Тажикстандын Мургаб районунда келерки жылы кайрадан ат чабыш фестивалы уюштурулат. Бишкектеги "Кыргыз аты" корунан кабарлашкандай, Мургаб райондук акимият колдогон иш-чарада адаттагыдай эле салттуу ат оюндары, аламан байге, айтыш, концерт, көргөзмөлөр болот жана боз үй шаарчасы тургузулат. "Кыргыз аты" корунун жетекчиси Жаклин Рипар "Азаттыкка" буларды билдирди: - Мургабдыктар менден келерки жылы да фестивал болобу деп сурашты. Кийин райондун акимине…