Шералы

Шералы

Ызгарлуу суук жүрүп турган учур, күз айынын ортолоп калган маалы болчу, сырта кар себелеп борон башталып калган капшыртта уйку тартып жаткан Шералы ордунан козголдуда сыртка чыкмак болду. Ал керегенин башында илинип турган орус бушлатын желкесине жаап, башына чоң атасынан калган кадимки эле кыргыз тебетейин кийип таза абага чыкты.

 

Эх, мындай таза абаны дүйнөнүн кайсы жерине барсамда жутпасам керек касиеттүү жеримден айланайын деп өзүнчө кудурандап алды да, эсине так этип бир нерсе түшкөндөй короо жакка жөнөдү. Ал өзү отурукташкан айылдан отуз, кырк чакырымдай алыстыкта кыштоодо төл алганга сакманчы болуп жалданып чыккан эле. Короого барып үйдө калган койлору менен козуларынын астындагы чөбүн карады, жаныбарларым десе буларга чөп салып сугарыш керек турбайбы деп бурчта жаткан кап канарды ( атайын чөп салганга арнап тигилген чыпта) алып чөп кепесине кирди.

 

Короодогу койлору менен козуларын жайгарган соң Шералы боз үйдүн жанына келип көчүк басты, ал өзү жаш кезинен мал менен чоңойгон тиричилигине тың, көсөм атасын эстеп олтурган кезде анын оюн жанатан бери байкап турган жубайы Чолпон бузду. Ай, эмнеле ойго чөмүлөсүн андан көрө бош болсон жүрү бир эки кап тезек терип келели деп колуна чыпта сунду, жүр терсек терели мага үйдөн дүрбүнү алып алчы деп аялынан озунуп басты. Дүрбү бул чабандардын такай колдонгон буюму анысыз түз талаа, тоо кырларда бир нерсени баамдап көрүш кыйын. Тезеке алаксып калган Шералы ары жактагы ташка олтурду дагы дүрбүсун алып көз жүгүртүп баштады. Ак карды жамынган көктү тиреген тоолордон тоо кийигин издеп баштады.

 

Шералы кыштаган кыштоо Корумду деп аталган жайыт болчу, ал ошол корумдардын арасынан билинер билинбес болуп корумга синип кеткен тоо текесин көзүнө илештирди, анткен менен Шералынын атасы Кадырбек ата көзгө атар мерген болчуу. Кантседа аккан арыктан суу агат демекчи мергендин баласыда анчылыка кызыгат. Эгер закон күчүнө кирбей турганда Шералы деле анчылыкты токтотмок эмес. Ал корумда жаткан текелердин санын эсептеп баштады, Так бир, эки, төрт, беш алты калганы көрүнбөйт тээ тиги чоң таш тосуп калат турбайбы он чакты болсо керек эле, каап мылтыгым болгондо эрте менен таң сүргөндө өңүт басмакмын.

 

Аңгыча Чолпондун үнү угулду Шералы үйгө кайттык. Азыр баратам, жубайы дагы өзү менен бирге окуган ал дагы чабан адамдын кызы болчу, булар бактылуу үй бүлө. Шералы каптагы тезекти үйдүн алдына жөлөп кепенин үстүндө жайылып турган гөнгө (кык ) чыкты да кургактарын иргектеп отунга кошту. Бир эки күндүн ичинде терскенге барып коюшум керек экен деп ойлоп жатты. Кечки саат бешти чамалап калган учурда эчки кепеге гөң салып баштады, короонун четиндеги кулаган таштарды тизип короону тегиздеди, атаң көрү бул эчки жаныбар тынбайт турбайбы кайсы жерден болсо да чыгат экен. Ишин буткөн соң койлордун талаадан келишин күтүп жатты. Бул чөлкөмдө эртеден кечке койлор талаада от жеп кечинде короого келишет. Ошондой эле башка төө, топоз, уй, ат, эшек баары ошондой талаадан чөп жейт. Кой келген учурда чыгып кой камашып экчилерди, козуларды бөлөк камап. Уйгө кирип кечки тамакты ичип үйдөгүлөрү менен жобурашып кечи кирип таңы атып тынч жашоосу уулана берет. Өзү дагы ушул жашоосуна ыраазы боло кеч кириши менен аялы экөө жылуу жуурканды үстүнө тартып, таттуу уйкуга көздөрүн алдырып калды...

 

Бул жердеги Шералынын уйкусу бузулбай тынч жашоо өкүм сүргөн, бийик тоолорго курчалган, абасы таза, илгертен бери тоолук кыргыздар жердеп келген касиеттүү жер Сары-Кол өрөөнү.

 

-------------------------------------------

 

Сөздүк

Канар- ( чыпта, кап. )

Тезек – Топоздун гөнү. Бул нерсени атам замандан бери эле кыргыздар отун катары колдонуп келишет.

Терскен – Кыргызстанда Алайкуу тарапта терскенди ичеги дагы дешет, тутурук катары колдонуп келинген отун.

Тоо текеси – ( Кадимки эле жапайы эчки ) Сары-Колчулар кызыл кийик деп аташат.

 

www.sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены