Учурдун эң маанилүү маселелеринин бири этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу болуп саналат. Аларга жарандык алууда, эмгекке орноштуруу, турак-жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөкпул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын санын тактоо керек. Бул тууралуу вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-февралда Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынында билдирди. Андан тышкары вице-премьер-министр миграциялык саясаттын тез арада чечүүнү…