Акын Ө.Бердибаев КР Улуттук жазуучулар союзуна кабыл алынды (сүрөт)

Жердешибиз Өскөнбай Бердибаев Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзуна кабыл алынды.


Автордун алты китеби жарыкка чыккан жана "Кут Билим", "Тил жана Маданият" "Эркин тоо" жана башка гезиттерге Мургаптык кыргыздар жөнүндө көптөгөн материалдары жарыяланган.


Жердешибиз 2024-жылы Кыргызпатент тарабынан уюштурулган "Жети жаш автор"адабий конкурстун жеңүүчүсү деп табылган.


Өскөнбай Бердибаевке чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Калемиң Сары-Кол эли жөнүндө асыл сөздөрдү жаза берсин деп тилек айтабыз.

 

akyn-berdibaev-kr-uluttuk-zhazuuchular-soiuzunun-m-ch-s-bolup-kabyl-alyndy 1 akyn-berdibaev-kr-uluttuk-zhazuuchular-soiuzunun-m-ch-s-bolup-kabyl-alyndy 2
akyn-berdibaev-kr-uluttuk-zhazuuchular-soiuzunun-m-ch-s-bolup-kabyl-alyndy 3 akyn-berdibaev-kr-uluttuk-zhazuuchular-soiuzunun-m-ch-s-bolup-kabyl-alyndy 4