Ардагер болгон агайда, үлгү алчу жакшы сапат көп

ardager-bolgon-agaida-lg-alchu-zhakshy-sapat-k-p 1Ниязбеков Гожомберди Сарабекович 1959-жылы Тажикистандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунын Мургаб районуна караштуу Ыраң-Көл айылында төрөлгөн. 1976-жылы С.М.Киров атындагы №4 орто мектебин бүтүргөн. 1977-1981-жылдары Кыргыз Республикасынын ОГПИнин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүндө окуган. Ал эмгек жолунда райондун, № 6, 4, 10, 12, 1, 9 мектептеринде мугалим, директор жана инспектор болуп иштеген.1986-1992-жылдары комсомолдук-партиялык кызматтарда эмгектенген. 1995-жылдан райондук ишке жайгаштыруу мекемесин, 1997-2003-жылдары райондук билим берүү бөлүмүн, андан кийин Өкмөттүн саясий-маданий бөлүмүн, уюштуруу жана кадрлар бөлүмдөрүн жетектеп, алгылыктуу эмгектенип келген. 2003-2006-жылдары АКФда билим берүү боюнча координатор болгон. 2011-жылдан бери райондо социалдык жардам берүү бөлүмүн жетектеп, андан кийин райондук «Сарыкол» гезитинде редактор болуп иштеген. Райондук эл депутаттарынын Маджилисинин депутаты.


«Ойнойлу, ордо оюнун» аттуу балдар үчүн, «Мургаб кыргыздарынын ордо оюну», «Ыраң көл» аттуу китептеринин автору. «Мургаб кыргыздарынын маданияты», Майрамбек Тойчиевдин «Тажикистандын тарыхы» (6-класс) китептердин корректору. Ошондой эле Таипов Бекжол, Сапарбаев Айдарали, Тойчиев Майрамбек жана башка Мургаб району жөнүндө жазылган китептердин авторлору менен бирдикте иш алып барып, китептеринин чыгышына өз салымын кошуп көмөктөш болуп келген. Ал эми мектепте окуп жүргөн мезгилден эле баштап эл чыгармачылык жолду тандап, биринчи жолу “Мургаб коммунисти” гезитине “Жайкы таң” аттуу этюду чагылдырылган. Акыркы мезгилдерде “Ош жаңырыгы” жана “Ачык сөз” гезитеринде да макалалары чагылдырылып келген.

 

Ниязбеков Гожомберди Сарабекович “Илим жана Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин жана “Тажикистан Басма сөзүнүн 100 жылдыгы” медалынын ээси. Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борбору жана Кыргыз Республикасынын «Ордо оюну» федерациясы тарабынан берилген «Алтын томпой» алтын медалынын жана баалуу сыйлыктарынын ээси.

 

Агай бош убактыларында райондук коомдук иштерге активдүү катышуу менен, сүрөт тартуу, мүйүз иштетүү, ордо оюнунда жаштар- дын насаатчы агайы катары да белгилүү. Кыргыз элинин жыл сайын өтүлүүчү улуттук оюндары болгон «Ат чабыш» фестивалдарын жана «Ордо» оюндарынын иш-чараларын жетектеп келүүдө. 2015-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн “Бес тапан” ордо мелдешинде да анын шакирттери алтын, күмүш медалдарга ээ болушкан. Ниязбеков Гожомбеди агай Сары-кол жергесинин ардактуу ардагери, ошондой эле жалпы эле Мургаб районунун элине жерине бүгүнкү күндө да өз салымын кошуп келүүдө.


Үй- бүлөлүү, үч уулу, бир кызы бар. Агайга үй бүлөөлүк бакыт, чын ден соолук жана чыгамачылык ишине ийгилик каалайбыз!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены