Кыргыз элдик ырларын түрлөргө бөлүүдө биз эки негизге таянабыз. Бири, Кыргызстан жана Жуңголук адабиятчылар жазган кыргыз эл ооз адабияты жөнүндөгү жалпы баяндар менен кыргыз адабият тарыхтарында колдонулган ыкма; экинчиси, «Жуңго жөө жомоктору, элдик ырлары, макал – ылакаптары» деп аталган үч жыйнакты түзүүдө колдонулган түргө бөлүү ыкмасы. Биринчи ыкма жалпылык мүнөзгө ээ болуп, бир канча мүнөздөш түрлөр бир теманын ичине жыйылган…