Вандык кыргыздар: «Эң чоң тилегибиз - улут катары сакталып калуу»

Вандык кыргыздар: «Эң чоң тилегибиз - улут катары сакталып калуу»

Мекен! Топурагын басып, абасын жутуп жүргөндө анча кадырын билбейсиң. Башка жерде жашоого аргасыз болсоң бир ууч топурагына, абасына, жытына, ал тургай чымчыгынын сайраганына куса болосуң. Учурда Туркиянын Ван шаарында жашаган кыргыздар тууралуу изилдеп, баарлашып жатып кыргыз десе көздөрү чачыраган сүйүүнү сездим. Вандагы жашоо турмушту вандык кыргыз Мошал Гүвен, Абдулметин Кескин агалар баяндап беришти.

 

2Кыргыздын акыркы ханы Рахманкул

- Тарыхта белгилүү болгондой, Кыргыз жерине орустар кирип ээлик кыла баштаган учурда ханыбыз Жапаркул уулу Рахманкулду бийликке баш ийбегени үчүн орустар куугунтукка алышат. Аны кыргыздын акыркы ханы деп билсек болот. Өзүнө таандык адамдары менен Рахманкул хан Ооганстанга барып, Памирди жердеп калат. Ал жерден да жөн жашатпай өмүрүнө кол салуулар болуп: ал элин алып Кытайга ооптур. Бир канча убакыт турганда Кытайда революциялык кыймыл башталып калып, кайра Памирге кайтканга туура келет. Ал убакта Памир эч кимге таандык эмес жер болгон экен, кийин Ооганстанга тиешелүү болуп калган. Ошондон улам мамлекет ичинде мамлекет курган Рахманкул хан деген атка ээ болгон. 1978-жылы Ооганстанга да орус бийлигинин кулачы жетип, ханыбыз өзүн жөн койбошун билип жер которо турган болот. Рахманкул хан 5000ден ашуун кыргызга хандык кылып турган экен, аксакалдарды чогултуп: «Советтер Ооганстанга да кирип келе жатат. Мени куугунтуктап жүрүшөт, соо койбойт.

 

Мен үй-бүлөмдү алып кетишим керек. Силер да мени менен кетесиңерби? Ордуңарды суутпай калабыз десеңер. мен капа болбойм»,- деп акыл салат. Эл «сен биздин ханыбызсың, ушуга чейин элибизди, динибизди сактап келдиң: сени менен кетебиз. Сен кайда болсоң ошол жакта болобуз» дейт. Азыраак адам Памирде калып, көбү ээрчип Пакистанга өтүшөт. Ал 45-50 градус ысык жер. Кыргыздар болсо Памирдей суук жерге көнүп калышкан. Мен анда 8 жаштардагы бала элем. Чатырда жашап, ысыкта көп оорулар жугуп, эл өлө баштаган. Рахманкул хан «мындай болбойт: эл кырылып калчудай» деп Америкага жана Туркияга баш паанек сурап кат жолдойт. Эки жактан тең макул болгон кат келген. Бирок «Америкага барсак урпактарыбыз динди унутуп калышат, кыргыз деген улут тез жоголуп кетиши мүмкүн. Динибизден чет эмес жерге баралы» деп Туркияга баруу чечимин кабыл алган. Ошентип 1982-жылдын июль айларында Туркиядагы Ван аймагына көчүп келгенбиз.

 

3Вандагы жаңы жашоо

- Туркия мамлекети кандай жерге келгиңер келет десе «Памирдей тоолуу айыл чарбага, мал чарбачылыкка ыңгайлуу жер болсо» деген экен. Алгач бизге арналган үйлөр бүтө элек болгондуктан, башка бир жерге барып турук алып калдык, ал жерде мамлекетке тиешелүү үйлөр бар эле. Эки кабаттуу үйлөрдө өйдөкү жагына өзүбүз жашап; биринчи кабатына малдарыбызды киргизип жашап калдык. 1987-жылга чейин ошол жакта жашадык. Үй тиричилик буюмдары, табак-чыны, тамак-ашка чейин керектүүлөрдүн баары боюнча мамлекет жардам берген. Көнүшкөндө жумуш таап, үч жылдай өз чарбабызды жүргүзгөнчө көмөк көрсөтүшкөн. Мурун Алтын-Дере деген аталыштагы жер экен, кийин кыргыздарга таандык Улуу Памир дел аталган жер бөлүнүп, ушул күнгө чейин жашап келе жатабыз.

 

«Жаанбай, Ырысбайлар алмашып кетти»

- Биз Памирде жашаган учурдан баштап эле улутчулбуз. Ар дайым кыргыз деген улутту сактап калуу аракетинде болдук. Силерче айтканда, патриотпуз. Башка элдерди изилдесек, алар эрте эле аралашып кетиптир. 38 жыл болду бул жерге келгенибизге, анын ичинде 25 жыл бою башка улутка кыз берип, кыз албай, кыргыздарга бөтөн кан аралаштырбай жашадык. 25 жылдан соң биздин муун окугандан кийин башка улуттар менен таанышып, баш кошуп жатышты. Муун чокойгон сайын алаканыңа сыйбай калат экен. Учурда ысымдарыбыз да түркчө коюлуп жатат. Памирден келгенибизде Кутанбай, Жаанбай, Найманбай, Кесекбай, Ырысбай, Жумабай дегендей аттарыбыз бар эле. Кийин ысымдарыбызды которгонго туура келди. Себеби балдар мектепке барганда өзгөчө болуп, кыргыз ысымдарын жаңылыш угуп, жаңылыш айта бергенден улам керек болгон. Балдардын психикасы бузулбасын, мектепке барат, анан жогорку окуу жайына барат, кыйынчылык туудурбасын деген максат менен алмаштырылган. Кыргызча аттарыбыз коюлбай калды, коюлса да айылда гана колдонобуз, мектепке барганда расмий документке түркчө ысым жазылат. Көп учурда Манас жана Каныкей деген аттар коюлат. Эгерде Манас коюлса ал ысым алмаштырылбайт, расмий документте да ошол боюнча калат.

 

4Хандын куйөө баласы

- Атым Мошал Гүвен. 1972-жылы Памирде төрөлгөм. Түбүбүз Чоң-Алайдан болот. Чоң атам менен чоң энем 1917-жылы Алайдан Памирге кетишкен. Чоң энемдин атасы Ташбай Эмин деген киши болгон, аны «коммунист болбосоң мына» деп айылдын ортосунда өлтүрүп коюшкан дешет. Ошол себептен бала-чакасы качууга туура келиптир. 1917-жылдан 1978-жылга чейин Памирде жашадык. Чоң энем 1990-жылы Туркияда кайтыш болду. Учурда Апайдагы туугандарыбыз менен катташабыз, кабарлашып турабыз. Алты бир тууганбыз. Аялым Каныкей кадимки Рахманкул хандын кичүү кызы. Эки уулум бар, бири Кыргыз жеринде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуйт. Учурда Анкарада жашайм.

 

Тойлор

- Тойлордо кыргыздын салтынын баары болбосо да, көбү сакталат. Көк бөрү, бука тартыш, кыз куумай ар тойдо ойнолот. Жуучу барат, сөйкө салынат, сөйкө салынгандан кийин кыз алынды болуп саналат. Кудаларга кулдук урмай, калың бермей, сеп камдамай дегендердин баары сакталып калган.

 

5 8
6 7

 

«Элмирбек келсе деп аябай тиленчү элек»

- Тээ Памирде болгон учурубузда эле радиодон мекен тууралуу кабардар болуп турчубуз. Союз маалында анча көп алака болбоду. Эгемендикти алгандан кийин жакшы эле кабардарбыз. Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айтматовдорду билебиз. Эгемендикти алгандан берки президенттерди билебиз. Ырчылардан эстрада менен ырдагандарды көп билишпейт, бирок азыркыга чейин Улуу Памирде Токтогулдун, Калыктын, Барпынын ырларын тойлордо ырдайбыз. Айтышты жакшы көрөбүз, Эстебес, Тууганбай, Замирбек, Элмирбек, Жеңишбек бизде аябай популярдуу. Саламат Садыкова, Роза Аманова, айтор, комуз менен ырдагандарды жакшы көрөбүз. Элмирбекти вандык кыргыздар аябай жакшы көрүшчү. "Качан алып келесиңер?" деп сурай беришчү, жакында каза болгонун угуп аябай ичибиз ачышты. «Курманжан датка», «Саякбай» тасмалары Стамбулда жана Анкарада көрсөтүлгөндө Вандан бери келип көрүп кеткендер болду. Ханыбыз Рахманкулдун 1990-жылы көзү өтүп кетти, ошондо бизге керээз калтырган: «Элиңерди, тилиңерди. кыргыз экениңерди эч качан унутпагыла, сактагыла» деген эле. Колдон келишинче аткарып жатабыз.

 

Тамак – аштар

-Тамак-аштарыбыз кыргыздардыкына эле окшош, беш бармак, оромо, каттама жасалат. Кой союлуп, боорсок бышырылат. Булар көбүнчө тойлордо жасай турган тамактар. Күнүмдуккө түрк тамактары көбүрөөк колдонулат.

 

«Кыздарыбызды окутканга аракет кылабыз»

-Аял кишилерди өтө сыйлайбыз. Айылда тойлордо аялдарыбыз ар дайым улуттук кийимдерибизди киет. Чоң шаарга келген кыз-келиндер заманбап кийинишет. Учурда кыздарыбызды көп окутуп калдык. арасында дарыгер; мугалим, жактоочулар бар. Мурун кыздарды кудалашып гана беришчү эле: эми көңүлү жактырганына ата-энеси макулдугун берет.

 

9Абдулметин Кескин: «Кыргыз бийлигинен комуз жана тил үйрөтө турган мугалим сурайт элек»

Коронавирус эпидемиясынын айынан Кыргыз өлкөсү оор абалда калды дел вандык кыргыздар жардам катары акча чогулта башташкан. Абдулметин мырза Стамбул мэриясында иштейт, көп нерседен кабардар билимдүү адам. Ал вандык кыргыздар тууралуу кенен баяндап берди.

 

-Абдулметин мырза, амансызбы?

-Аманчылык, сиздер менен байланышып жатканыбызга кубанычтабыз.

 

-Вандык кыргыздардын учурда саны канча, эмне иш менен алек болушат?

-Алгач келгенибизде кыйынчылыктар болду: жер башка; суу башка дегендей. Памирде ат такалап, чарбачылык кылган иштер Түркияда актуалдуу эмес экен. Ата-энелерибиз эмне иш кыларын билишпей, жаңы турмушка көнө албай бир аз кыйналышкан. Азыр айылда түркчө сүйлөшөт, кээде жашы өтүп калгандар кыргызча сүйлөп жатам деп ойлоп алышат, бирок түркчө сүйлөп жаткан болот (күлүп). Шүгүр. азыр кыйналып жашаган кыргыз жокко эсе, мамлекет тарабынан жакшы кам көрүлгөн. Учурда үч жарым миңдей кыргыз бар. Келгенде 1150 кыргыз келгенбиз. Айылда талаа иштери, чарбачылык кылышат билим алып, мамлекеттин мыкты мекемелеринде иштеген кыргыздар бар. Түрдүү кесиптин ээлери бар. Улуу Памирде, Анкарада, Стамбулда жашашат.

 

-Байкашымча, кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экенсиз, жаштар да сиздей таза сүйлөшөбү?

-Жаштар биздей сүйлөй алышпайт. 15 жаштан кичинелер кыргызча билишпейт. Ата-энесинен үйрөнгөн боюнча эле азыраак билиши мүмкүн. Бала бакчага, мектепке барып түркчө окушкандыктан, ушундай болуп калды. Бирок элдик оозеки чыгармалар бизде сакталып калган. Табышмак, ыр, эпосторду жаттатканга аракет кылабыз.

 

-Уруу-уруу болуп бөлүнүп жашайсыздарбы? Мисалы, бир уруу башчысына баш ийип дегендей...

-Мен билгенден 13-14 уруу бар. Бирок бөлүнүү жок, бул жөн эле санжыраны. ата-баланы билүү үчүн колдонулат. Баш ийүү боюнча айтсам, урууда сөзүн сыйлаган бир аксакал болот. Алар азыраак масштабдагы чыр-чатакты чечип коюшат. Бирок расмий мыйзамдарга баш ийип жашайбыз.

 

-Кыргыз жеринен сиздерге эмне жардам болсо деп ойлойсуз?

-Тилибизди сактап калуу үчүн бизге кыргыз тил мугалими керек. Жаштардын кыргыз тилин билүүсүн каалайбыз. Анан комуз үйрөтө турган мугалим болсо деп тилек кылып жүрөбүз, мурун бар эле, бирок кетип калган. «Кыргыз элинен үч мугалим алып келсек, үйүн, маянасын коюл берсеңер» деп Түркия бийлигине сунуш менен кайрылганбыз. Үч-төрт жылдан бери чечиле элек. Бирок токтоп калбай, дагы деле айтып жатабыз. Ал маянаны өзүбүз төлөп деле алып келгенге макул болчубуз, бирок расмий бийликтен уруксат берилиши керек.

 

-Коронавирус илдетине байланыштуу оор кырдаалда жардамга кол сундуңуздар, кубандык. Кыргыз элинин атынан рахмат айтам.

-Кыргызстаныбыз аман болсун, ушундай дүйнө жүзүн каптаган оорудан тез арада чыгып кетсин. Акча аз топтолобу, көп топтолобу, кеңүлүбүздөн чыгарып берип жатабыз. Жаш балдардын акчаларын алып келишкени мени кубандырды, толкундатты. Кыргыз жерин көрбөгөн балдар мекенине салымын кошуп жатышат. Жүрөк баары бир мекен деп согот экен. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болсок да кыргыз дейбиз. Мен Кыргыз жерине көп барам. Көчмөндөр оюндарында да Түркиянын ажосу Режеп Тайип Эрдоган менен баргам. Насип болсо, дагы барам.

 

-Түркиянын «Тирилген Эртугрул» тарыхый сериалында кыргыздардын улуттук жабдыктары колдонулуптур, аябай сыймыктандык.

-Бул сериалды тарткан адамдар менен Кыргыз жерине барууну максат кылгам. Кыргызстаныбызды көрсөтүп келсем, чоң режиссёрлор менен тааныштырсам деп ойлойм. Бирок пандемия башталып кетип, бул план артка жылып калды. Ооба, бул тасмага биздин ат жабдыктар, боз үйлөр. жасалгалар көп колдонулду. Кыргыз жигиттери да катышты. Кыргыз жеринен келген боз үйлөрдү бизден адамдар барып куруп беришкен.

 

-Өзүңүз тууралуу айтып кетсеңиз.

-Стамбул мэриясында иштейм. 45 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн, эки кыз, бир балам бар. Стамбул шаарында жашайбыз.

 

-Сиздерге чоң рахмат. Алаканы үзбөй, эки жакта тең аман бололу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены