ТР Мургаб районунда атасынын колунда чоңоюп, апасына 8 жылдан кийин жолуккан Кызжибек (сүрөт)

ТР Мургаб районунда атасынын колунда чоңоюп, апасына 8 жылдан кийин жолуккан Кызжибек (сүрөт)

Турмуш шартка байланыштуу башка чөйрөдө жетилип, сегиз жылдан кийин өз апасына жолуккан Кызжибек Сулайманова Чүйдүн Жайыл районунун 20 жаштагы тургуну. Анын жашоосу, өз апасы менен жолуккан алгачкы күндөрүндөгү эскерүүлөрү, Тажикстандагы кыргыз кыздарынын адептик өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү баяндамалары менен аймактык кабарчы таанышты.

 

Ал балалык, жаштык күндөрү жөнүндө мындайча сөз козгойт.

 

«Туулган жердин топурагы алтын эмеспи. Кайда жүрсөм да кичи мекеним Тажикстандын Мургаб районундагы Кара-Көл айылы көз алдымда. Биз 2 бир тууганбыз. Иним Сыймык учурда Москва районунун Беловодск айылында таякемдин үйүндө. Кесиптик билим алууга тиешелүү документтерин даярдоодо. Ал эми атам Тажикстанда. Апам Оштун Алайында. Мен төрөлгөн жеримди өзгөчө сагынам. Телефондон сүрөттөрдү көрүп, туулган жерге болгон арзуум артып келет. Ошондо окуучулук күндөрүм эске түшөт. Ооба, бизде кыздарга жоолуксуз жүрүүгө, көз айнек тагынууга, ашыкча боёнууга, шым кийүүгө тыюу салынган. Мектепте гана жылаңбаш жүрбөсөк, башка жайларда жоолук баштан түшпөйт. Мектепте кыргыз, орус, тажик тилдеринде окудум.


Сабактан соң жаштайымдан эле кол өнөрчүлүктү өздөштүрө баштадым. Куурчактарыма кийим тигип кийгизип, мончок, билерик, сөйкө жана башка жасап такчу элем. Бул кол өнөрчүлүк өнөр бара-бара калыптанып, сүйгөн кесибиме айланып кетерин анда билген, туйган да эмесмин. Тек гана көңүл каалоосу, жүрөк тандоосу менен жараткандын берген талантына, шык-жөндөмүнө таянып, түрдүү буюмдарды жасап жүрдүм. Бирөөлөр үйрөткөн деле жок. Башка буюмдардын жасалышын, тигилишин, бычылышын карап, аны үлгү катары колдонуу менен көчүрүү жолунда өздөштүрүп алгам. Мектепте окуп жүргөндө көп курбуларыма белекке да жасап бердим. Сабакка барам. Үйгө келем. Кадимкидей эле өз жаш өзгөчөлүгүмө жараша жумуштарды аткарам. Ошондой жаңы өмүр бүчүрү ачылып бара жаткан күндөрдө атам менен апам ажырашып, экөө турмуштун эки жолуна түштү. Мен анда жашоо, турмуш, ажырашуу жөнүндө түк түшүнүгүм жок эле. Көрсө, жөргөмүштүн желесиндей тордолгон турмуш татаал тура. Ажырашуу деген бири-бирин түшүнө албоо, мамиле келишпөө, мүнөздөрдүн төп келбей калышы окшойт. Балким, улуулар айткандай жылдыздары жанбай калуубу, айтор мен ушуларды эле түшүнүп жүрөм. Атабыз бизди өз эмгеги менен жетилтип, эл катарына кошту. Эч нерседен кем кылбай жетилтти. Апам Оштун Алайына кеткенден кийин биз көп убакытка чейин байланыша албай жүрдүк. Кийинчерээк телефондон сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Мектепти бүткөн соң, апамдын чакыруусу боюнча аны издеп Оштун Алайына бардым. Экөөбүз 8 жылдан кийин жүзмө-жүз көрүшүп, кучакташтык. Апам шолоктоп көпкө ыйлады. Кайра-кайра бетимден өөп, башыма чыны менен суу тегеретип, жолумду тазалап, өзүн коёрго жай таппай далбастады. Ырас, бул аракеттер, көз жаш сүйүнүчтүн, кубанычтын белгиси эле. Атамдын ал-акбалын, эл журттун амандыгын сурады. Акыркы күндөрү атам оорукчан болуп калган эле. Ошого басым жасап, кайра-кайра ден соолугун тактап жатты. Мен ал жерде көпкө тура алган жокмун. Апамдын ак батасын алып, ак жолугун салынып, Чүй тарапка сапар тарттым. Себеби, Москва, Жайыл райондорунда туугандарыбыз, таякелерибиз бар эле. Бул жерде жашоо бачкачараак экен. Көпчүлүгү өз эне тилин унутуп бара жаткандай. Бизде айрым жерлерде кыргыз мектеби жоктугунан тажик тилинде окуганыбыз менен кыргызча сүйлөгөндү жакшы көрөбүз. Ал жерде жашагандар кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына сыймыктанышат. "Манас" эпосу баш болгон китептерди, Ч.Айтматовдун, А.Осмоновдун чыгармаларын издеп окуйбуз», - деди ал.

 

Кызжибек Сулайманова өз кол өнөрчүлүгү, жеке жашоосу жөнүндө буларга токтолду.

 

«Тажикстандын Хорог шаарында да жашадык. Ал жерде кыргыз мектеп жок. Тажик тилинде окудум. Айылда кыргыз мектепте окуп жүргөндө орус тили сыяктуу эле тажик тилин да окутат эле. Ошондо алган билимим Хорог шаарында окуп жүргөндө өз пайдасын тийгизди. Азыр бул жакта ал тилде сүйлөбөйм деле.


Кара-Балта шаарында батирде турам. Бир тигүүчүлүк жайда эмгектенем. Али турмушка чыга элекмин. Бардык максатым билим алуу, кесипке ээ болуу жана кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү. Түрдүү буюмдарды жасайм. Бирок атайылып сатып көрө элекмин. Сатуунун жолдорун да билбейм. Айрымдар суранышат. Каалагандай жасап берип коём. Сүрөткө мен тагынып түшкөн кызыл-тазыл мончоктор, билерик, сөйкөлөрдү памирлик тажиктер "сивс" деп коюшат. Ал эми кыргызча аталышын билбейм. Аны салтанаттуу майрамдарда тагынышат. Кооз көрүнөт. Мен аны жумалап жасап бүтүрөм. Башка түрлөрү да толтура. Эрмегим эле кол өнөрчүлүк. Атам, апам жана туугандарым менен күндө телефондон сүйлөшүп турам. Жасап жаткан буюмдарымды сүрөткө тартып жөнөтөм», - деди Кызжибек.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены