Этникалык кыргыздар

Бакпур-Ата:  Баралбас жердин мазары

Бакпур-Ата: Баралбас жердин мазары

Кыргыздын жерлери кадам сайын дабалуу булак, ыйык мазар. Геосаясатка байланыштуу мындай жайлардын айрымдарына эл каалагандай, эркин каттай албай калган. Кытайдын батышындагы Манаска байланышкан жайларга Кытайдын башка жагында жашаган кыргыздар атайын уруксатсыз каттай албайт. Себеби Кыргызстан менен чек араны бойлой кеткен 100 чакырымдык тилке коопсуздук зонасы деп саналат. Мургаб шаарчасынан жолго чыктык. Чыгышты көздөй бир сааттай жүрүп,…

Тянь-Шань менен Памирди аралаган темир жолдун келечеги барбы?

Тянь-Шань менен Памирди аралаган темир жолдун келечеги барбы?

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке расмий сапарынын жүрүшүндө бир катар макулдашуулар менен катар Россия менен Казакстанды, Кыргызстанды аралап, Тажикстан аркылуу Афганистанга, андан ары Перси булуңуна чыга турган темир жолу куруу жөнүндө чечимге кол коюлду. Бул чечим ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте болгон бейформал саммитинде президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен каралып талкууланды. ЖККУнун лидерлери бул жолдун техникалык-экономикалык негиздери иштелип чыксын…

Эки дос 50 жылдан соң табышты  (видео)

Эки дос 50 жылдан соң табышты (видео)

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң минтип табышып, катышып кеткендер көп. Гезитибиздин өткөн сандарындагы «Издейм сени» рубрикабызга «памирлик Азис Сейитбеков аттуу теңтушумду издейм» деп Жумакадыр Ордобаев аттуу 82 жаштагы аксакал кат жазган эле. Аксакалдын тилеги ишке ашып, гезитибиз аркылуу 50 жылдан бери жолуга элек теңтушун таап, экөө жолугушуптур. Анан биздин эмгек…

Барбарос жетим  (видео)

Барбарос жетим (видео)

Оомал-төкмөл замандарда ата-энеси Кытайда калган Байыт Ооганстандын Памириндеги туугандарынын колунда өсөт. Жетимдиктин азабын далай тартып, жаштайынан ырдап жан багат. 1978-жылы ооган кыргыздары Пакистанга качканда кошо качып, азыр Түркиядагы Улуу Памир айылында жашайт. Ырларын көптөгөн окмуштуулар, анын ичинде Сулайман Кайыпов жаздырып алган. Түрктөр анын атын паспортуна Абдылвахид Барбарос деп жаздырышат. Барбарос паша 15-кылымда туулган, теги грек, осмон түрктөрүнүн…

Мургабдан көчүп келгендердин муң-зары

Мургабдан көчүп келгендердин муң-зары

Алардын айтымында, өкмөт бул маселе чечилерин убада кылганы менен эч кандай өзгөрүү жок. Ал эми өкмөт өкүлдөрү болсо быйыл августта алар жер менен камсыз болорун жана жарандык алган этникалык кыргыздарга материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирүүдө. Камалдин Сатыбалдиев Тажикстандын Мургаб районунан үй-бүлөсү менен 2010-жылы көчүп келген. Киндик каны тамган жердин катаал жаратылыш шартынан кыйналган жана балдарынын келечегин Кыргызстандан көргөн бул…

Ооган кыргыздары Мургабта

Ооган кыргыздары Мургабта

2013 жылы январдын 26, Оогандык кыргыздардан телефон аркылу кабар келди. Эки эркек, 4 аял ар кандай оорулар менен Тажикистандагы Тоолу Бадахшан Автономдук Облусунун Мургабтагы бейтапканасына жаткырылган. "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун кызматкерлери алар менен жолугуп, алардын ал акыбалынан кабар алып, маек куруп келди. Оогандан келген кыргыздар: Тилепалды уулу Туратбек, 1975 жылы Ооганстан Кичи Памиринде туулган. Төрт уул, 1 кыздын атасы, 2…

Страница 111 из 128