону, аларга жол көрсөтчү адамдар жетишсиздик кылат. Ошондой эле, "Түндүк-түштүк" болуп бөлүнүшүп, ынтымагыбыз ыдырап барат кандай. Минтип бөлүнүп олтурбай, тескерисинче, кайра бириксек, бизге эч ким тие албас эле... Канткен менен улуу элбиз го?!.

 

-Туркиядан туугандарыңыз келишиптир, алар кандайча ал жакка барып калышкан?

-1916-жылдагы Үркүндө, "Орус келе жатыптыр, байларды кармап, молдолорду жоготот экен" деген кептер жайылып, менин туугандарымдын кээ бири байлыктарын, тактап айтсам, 5-6кг алтындарын улактын чаначына салып алышып, Ооганстанга качып кетишкен. Бирок, алар качып барган жер ээн талаа, бир да жандык жок болгон. Ошентип, 1920-жылдар га чейин ошол тарапта жүрүшүп, кийин, Рахманкул ханды кармайбыз дешкенде, ал киши да ошол тарапка качып барат. Рахманкул хан ал жактагы качкындардын баарын алып, ошол эле учурда менин туугандарым да Пакистанга өтүшкөн. Ал жактын ысыгына чыдабай, канча деген карыялар, жаш балдар да көз жума башташат. Ошондо, Туркиянын Пакистандагы элчиси Рахманкул ханды чакырып, кайдан келген эл экенин сурап, алардын абалы менен таанышкан соң, Туркияга көчүрүп кеткен. Ошентип, кийинчерээк алар тууралуу уккан соң, 2011-жылы, өзүмдүн бир тууган акемдин кызы менен күйө баласы, мени туугандарыма жолуктуруу үчүн Туркияга алып барып келди. 2012-жылы алар келишип, Чоң-Алайга чейин барышып, туугандар менен таанышып кетишти. Ал эми, кичүү жээним Заиттин келгенине 3 күн болду. Келгенден бери шаар аралатып, уул-кыздарым катар-катар чакырышып, айтор, болгон сыйыбызды көрсөтүп жаткан учурубуз.

 

-Жашоонун маңызы?..

-Дүйнөдө тынчтык болуп, бала-чаканын сый-урматын көрүп, небере-чөбөрөлөрдү эркелетип олтуруу - бул жашоонун маңызы. Бул дүйнөдө башка эч нерсе жок. Байлык деп коюшат, бирок, байлык деген - акча, мал-мүлк эмес! Чыныгы байлык - бул жакын адамдарьң! Кээ бир адамдар бар, эс алдым деп кичине ичип алып, мас болуп калганын айтышат. Жок, кыргыз кандай гана жерде болбосун, үйгө келгенде, балдарын, неберелерин көргөндө гана эс алат. Андыктан баардык адам баласы, бала-чакасы, жакын адамдары менен биргеликте аман болушсун!

 

 

Маектешкен Наргиза Талантбекова

Тамчы гезити \сентябрь 2014\

комментарии

Абу-Бакир

Абу-Бакир

Пятница, 10 Октября 2014 08:53

Чындыгында Азиз Ажынын Сары Кол эли Сары Кол жери учун жалпы кыргыз калкы учун кылган кызматы,аракети ото эле чон.Тажикстандын Президенти Мургаб жерине расмий сапар кылат экен дегенде ушул аксакал анда ал Тажикстан Президеннти Эмомали Рахмонго ак боз ат мингизели деп сунуш кылып ал ишти акырына чейин жеткире алган и оз колу менен ак боз кулукту Президентибиз Эмомали Рахмонго мингизген. Ал эле эмес тарыхта ошол Сарык Могол Алай жергесине картошка эгишти жана анын осуп жетилип элге пайдасы тийерине ушул адам жана рахматы Муттабар Кенжебаевдин эмгеги ото чон ,анкени картошка оспойт анда чыкпайт пайдасы болбойт деген туугандар ото коп болгон ошолорго карабастан аракет кылып картошканы озу карап остуруп ааламга дангазалады мына азыр Алай жергесинде Сарык Могол жеринде жана элине бирден бир киреше киргизип онуп осуп жаткан бир экономикалык каражат ошол Азиз Ажы остургон картошка болуп берди,бул эле эмес ошол Кызыл Булактан чыгып жаткан азыркы комур кени биринчи болуп ушул Азиз Ажы тапкан жана озу отко калап жагып коруп анан элге айтып дангазалаган.Дайыма бар болуп уулдардын урмат сыйын коруп журобериниз!

Абу-Бакир

Абу-Бакир

Пятница, 10 Октября 2014 08:33

Действительно именно этот человек был идейным вдохновителем подарки от имени народа Мургаба для Президента РТ Эмомали Рахмону,именно этот человек Азиз Ажы и Муттабар Кенжебаев был организатором посадки картофеля на земле Сарык -Моголя,именно Азиз Ажы находил первый раз месторождения угля в участке Сарык Могол который в последствии стал один из крупных карьерой Кыргызстана и обеспечивает вес Южный Кыргызстан и Восточный Памир и Каратегинскую долину. Ему всех благ и крепкого здоровья!

Indeed this man was the mastermind behind the gifts on behalf of the people of the Murghab to President Emomali Rahmon, this man Aziz Azhy and Muttabar Kenzhebaev and was the organizer of planting potatoes on the ground Saryk -Mogolya, namely Aziz Azhy found for the first time at the site of the coal deposits which Saryk Mogul later became one of the largest career and provides weight Kyrgyzstan Kyrgyzstan and South Eastern Pamirs and Karategin valley. Him all the best and good health!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены