Карт тарыхтын кордугун көрүп, далай азабын тартса да чөкпөгөн, чачылып-тозуп, чайпалса да бөксөрбөгөн, түгөнүп баратканда чыйралып, кайра түтөгөн кыргыз урпагы кылымдарды карытып, бүгүнкү доорго чейин жетти. Артта калган катаал доордун "ач бел, куу жонунда" нечендеген улуттардын "сайда саны, кумда изи калбай" житип жоголгонуна күбөбүз. Биз алардын катарында кирип, дайын-дарексиз калбагандыгыбыз үчүн Жаратканга миң ирет тообо келтирип, ыраазылык билдиришибиз керек. Албетте,…