Ван аймагындагы Памир кыргыздары Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Ван аймагындагы Памир кыргыздары Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Элчи Өмүралиев элдин жалпы абалын сурап, Улуу Памир айылында Covid-19 илдетине чалдыккандар жок экенине кубанганын билдирген.

 

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Ван аймагынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылынын башчысы Айтбай Эйюпхан жана Рахманкул хандын уулу Мухаммет Ариф Кутлу баштаган этникалык кыргыздар тобу менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

"Жолугушууда Айтбай Эйюпхан туура бир жыл мурда элчи Өмүралиевдин Ван аймагына болгон иш сапарын эске салды. Анын натыйжасында жергиликтүү бийлик этникалык кыргыздарга турак жай куруу жана айыл чарба муктаждыктары үчүн кошумча 270 гектар жер бѳлүп бергенин айтты. Аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн вандыктардын атынан ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

 

Өмүралиев элдин жалпы абалын сурап, Улуу Памир айылында Covid-19 илдетине чалдыккандар жок экенине кубангандыгын билдирген.

 

Маалымат үчүн билдирсек, 1978-жылы Рахманкул хандын демилгеси менен памирлик кыргыздардын бир бѳлүгү Афганистандан Түркияга көчүрүлүп келген. Кыргыздар биринчи Пакистанга көчүп келишкен, бирок жаӊы жердеги ысык аба ырайынан улам отурукташа алышкан эмес. 1983-жылы Түркия өкмѳтү Улуу Памир айылын негиздеп, Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясынын Эржиш районунан жер бѳлүп берген.

 

Учурда Улуу Памир айылында кыргыз тилин жана улуттук салттарын сактап келген үч миӊге жакын этникалык кыргыздар жашайт. Вандык кыргыздардын бир бөлүгү Стамбул шаарында, акыркы жылдары Анкаранын Чубук районунда жана Түркиянын борбордук аймактарында (миӊге жакын) отурукташкан.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены