Жыйырма жылдай мурда Кызыл-Кыя шаарына Тажикстандын Мургабынан көчүп келген этникалык кыргыздардын абалы колдоого муктаж болуп турат. Антпесе жарандыгы же каттосу жок болгондуктан жумушка орношо албай же мамлекеттик колдоолорду алалбай кыйналып турушат. Абалдын оорлугунан четтен келген Кызыл-Кыя шаарындагы этникалык кыргыздар өлкө башчысына тартып Жогорку Кеңешке дегеле колу жеткен жердин баарына арызданып, маселе чечиле бербегенинен “Сары Кол” биримесин түзүп уюм атынан…