БАШЫ... Кыргыз-тажик чек арасын өтүп, Тажикстанга киргенден кийин кыргыздардын Кара-Көл айылына туш келесиз. Кара-көлдүк ишкер айым Айзаданын ашканасына башбагалы. Кыргыз-тажик чек арасынан өткөндөн кийин жарым саат да жүргөн жок окшойбуз, алыстан мунарыктап, көлдүн көгүш кылаасы көзгө урунду. Чатыры жок, акиташ менен акталган төрт бурчтук үйлөр кертилген канттай болуп, көл боюнда чачылып жатты. Чаң баскан айылдын көчөлөрүнөн үрүп чыккан…