МУРГАБ: Нооруз майрамы белгиленди (сүрөт)

Бүгүн 26-март күнү Сары-Кол өрөөнүнүн Мургаб шаарчасында Нооруз элдик майрамы салтанаттуу түрдө болуп өттү. Майрамдык салтаннатта Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Усния калкыбызды Нооруз майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарада түрдүү улуттардын каада-салттарынан көргөзмөлөр уюштурулду. Анда кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштар коюлуп, ыр-бийлер, ар улуттун каада-салттары көрсөтүлдү.

 

Салтанаттуу аземдин акырында майрамдык маанайды райондук маданият бөлүмүнүн коллективи шандуу ыр-күү концерттерин тартуулашты. Ошондой эле майрамды Сары-Кол өрөөнүнө карашту кыштак жамааттары да өтө чоң денгеелде белгилешти.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены