АК-ЖЫЛГА (аңгеме)

АК-ЖЫЛГА (аңгеме)

Жайдын саратан күнү, узун кара май жол менен өрлөп келе жаткан “көк-кашканын” улуган үнү, Кулак-Кести жылгасынын оозуна чыгып, Аличор айылына карай тумшуктан энкейгенде гана ак тумшугу менен ЗИЛ-130 маркасындагы унаанын карааны көрүнө баштады. Оор жүгү менен озондоп келе жаткан “көк-кашка” эми, өх.. дегенсип ылдыйга бешинчи тездикке (скоростко) которулуп үнү жеңилдей түштү.

 

Аличор, эки жүз түтүн эл жашаган чакан айыл. Совет бийлиги күчүнө толуп, дүркүрөп турган кезде, тээ 1970-жылдары Ак-Жар менен Булуң-Көл айылында жашаган тургундарды, Аличор суусун бойлото үй салганга жер тилкелерин берип “Булуң-Көл” совхозунун борбору кылып көчүрүп келишкен. “Ак төөнүн карды айрылган” молчулук заманда дагы, Совет бийлиги жергиликтүү элдерге тез курулуучу “фин-дом” үйлөрүн салып бербей, ылай менен кыш куйдуруп өз мээнетине жараша үйлөрдү салдырган. Аличор суусу менен чоң кара май кан жолдун так ортосунда жайгашкан айылдын көркү, совхоздун конторасы менен кыдырата тизилген беш “фин-дом” үйлөрү. Албетте, айылдагы эн чоң имарат, бул бир кабаттуу “Ж” тамга түрүндө таштан салынган чатырлуу орто мектеп.

 

Оор жүк ташыган автоунаа, эми ылдыйга дагы аба жетбей энтигип күч менен жүрүп келип совхоздун конторасынын тушуна токтоду. Кабинасынан бир жолоочу түшүп, “көк-кашка” кайрадан ордунан титиреп калтырап кыймылдап, Ош-Хорог кан жолун андан ары улады. Унаадан түшкөн жолоочуну күтүп турган, узун бойлуу чымыр денелүү жигит, утурлап келип Ассалому Алейкум! деп салам айтып учурашты.

 

- Ва Алейкума Ассалом! Атын ким, кимдин баласы болосун, кайсы уруудансың - деп колунда таягы бар, узун кара чапан кийген, жашы сексен ашып калган узун бойлуу карыя бир топ суроолору менен алик алып жылуу учурашты.

- Мен Нуран деген кишинин уулу болом, атым Келдибек, уруум Найман.

- Аа, болду-болду балам, тааныдым, мен атанды да жакшы билчүүмүн. Эми Келдиш, сага атайын “ат арытып, жол карытып” келдим, мени Ак-Жылгага алып барышын керек, менин жөн жайымды Топчубай айткан чыгаар -деп суроолуу карады дагы, кайра сөзүн улап, менин атым Матек, Матек ава десен деле болот деп жылмайып койду.


Совет бийлиги Сары-Колдун жылкыларын жок кылгандан бери, элдин негизги улоосу болгон, ат-тулпардын ордуна май менен жүрүүчү шайтан араба пайда болгон эле, эми ушул эки дөнгөлөктүү “ИЖ-Планета” мотоциклине Матек ава учкашып алып үн сөз жок Ак-Жылгага жол тартып бара жатты.


Ак-Жылга Аличор айылынын күнгөй жагы, совхоздун центринен жыйырма чакырым алыс турат. Төрүнөн жылганы так экиге бөлүп, эки жээги жап-жашыл болуп, шаркыраган мөлтүр суу агып турат. Суунун жээги жашыл шибер менен сары гүл аралаш бирме бир жөргөмүш өсүп, жылганын эки бети тоо таяна анкыган мамыры менен кумуру гүлдөрүнө бөлөнөт. Төрү ышкын менен чүкүрүнүн мекени. Жылганын ортосунда асман тиреген тик аска-зоолуу Тик-Таш деген күздүк конушу эле болбосо, негизинен ак-кийик (аркар-кулжа) жүргөн белдүү узун жылга. Булут чапчыган Тик- Таштын жып-жылма аска-зоосунда бүркүт уялап, кызыл-кийик (эчки-теке) менен ак-илбирс, аю, бөрү, түлкү, чугуттаган суурлар жана башка жаныбарлар байырлаган жер. “Улуу тоодо болгон барбы, Улар үнүн уккан барбы” деген сынары, Улардын ышкырыгы жайы бою Ак-Жылгада бүркүттүн шаншыган керемет үнү менен айкалып, өзүнчө эле симфония болуп турат.


Мотоциклде учкашып, үнсүз ойлонуп бараткан Матек аваны, Ак-Жылга тээ 1930-жылдардагы тагдырынын оор күндөрүнө жетеледи. Ал кезде Матек ава күчүнө толуп турган жаш курагы, сүйлөсө сөзү өтүмдүү, билегинде күч бар, шамал менен тен жарышып ат үстүндө улак тарткан чабандездердин бири эле. Минген “Кара-гер” аты, аламан байгеде дагы биринчи келип, баш байгени эч кимге бербей турган чагы. Ошондой күндөрдүн биринде, Оо- ган тараптагы Улуу Памылдын байларын бири Матек аванын “кара-гер” атына кардар чыгат. Метел сөздөргө бай Матек ава, “темене берип, төө алам” жалгыз кызынызды мага жубайлыкка берсениз “Кара-гер” ат сиздики дейт. “Сөз оозундан чыкканга чейин сеники, оозундан чыккандан кийин, сен сөздүн кулусун”-деп, бай жалгыз кызын Матек авага нике кыйып берип “кара-гер” тулпарын алып калган экен.


Заман өзгөрүп, Совет бийлиги күчүнө толуп, Сары-Колдо баш көтөргөндөрдү 1934-жылдары репрессиялап атып жок кыла баштаган кезде, колхоздун бир койу үчүн чабандар соттолуп, эркин өскөн элди мункуратып Сибирге сүргүнгө айдаган доор келет. Матек ава, жаңы түзүлгөн “Кызыл-Аскер” колхозунун бир короо малын алып, сүйүктүү жары менен өзүнчө түтүн булатып, ушул Ак-Жылгага жалгыз үй чабан болуп көчүп чыгат. Ошол жылы кар улуу жаап, жут болот. Түнү менен лепилдеп жааган кар, эртеси жарым метр тереңдиктеги сайды түптүз аппак тегиз талаага айландырат. Кардын оордугун көтөрө албаган ууктар, түндүктү чөгөрүп, кычыратып тирелип чыгат. Түн сөгүлүп, таң агара баштаганда бой кат аялын толгоосу дагы башталат. Матек ава, отту күчөтүп жагып, боз үйдүн үстүндөгү карды күрөп, аялына отун-сууну камдап берип, койду короодон айдап тоого чыгат. Кар жиреп мутаган койлор, тээп жегенге от тапбай бири бирин жүнүн жей баштайт. Кош бойлуу аялынан сарсанаа болгон Матек ава же койду талаага таштай албай же үйдөн кабар ала албай убара болот. Түш оодуруп асырда койду короого айдап келсе, үйдү жаңыртып ыйлаган эки наристенин үнү угулат. Аялы эгиз кыз төрөп, киндигин өзү кесип, экөөсүн эки башка чулгап төшөккө ороп жаткырып, өзү дагы кыздарын жанында жаткан бойдон түбөлүк уйкуга кеткен экен. Үйдө от өчүп эки кызы ыйлап атып көгөрүп чыгыптыр. Аялынын жансыз денесин капшытка жылдырып, кыздарына кашыктап сүт берип карайт. Түн уйкусуз болот, кыздарынын ыйы менен аялынын жансыз денеси Матек аванын шайын алат. Таң агара баштаганда кыздары уктагансып тынчтана түшөт, өзү дагы кынтайып көзү илинип бир саамга уйкуга кетет. Ойгонсо бир кызы көкмөк болуп эчак эле денеси муздап, жаны кушка айланып, апасынын артынан учуп кеткен экен. Эгиздин бир түгөйү көзүн ачалбай, ыйлаганга дагы алы келбей мурду менен араң эле дем алып жатыптыр. Олдо кызым ай, үшүп калган турбайсыңбы деп, кызын чулгоодон чечип алып, өзүнүн жылаңач денесине тийгизип койнуна салат. Атанын мээримин сезгенсип бир аз дан кийин көзүн ачып ыңыранып үн чыгарат. Жылыткан сүттөн кызына кашыктап ичирип, экинчи жансыз жаткан кызынын мүрдасын, аялынын жанына капшытка жылдырат. Эми анысы аз келгенсип, “өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, короодогу койлор дагы “биз кырылсак, сени Совет бийлиги түрмөдө чиритет” дегенсип кайра-кайра маарап кым куут салып Матек аванын ушун алат. Матек аванын айласы кетти, койду короодон чыгарып тоого жайбаса мал кырылып анда эле шору шорподой кайнап түрмөгө кесилет, малга чыкса, алсыз жаткан кызынан айрылат. Үйгө терскенди утуру калап турбаса, жалп этип күйгөн от кайра өчөт. От өчсө, заматта эле эски алачыктын туш тарабынан озоңдогон шамал кирип кызын тоңдурат. Айласы кеткен Матек ава, кызын чулгап отту күчөтүп жагып, короодогу малды айдап тоого чыгат. Бир аз койду айдап барып, кайра үйгө чуркап келип күйүп жатткан отту улуулап жагып, кайра койго чуркайт. Ошентип отуруп чак түштө үйгө келсе, кара жанындай болгон кызынын денеси муздап, бул жарыктык менен коштошуп учуп кеткен экен.


Мотоцикл Ак-Жылганын төрүнө жетип токтогондо гана, Матек ава башында чарк айланып уйгу-туйгу болуп жаткан оюнан арылып, мотоцикилден жерге түшүп дөңгө карай басты. Эки жакка көз чаптырып үйүлгөн таштардын жанына келип чөк тизелеп жыгылды.

- Мына, эми келдим, арадан канча суулар агып, канча деген жылдар өттү. Ооба, билемин, күнү бүгүнкүдөй ал күндөрдүн бары эсимде, мен эч качан силерди унуткан жокмун. Ар бир суу ууртап, нан оозума салганда силерди эстеп дуба кылып жүрдүм. Туура, силерге зияратка келе алган жокмун. Балким, коркоктук кылдым, балким куураган оор турмуш тоскоол болду. Жок, жок, актангым келген жок, жон эле айтып жатам, чын, мен ал кезде жаш болуп же Совет бийлигинен катуу корконум үчүн малдын башын сактап калууну ойлодум . Айланайын ак никелүү алгачкы жан жубайым, садаган кетейин туң кош периштелерим, мени кечиргиле! -деп Матек ава жарылып, шолоктоп жаш баладай ыйлап жер кучактады. Көзүнөн аккан жаш бетин жууп, сакалынан ылдый аялы менен эгиз кызы жаткан жерге тама баштады. Ар бир ысык тамчы жашы, бозоруп жаткан топого сиңип, аялы менен кыздарынын рух арбайы менен жуурулушуп жаткансыды. Бир топтон кийин, жер менен жер болуп билинбей калган жердеги чоң ташты тик тургузуп, мүрзөнү кыдырата таш менен тизип, куран багыштап дуба кылышты. Менин дагы бул дүйнө менен коштошоор күнүм жетти, жакында аранарга барып кошуламын, бул менин акыркы келишим. Ак-Жылганын тоолоруна тазим, ушундай ак мөңгүлүү таза тоолордун койнунда жатканынар мени суктандырат. Менин сөөгүм кандай жерде калат, ким билет? Карачы кандай ак мөңгүлүү кооз керемет жылга, жайлоонун төрү кооздугуна көзүм тойбой турат деп Матек аба айланага көз чаптырды. Ак-Жылга дагы Матек ава менен коштошконсуп, куштардын сайраган үнү, суулардын шаркырагы менен тең жарышып суурдун чугуттаган үндөрү кубулушуп, жылганын төрүнөн соккон жай сыдырым шамал келип Матек аваны сылагансып арбады.


Мотоцикл Ак-Жылгадан кайтып, чоң кара май кан жолго жеткенде Матек ава, эми мени ушул жерден эле Мургабка автоунаа тосуп салып жибергин деп суранып калды. Ылдыйга шуулдап, артынан жыландай чимирилтип чаң ээрчиткен мотоцикил, чоң жолго чыгып, он жакка бурулуп жээкке токтоду. Мына Келдиш, эми рух-арбайлар сага аманат, менин көзүм өтсө, Ак-Жылгага келип калсан дуба кылып жүр! Менин боорумдун жарымы ушул Ак-Жылгада калды. Мен, жан берип жаткан кезде дагы Ак-Жылганы эстейм- деп көзүнөн жаш кылгырды. Аңгыча жүгүн таштап Ошко карай салт кайткан унаалардын бири койкоңдоп келип жолдун четине токтоду. Мейли эми Келдиш, Кудайга аманат, кызматына чоң рахмат! Көзүм өтсө мени эстеп жүр! Сенин кылган кызматына эки дүйнө ыраазымын! Ак-Жылгага жетбей калып арманда өтөмүнбү деп жүргөн жүрөгүмдөгү оор жүктөн арылттың. Эми өлсөм дагы арманым жок деп эки колун жая кыбыла жакты карай, жанында турган жигитке быжырап ак батаасын берип унаага отурду.


Ошко карай зымырап учуп бара жаткан, салт “көк кашка” автоунаанын кабинасында Матек ава, алтымыш жылдан бери көтөрүп жүргөн оор жүгүнөн арылгансып мемиреп уйкуга кетти.


Кулматов Матек (1897-1986-ж.ж) Матек ава, 89-жашында Ак-Жылгага барып келгенден кийин бул дүйнө менен кош айтышкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены