Ван кыргыздарынын аалымы кайтыш болду

Ван кыргыздарынын аалымы кайтыш болду

Түркиядагы Ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан 14-майда 65 жашында жүрөк оорудан каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» маркумдун уулу Памир Ватан кабарлады. Абдулхалим Ватан 1955-жылы Бадахшанда туулуп, өмүр бою памирлик кыргыздардын биримдигине жана өнүгүшүнө салым кошуп келген. 1982-жылы памирлик кыргыздар менен Түркиянын Ван аймагына көчүп барып, отурукташып калган.

 

Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын Түркияда изилдеп, Улуу Памир айылынын тургундарынын маселелерин Кыргызстанга жеткизип турган. Өмүрүнүн аягына чейин Тажикстандагы, Памирдеги жана Түркиядагы кыргыздардын тарыхын, санжырасын изилдеп, кийинки урпактарга үйрөткөн.

 

Абдулхалим Ватандын аркасында эки уулу калды.

 

Түркиянын Ван аймагына кыргыздар 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Улуу Памир айылында эки миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены