Сары-Кол айымдары «Жер Эне - Матери Мира» аттуу эл аралык биринчи форумунда (сүрөт)

2025- жылдын май айынын 5-8 күндөрү Бишкек шаарында «Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолунун алкагында «Жер Эне- Матери Мира» аттуу эл аралык аялдардын биринчи форуму болуп өттү. Мунун максаты - дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотууда энелердин ролун көтөрүү, улутубуздун баалуулуктары болгон каада салтын, үрп адатын, кийген кийимин , жасаган тамак ашын, кол өнөрчүлүгүн элдин калың катмарына, чет өлкөлүктөргө жайылтуу эле.


Күнсулуу коомдук бирикмесинен биз Сары-Колдук айымдар да ушул чоң иш чарага катышып, өзүбүздүн ата бабадан келе жаткан каада салтыбызды, үрп адатыбызды, кол өнөрчүлүгүбүзду, тамак аштын түрлөрүн көрсөттүк.


Бул аракетибиз жалпы Сары-Кол элине кылган кызматыбыз болуп саналат. Бул иш чарада бизди коомдук ишмер, тилчи, журналист, этнограф Суусар Токтоматова жетектеп барды.


Бул форумдун негиздөөчүсү- кыргыздын мыкты кызы, өз элинин чыныгы патриоту, этнограф, жазуучу, драматург, кинорежиссер, илимпоз, профессор Назира Жуман Чаа.